Кимдин кимдин заманы… Шавкат Мирзиёевдин заманы

Өзбекстанды чейрек кылым катуу чеңгелде кармап, былк эттирбей башкарган Ислам Каримов дүйнө салышы менен Борбор Азиянын эң көп калктуу жана ири бул өлкөсүнүн коомдук-саясий турмушунда, тутунган багытында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгү айтыла баштаган. Бирок соңку окуялар бул кошуна өлкө саясатында өтө деле олуттуу өзгөрүү болбостугун айгинеледи.

Өткөн апта соңунда өзбек элитасы премьер-министр Шавкат Мирзиёевге “эки тизгин бир чылбырды” карматып, утурумдук президенттикти – мамлекет башчынын милдетин аткарууну жүктөдү. Бул Конституцияга каршы келген жагдайда ишке ашты. Ислам Каримов көзү өтөрдөн аз жыл мурда Баш мыйзамга өзү демилгелеп киргизген өзгөртүүгө жараша өлкө башчысыз калган учурда бул милдет парламент Сенатынын төрагасына тагылышы керек эле. Башкача айтканда Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышы Өзбекстан Конституциясынын 96-беренесине каршы. Ал берене боюнча үч ай ичинде президенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин президенттин милдетин Сенаттын төрагасы аткарып турушу шарт. Бирок төрага Нигматулла Юлдашев мыйзам талап кылган милдеттен баш тартып, бул кызматка “жетекчилик тажрыйбасы бай” Шавкат Мирзиёевди сунуштап жиберди.

Ошентип саясий жараяндар дамамат көмүскө жүрүп келген бу өлкөдө жетекчи тандоо чынында кандай шарт-жагдайда, кандай ыкмада ишке ашканы күбүң-шыбың кептер менен гана чектелип, бул маселени атайын кызматтын башчысы, өзбек бийлигиндеги эң таасирдүү киши саналган Рустам Иноятов менен Шавкат Мирзиёев экөөлөп эле чечип койгону божомолдонууда. Албетте, өзбек коому жабык, биздегидей “а” дегенде эле ачыкка чыгып, маалымат каражаттары жабыла жазып кирчү жагдай жок. Баары жик чыгарылбай жасалат. Деген менен кээ бир өзбек саясатчылары (албетте сыртта бозгунда жүргөндөрү) бул жорукту конституциялык төңкөрүшкө тете иш катары баалап жиберишти. Бирок өлкө ичинде алардын минтип чырылдаганын угуп, ага көңүл койчу деле киши жок.

Кандай болгон күндө да Мирзиёeвди мамлекет башчылыкка убактылуу дайындоо чечими 4-декабрга белгиленген президенттик шайлоонун да жыйынтыгын аныктап койгондой болду. Борбор Азия өлкөлөрүндө бийлик кимдин колунда болсо кандай шайлоо болсо да жеңиш ошонуку болуп келгени “ташка тамга баскандай” тарыхый факт эмеспи.

Баш мыйзамды одоно бузуу менен де-факто тактыга отурган Шавкат Мирзиёев 2003-жылдан бери өзбек өкмөтүн башкарып келатат. Өлкө эгемендик алгандан бери өкмөттү эң узак башкарган адам. Демек маркум Ислам Каримовдун тилин таап, анын эң жакын кишисине айлануу менен далай иштерди бажарып келген. Андыктан Өзбекстан эми даана “устаттан шакирт өткөн” заманга кабылчудай. Анын үстүнө өзбек коомунда бул кишинин Каримовдон да катаалдыгы, чорт кыялдыгы, беттегенин бербегенин көк беттиги, а түгүл кызыл камчылыгы тууралуу сөз көп. Өзбек элитасындагылар анын интеллектуалдык жөндөм-деңгээлин өтө деле бийик деп баалабайт. Бирок албетте бул анын президент болушуна тоскоолдук кылбайт. Бу киши бир кезде Жизак облусун жетектеп турганда жашоо кыйындап кеткенине арыз-арманын айтып келген бир дыйканды эл көзүнчө эле сабап салганы эл оозунда азырга чейин айтылып жүрөт

58 жаштагы Шавкат Мирзиёевдун кесиби — айыл чарба инженери. Каримовдун кичи мекени Самаркандга чектеш Жизак облусунда дарыгердин бүлөсүндө туулган. Айыл чарба институтун аяктаган соң комсомолдун жергиликтүү бөлүмүндөгү лидерлик менен карьерасын баштаган. Андан кийин кызматтан кызматка секирип отуруп, өкмөт башчылыкка келгенге чейин эки облусту: Жизак жана Самарканд облустарын башкарууга жетишкен.

Ал утурумдук президенттикке дайындалар замат өлкө мурдагы карманган багытынан кыпындай да тайбасын, бир да аскерий альянска мүчө болбогон позиция улана берерин айтып чыкты: “Биз мурдагыдай эле бир да аскерий-саясий блокко кошулбайбыз, башка өлкөлөрдүн аскерий базаларын жайгаштырбайбыз жана жоокерлерибиз тыш жакта кызмат кылышына жол бербейбиз. Кандайдыр бир ички жана тышкы күчтөр өлкөнүн көз карандысыздыгын бузууга аракет жасай турган болсо катуу сокку урабыз”.

Мирзиёевдин бул сөзү өлкөнүн тышкы жана ички саясатында көп деле өзгөрүү болбосунан кабар берет. Тышкы саясат демекчи Каримов көзү өткөн соң ири өлкө лидерлеринен Өзбекстанга биринчи болуп орус президенти Владимир Путин баш багып кетиши да көп нерсени каңкуулайт. Кытайдагы саммитке байланыштуу Каримовдун жаназасына келе албай калган Путин дароо ат тизгинин Өзбекстанга буруп, бир чети маркумдун үй-бүлөсүнүн көңүлүн алса, бир чети жаңы лидер Мирзиёевдун тамырын тартып кетти. Андан көп узабай казак президенти Нурсултан Назарбаев да Самаркандга барып, Каримовдун кабырына бата кылуу менен “көз көрсөткөн” казак лидери да “болочок президент” атыгып жаткан киши менен сүйлөшүп кетти. Бул эки өлкө башчылары тең Каримовдун жаназасына өкмөт башчыларын жиберген эле. Кыргызстандан да премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барган. Кошуна өлкөлөрдөн тажияга анда Түркмөнстан менен Тажикстандын президенттери гана барган. Өзгөчө көп жылдардан бери эки тараптуу алака-катышы дээрлик токтоп, Душанбе менен Ташкендин ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болбой калганына карабай тажик президенти Эмомали Рахмондун тажияга келиши кошуначылык парз, адамгерчилик катары бааланган.

Ошентип кошуна өлкөлөрдөн Өзбекстанга бир гана Кыргызстандын президенти “батага” барган жок. Ошол күндөрү ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюну менен байланыштырылган. Бирок андан кийин кеч болсо да Путин менен Назарбаевге окшоп биздин президенттин Ташкент тарапка барар-коёру кабарланбады.

Эми болсо Бишкекте КМШ лидерлеринин саммити башталып отурат. Бирок ага Өзбекстандын утурумдук президенти келген жок. Анын ордуна кыргыз тарапка сыпайы кат жолдоп, өзбек тараптын тобун бул саммитке тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетектеп барарын билдирди. Расмий Бишкек мунун себебин Өзбекстандагы ички маселелерге, алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырды. Айткандай эле, кечээ Бишкекке келген өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, расмий Ташкен эки тараптуу ымаланы чыңдоо иштерин ылдам баштоого дилгирлигин билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы алака-катыш акыркы жылдары кыйла солгундап кеткен. Чек ара жабык, кошуна аймактарда мурдагыдай соода-сатык, алыш-бериш токтогон. Жер-суу талаштары чечилбей, чек ара тактоо иштери талаштуу аймактарга келгени такалып турат.

Өзгөчө акыркы күндөрдө Аксыдагы Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселе да курчуп, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай жатат. Маркум Ислам Каримовдун учурунда Камбар-Ата ГЭСин куруу планына байланыштуу Ташкент Бишкекке карай бир канча жолу “таш ыргыткан” учурлар да болгон. Кыскасы ушундай талаш-тартыш маселелерден улам татаалдашып кеткен кыргыз-өзбек алакасы жакын арада жумшарып кетиши арсар, өзгөчө чек ара, жер-суу маселесинде. Анын үстүнө өзбек бийлигиндеги “эки тизгин бир чылбырды” колго алган Шавкат Мирзиёевдин өлкө тышкы саясат, коопсуздук багытында мурдагы карманган саясатынан кайтпастыгы тууралуу билдирүүсү да көп нерсени каңкуулап тургандай.

Булак: Де-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *