Кенжебек Бокоев, депутат: Күнөөлүлөр жазасын алмайынча бизде калыстык болбойт

– Кенжебек Сатымкулович, акыркы убактарда чуулгандуу иштердин көбү ачылбай калып кеткени боюнча күйүп-бышып айттыңыз. Мисалы, кайсы иштер?

– Бешинчи чакырылышта резонанстуу иштер боюнча, анын ичинде Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы боюнча ондогон парламенггик комиссиялар түзүлгөн. Бирок, ал иш аягына чыккан жок. Билесиңер, ал дирекцияга президенттин ошол кездеги аппарат жетекчиси, кийин премьер-министр болгон Жантөрө Сатыбалдиев жетекчилик кылган. Ошол иш жабылып, ачылбай калды. Текшерүү боюнча Жогорку Кеңештин токтому чыккан, бирок, эсеп палатасы текшере албай койду. Биз, депутаттар канча кыйкырсак да айтылып-айтылып калып калды. Андан кийинки резонанстуу иш – Ататүрк паркында жалаң особняктар салынган. «Жалаң чоңдор алыптыр, ушул иш ушул бойдон калып калабы?» деп элдин баары байма-бай суроо берет. Ал жер мыйзамсыз берилген, кылмыш иши козголгон. Бирок, камалган киши жок, жооп берген киши жок, же түрттүрүлгөн үйлөрдү көргөн жокпуз. Же болбосо Батукаевдин VIP-зона менен чыгып кетиши. Атайын самолет келип күтүп турган. «Баары сүйлөшүлгөн, көп акча берилген» деген ушак-айыңдар жүрдү, парламенттик комиссия түзүлдү. Жогорку Кеңештин токтому чыккан. Бирок, жооп берген киши жок. Качып кеткен киши болсо оорубай эле, өлбөй эле дагы эле «каралардын» лидери болуп жүрөт. Ошол эле паспорт иши боюнча дагы эле аягына чыга элекпиз. Миңдеген кытай жараны Кыргызстанда жашоого укук алып алган. «Беш миң доллардан берип, паспорт алышкан» деген оперативдик маалыматтар бар. Же алар депортация болбойт, же аларга паспорт бергендер камалбайт. Жетекчилердин бирөө жоопко тартыла элек. Жасалма дипломдор, жасалма айдоочулук күбөлүктөр… Ал эмес Ооганстанда болгон деген жасалма күбөлүк, аскер билетин жасап алышып, жеңилдиктерден пайдаланып жүрүшкөн. Акыркы убакта комиссия түзүлүп, эки жылдан бери иштеп атат. Эки жүзгө жакын факты аныкталды. Аскер комиссариаттарынын, коргоо министрлигинин жоопкерчилигин талкуулап жатабыз. Ушундай чоң коррупциялык схемалардын  бети ачылмайын «коррупция жоюлду» деп айтылбайт. Ал эми бир мугалимди, же врачты, МАИчини миң сом менен кармап алган – ал коррупция эмес, жөн эле паракор. Коррупция бир нече схемалардын негизинде, бир нече мамлекеттик кызматтардын катышуусунда ишке ашат. Мисалы, паспорт ишине соцфонд аралашкан, ГРС аралашкан. Кытайларга жашоого укук берүү боюнча ГРС менен ТИМ аралашкан.

Эми агропродкорпорация боюнча 400 млн. сом таптакыр желип кеткен. Мамлекет айылдардагы дыйкандардын продукциясын сатып алып (мурунку заготконтора сыяктуу), ошолорго кызмат кылгыла деп акча бөлүп берген. Анын да аягы жок мынакей. Жооп берген бир жетекчиси жок. Ушуну менен эле жок болуп кетеби? Күнөөлүүлөр жазасын алмайынча бизде калыстык болбойт.

– Мунун эки себеби болушу мүмкүн: же укук коргоо органдары начар иштеп атат, же күчтүү бир кишилер жолтоо болуп жатышат. Сиздин оюңузча кайсынысы?

– Күчтүү кишилер «ушуну тим эле кой» деп «крышевать» этип аткан болушу деле мүмкүн. Бешинчи чакырылышта билесиңер, президенттин аппарат жетекчисин жоопко тарта албай койгонбуз. Бирок, азыр ал түрмөдө отурат, бирок, башка иш – ТЭЦ боюнча. Экинчиси – акча. Көп акча менен кылмыш иши козголгондон кийин да жабылып атат. Кыскартылып кетүүдө. Же «долгий ящикке» салып коёт. Сурасаң «таппай жатабыз, мөөнөтү өтүп кетиптир» дещет…

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *