Кеңешбек Дүйшөбаев, коомдук ишмер: “Бул иш азыркы бийликтин колунан келбейт”

– Кеңешбек мырза, президент Панфилов районунда эл менен жолугушуу учурунда “Бир ууч топтун кызыкчылыгына каршы турушум мүмкүн бирок, элимдин кызыкчылыгына каршы чыга албайм” – деди. Ал бул сөзү менен эмнени айтты?

– Президент Жээнбеков бул сөздү бүгүн эле айтып жаткан жок. Дээрлик 2 жылдан бери эле айтып келе жатат. Бирок бул сапар бул сөзү менен дагы бир жолу Алмазбек Атамбаев менен такыр ажырашканын билдирди.

– Курманбек Бакиевдин 70 жылдыгынын урматына айрым телеканалдар аны
даңктаган тасма көрсөтүп, коомчулуктун сынына кабылышты. Ал турсун ал тасманы мамлекетке чыккынчылык кылуу менен барабар дегендер да чыкты. Бакиевди даңктаган тасманы кандай максат менен көрсөтүштү?

– Курманбек Бакиевди мактап, анын жасаган иштерин даңктап, элдин, коомчулуктун алдында аны актоого болгон аракет деп эсептейм. 2010-жылы апрелде төгүлгөн кан, атылган жигиттер, шейит кеткен баатырлардын курмандыгын, элдин башына түшкөн кыйын замандын негизги күнөөкөрү ким экенин эл да, тарых да эч качан унутпайт.

– Жээнбеков эки жылдан бери Атамбаев менен алышып жатып убактысын текке кетирип алган жокпу?

– Тилекке каршы ушундай деп да айтса да болот. Бирок дагы убакыт бар, көп нерсени ыкчам, эффективдүү жасаганга.

– Атамбаевдин кол тийбестигин алып каматууга чамынган парламент тараш керек дегендер чыга баштады. Атамбаевди каматууга духу жетпеген бийлик бул сапар парламентти таркатып жибербейби?

– Менин оюмча, азыркы шартта парламенттин эмес, өкмөттүн иши көйгөйлүү. Ошондуктан парламент өзүнүн мөөнөтүнүн аягына чейин иштеп, биз жакынкы айларда өкмөттүн таркатылышына күбө болобуз.

– Өмүрбек Текебаевдин эркиндикке чыгышы бийлик үчүн кооптуубу?

– Текебаев азыркы бийликке кооптуу болбосо ал эчак эле эркиндикке чыкмак. Ошон үчүн кармалып жатат.

– Тоо-кен тармагындагы өөрчүп кеткен коррупцияны кантип токтотсок болот? 

– “Кумтөрдүн” маселеси элдин, мамлекеттин пайдасына, улуттук кызыкчылыкка карата туура чечилсе, күнөөлүүлөр жоопко тартылса, көп нерсе дароо ордуна келет эле. Бирок бул иш азыркы бийликтин колунан келбейт. Оркоюп көрүнүп турган маселелерди чечүүдө жоопкерсиздик, башаламандык болуп, элементардуу тартипти орното албай жатышат. Өз кызыкчылыктарын алдыга койгон, жоопкерчиликти ала албаган, кесипкөйлүгү төмөн, алдыны көрө албаган өкмөт мүчөлөрү тоо-кен тармагындагы коррупцияны эч качан токтото албайт.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *