Видео – Кенжебек Бокоев, ЖКнын депутаты: “Шайлоонун шаңы ыпылас жолдор менен жүрүп жатат”

Бүгүн, 13-февраль күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо боло турган шаарларда массалык түрдө элди алып келип, каттоодон өткөрүп жатканын айтып чыкты.

“Шайлоо өтө турган шаарларга айылдан он миңдеп адамдарды алып келип, каттоодон өткөзүп жатышыптыр. Шайлоонун шаңы ыпылас жолдор менен жүрүп жатат. Мына ушуларды токтотуш керек. Бул маселе боюнча борбордук шайлоо комитетин чакыралы” – деп билдирди депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *