Кенекеев кенедей жабышып…

Өкмөттүн Талас областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, мурунку тил менен айтканда губернатору болуп эмгектенет. Жөн эле шыбай бергендик болбосун, факты келтирели. Бул орунга жеткенче орун басар болуп олтурган кезинде губернатор болуунун айласын издеп Ак үйдө чуркап жүргөнүн жазсак, «Де-факто» гезити тактабай эле жазып коюшуптур, менин губернатор болоюн деген оюм жок» деп маек берип актанып чыккан. Анан эле арадан бир ай убакыт өтүп- өтпөй губернатор болуп чыга келди, баягы так секирип жаткан немебиз. Оюнда жок эмени ойготуп алдыкпы деп биз күмөнбүз. Анысы мейли дейли. Жанын жеп жатып губернатор болуп тынды. Эми болсо олтурат бар-жогу билинбей, иштеген ишинин изи жок. Бир билгенибиз, баягы эски оору бул жаңычыл жигитке да жугуп, тааныштарын кызматка орноштуруу менен алектенип атыптыр. Кезинде Маммүлктү мойсоп, анан Таласка «сүргүнгө» айдалып  кеткен Кенекеев бакандай областты курутпаса болду.

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *