Кенжебек Бокоев, «РАЖ» фракциясынан ЖК депутаты: «Импорт буудайга НДСти алып салуу тегирменчилердин лобби мыйзамы болгон»

-Кенжебек Сатымкулович, импорттолгон буудайга НДС салыгын кайра киргизүү демилгеңизди негиздеп берсеңиз?

– Бул мыйзам долбоору 2016-жылдын январь айында өкмөт тарабынан киргизилип, импорттолгон буудайга НДС алынып салынган. Мен ошондо «туура эмес» деп каршы чыккам. Анткени, «650 миң сом бюджетке түшпөй калат» деп өкмөт ошол убакта аныктаган. Экинчиден, «биздин буудай өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында НДСти албаш керек» дегем. Жылына Казакстандан бизге 400 миң тоннадан буудай келсе, биздин дыйкандар 800 миң, 1 млн. тоннага чейин буудай өндүрөт. Сырттан арзан буудай келе берсе, биздин тегирменчилер өзүбүздүн дыйкандардын буудайын албайт. Эки-үч жылдан кийин дыйкандар буудай айдаганды таптакыр токтотуп коёт. Мына, 2016-жылдын кышы менен 2017-жылдын жазында арпанын баасы буудайдан кымбат болуп кетти. Эмне үчүн? Анткени, тегирменчилердин баары Казакстандын арзан буудайын алып атат. Эгер биз өзүбүздүн жергиликтүү буудай өндүрүүчүлөрдү жоготсок, анда азык-түлүк коопсуздугунда проблема пайда болот. Төрага «мен тегирменчи-эксперт катары оюмду айтам» деп мага каршы сүйлөбөдүбү? «Бул тегирменчилердин лобби мыйзамы болгон» деп түз айтсам, ошого чычалап атышат.

– Бирок, лобби болгону чын да?

– Ага эл өзү баа берет. Эмне үчүн чай, май сыяктуу жүздөгөн башка товарларга НДСти алып салбайт да, бир эле буудайга алып салат? Биздин мыктыларыбыз парламентте отурганы үчүнбү?

– «Бул премьер-министр менен спикердин ортосундагы тирештен улам чыккан маселе» деген пикирге сиз кошуласызбы?

– Мен демилгелеген мыйзам эми зорго күн тартибине кирди, бут тосуулар менен. Ал эми премьер менен спикердин ортосундагы маселе болсо, ал өзүлөрүнүн иши. Анткени, өкмөт да өзүнүн мурдагы катасын билип, эми НДСти кайра киргизүүнү сунуштап атат.

– Бая күнү комитетте «Судьялардын статусу» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланганда, сиз «Жогорку соттун судьялыгына талапкер беш жылдык стажга ээ болууга тийиш» деген норманы кайра киргизүүнү сунуштадыңыз. Эмне себептен?

– Кечээ Феруза Жамашева да айтты, «ошол норманы сиздер туура эмес алып салгансыздар» дегендей… Көп мамлекеттерде Жогорку соттун судьясы болуш үчүн он жылдык стаж керек экен. Ошон үчүн мен «жок дегенде беш жылдык стажды кайра киргизиш керек» дедим. Анткени, ал бир-эки адамды өткөзүш үчүн киргизилген лобби мыйзам болгон. Мен сот жагынан профессионал эмесмин. Бирок, жергиликтүү сотто иштеп, тажрыйбасы болбой туруп Жогорку сотто эң акыркы чечимди чыгаруу опурталдуураак го. Ошондуктан,жергиликтүү соттордо беш жылдык стажы керек. Бул менин жеке пикирим, мен ушундай позицияда турам.

– Бир жыл окутканга кандай карайсыз?

– Бир жыл эмес, керек болсо эки жыл окутуш керек да. Анткени, келечекте окууну бүткөн эле киши сот боло албашы шарт. Бүгүн ОРТ тапшыра албагандар жогорку окуу жайына кире албай жатпайбы. Ошондой болуп, белгилүү баллды алгандар гана резервге кириши зарыл.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *