Кен казуу боюнча 222 лицензия жокко чыгарылды

Бирок бул Кыргызстанда кен казуу боюнча лицензиялардын дээрлик бир тобун жокко чыгарып, экономиканы көтөрүүдө экологиялык багыттарга бет алдык дегенди түшүндүрбөйт. Учурда жеке тараптарда, мамлекеттик органдар менен ишканаларда 2440 лицензия бар. Бул көрсөткүч алакандай Кыргызстан үчүн көптүк кылбайбы? Ушул кезде жер-жерлерде жергиликтүү элге маалым болбогон айрым өзүн чет элдик инвестор эсептеген тараптар тоо койнуларында чалгындоо же алтын казуу иштерин кылып жатканы боюнча жеке тартылган тасмалар аркылуу кайрылгандар кебөйүүдө. Демек, берилген лицензиялардын көпчүлүгү мамлекеттин казынасын толтурууда ар кандай жолдор менен келип түшпөгөн шарттарда болушу мүмкүн. Маалыматка ылайык учурда жеке тараптар менен мамлекеттик органдарда 2440 лицензия бар. Алардын көпчүлүгү руда эмес кендерди казуу жана чалгындоо үчүн берилген.

Ал эми 2019-жылдын жарым жылдыгында атайын комиссия 203 уруксат кагазынын ишмердүүлүгүн токтотуп, 222син жокко чыгарган.

Ошондой эле 2019-жылдын жети айында кен казуу, энергетика, өнөр жай тармактарынан өлкө казынасына 445,5 миллион сом түшкөнү айтылууда. Комитет бул көрсөткүчтү жыл соңуна чейин 1 миллиард сомго жеткирүүнү пландоодо. Ал үчүн комитет бир катар кендерди казуу, чалгындоого сынактарды жарыялап, аукционго коёт.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *