Кимге ким “чоң казатты” баштаганы калды?!.

Өлкөбүздүн бюджети Кумтөр кенине көз каранды экиндигинен арыла элекпиз. Экономист эксперттердин айтымында, Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10 пайызга жакынын, ал эми өнөр жайынын 20 пайыздан ашуун бөлүгүн түзөрүн айтып жүрүшөт. Өткөн жылы республикабыз 4,6 пайыздык өсүш менен чыкса, быйылкы жылды жыйынтыктоо бар болгону 2,8 пайыздын тегерегиндеги өсүш болору күтүлүп жатат. Бирок мамлекет башчысы Сооронбай Жззнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча журналисттер менен болгон пресс-конференцияда 3,1 пайыз өсүш болот деп айтты.
“Центерра голд инк” компаниясы Кумтөрдөн алтын казып алууну быйылкы жылы өткөн жылга караганда 1,5 тоннага чейин азайткан таасири жана үстүбүздөгү жылдын июнь-август айларында экономикабыз 0,3 пайыздык терс көрсөткүч менен чыкканыбыз артка тарткан. Эгерде акыркы маалыматтарга таянсак, жалпыга маалымдоо каражаттарында канадалык компаниянын айланасында Кумтөр алтын кенин Англиянын Лондон шаарынан каттоодон өткөн “Чаарат голд” (“Сһааrat gold Holding LimLed”) компаниясы сатып алып иштетет экен десе, дагы бир маалыматта: “Жок! Кытайдын “Шандунь голд” (“Shadog gold”) компаниясы сатып алышы мүмкүн”, – дегендей кептер чыга баштады. Сыягы мындай кептердин тегин жерден келип чыккан жок баштангансып турат.

“Центерра голд инк” компаниясы чынында дүйнөдөгү алтын кору мол кендерди гана иштетип келе жатат. Маселен, Кыргызстанда Кумтөр алтын кени, Монголияда Борду, Невададагы сыяктууларды. Жер шарында алтын кенин иштеткен эң чоң он эки компаниянын алтоосу эле Канаданын компаниялары экенин “Форс” журналы тегин жерден жазып чыкпаган. Айталы, канадалык “Вrisas – Gold reserve” компаниясы Венесуэлада дүйнөдө алтындын кору бар жагынан 15-орунда турган чоң алтын кенин иштетип, ал кенди 2009-жылы мамлекеттештирген соң гана тыштап кетүүгө аргасыз болгон. Бирок ал кенди башка компаниялардын бири да иштетүүгө даабай келе жатканын айтып койгонго тийишпиз. Бирок Кыргызстанда 1992-жылдан бери Кумтөрдү жергиликтүү эл иштетип, 26 жылдын ичинде кыргыздардын менеджмент, кенди иштетүүчү адистер кадимкидей эле жолго коюлуп калды деп, коркпой-үркпөй айтканыбыз менен аларга чет элдик компания азырынча “эки тизгин, бир чылбырды” колуна бербейт.

Бул компаниянын менеджменти өтө тажрыйбалуулугу менен айырмаланат. Муну Монголия да, Кыргызстан да өз башынан өткөрүштү. Бирок канткен күндө да, монголиялыктар бизге салыштырмалуу өлкөсүнө көбүрөөк пайда алып келген иштерди жасай алган деңгээлге мыйзамдуу жолун түптөп алып, кыйла дурус иштеткенин дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында баса белгиленип айтылып келе жатат.

Кыргызстандын токсондон ашуун адамдын каны менен келген бийлик деле Кумтөрдү иштетүүдө акаевчилер, бакиевчилер деңгээлинен жогору көтөрүлө алган жок. Ал тургай аша чаап, Баш Мыйзамда берилбеген укукту Сапар Исаков жетектеген Кыргыз Өкмөтү алып, Жогорку Соттун Кумтөр боюнча чечимдерин жокко чыгарган пастыкка түшкөн абалга чейин жеткирип, тарыхта аша чапкан алабарман катары аты аталып калганга чейин жеткирди. Ал тургай мөңгүнү “боз үй” сыяктуу көчүрткөнгө Кыргыз парламентин ийгергенге жетишти. Муну далилдеген так аргументин кошо келтире кетели.

Өткөн жылдын 11-сентябрында Кыргыз Өкмөтү канадалык компания менен экологиялык жаңы макулдашууга кол коюшкан. Анда: “Жогорку Соттун Кумтөр боюнча чечимдери жоюлсун. Ал боюнча Башкы прокуратуранын козгогон иштеринин баары жабылсын”, – деген сыяктуу сөз тизмектери (контексттер) орун алган. Мыйзамга ылайык экс-премьер-министрдин буйругу мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигин биздин сатылма соттор ушул күнгө чейин үн катпагандыгы эмнени билдирет? Баш мыйзамыбызда бардык талаштарды бир гана сот чече турганы айтылган. Ал тургай дүйнөлүк закон, актылардын баардыгында дал ушундай жобо калыптанган көрүнүш катары белгилүү.

Тилекке каршы, Сапар Исаковдун өкмөтү бакиевчилердин (Максим Бакиев) оң колу сыяктуу мурда сыпатталып келген алабарман, консерватор экени тарыхта тастыкталып калышы турган иш деп тартынбай эле айтып койсок болот. Мындагы бир гана айырмачылык, мамлекет башчылык кезинде “чексиз бийликти өзүнө узурпациялап алган” Алмазбек Атамбаевдин (Жакында өткөн элдик курултайдын резолюциясында дал ушундай сыпатталган) оң колуна айланган өкмөт башчы катары да тарыхтагы орду калат десек, аша чапкандык болбойт.

“Келишим менен ийгиликтерге жетиштик”, – деген Кыргыз Өкмөтү “төшүн каккан” “Ысык-Көлдүн жаратылышын өнүктүрүү” фондусуна 50 миллион АКШ долларын көлдөгү саркынды сууларды тазалоо жайларын курууга жумшалат дешкен. Экологиялык зыяндын ордун толтуруу төлөмү мурда 310 миң доллар болсо, аны 3 миллион долларга көбөйтмөк болушкан. Албетте, бул иштин башталышы Кыргыз Өкмөтүнүн башына Темир Сариев келгенде, 2013-жылы экологиялык зыянды атайын түзүлгөн комиссия аныктап чыгып, ордун толтурууга Кыргызстандын Жогорку Сотуна доо арыз менен кайрылган. Соттук териштирүү иштери создугуп отуруп, Сапар Исаковдун тушунда жогоруда айтылган келишимге келишкен.

Баса, дагы бир айта кетүүчү нерсе, компания онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион доллар да бермек болгон. Мунун 7 миллионун которуп берип, калганын али күнчө бербей, “Чубактын кунундай” чубалжытып келишүүдө. Канадалык компанияга баштаган ишинин аягына чыкпай өкмөт башчылыктан Сапар Исаков да кетти.

Анын ордуна бийликқе келген Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдын 14-июндагы Исаковдун Кумтөр боюнча келишимине макул болбой турган жагдайлар бар экенин Кыргыз парламентинин депутаттарына айтып, канадалык компаниянын жетекчисине келишимди жакшыртуу тууралуу ойлорун бөлүшкөнүн билдирген. Демек, жогорудагы айтылган каражаттар жаңы өкмөтү канааттандырбай турганынын айткан. Анткени өткөн жылкы келишим али күнчө күчүнө кирбей создугуп келе жатат. Анын үстүнө быйыл – бул ишти кароо мөөнөтүн инвестор беш жолу создуктурду. Эгерде мунун күндөрүн тактап айта кете турган болсок, келишимди аткаруу мөөнөтү алгач быйылкы жылдын 20-апрелине белгиленсе, кийин 31-майга, андан 23-июлга узартылган. Мына ушундан соң, Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы талаптарды коюп, мурдагы өкмөт башчынын койгон талаптары канааттандырбай турганын айтып чыкты. Муну аткаруу мөөнөтү 24-августка коюлган. Бул мөөнөт да аткарылбай, 2-ноябрга жылдырылган. Ал 20 2 күн кечиктирилип, 22-ноябрда гана азыркы Кыргыз Өкмөт башчысынын кабыл алуусунда компаниянын президенти, аткаруучу директору Скотт Перри болду. Азырынча сыягы эч бир маалымат айтылбаганына караганда өкмөт менен сүйлөшүүдө бир топ кыйынчылыктар тооруп турган өңдөнөт. Себеби, жалпыга маалымдоо каражаттарында бул маселе 2019-жылдын башында гана чечилиши мүмкүн деген божомолдор алдын ала айтылып келген, али маселе чечилген жок.

Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз катчысынын пикирине караганда, кытайлык компания сатып алуу ниети бар экенин кыйытып гана айткан. Бул компания тууралуу азырынча маалыматтарга ээ болбогондугубузга байланыштуу эч нерсе айта албайбыз. Ал эми Лондондун компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Артем Волынец Кыргызстандагы Эл аралык радиостанциянын бири, “Азаттыкка” берген маегинде: Эгерде Кумтөр кенин алып кала турган болсо, кенден түшкөн бардык экономикалык пайданын үлүштүк кирешесинин (дивиденд) 50 пайызын Кыргыз Өкмөтүнө бере турганын айткан жайы бар.

Канадалык компания Кыргызстандын үлүштүк акциясын 26,6 пайызга түшүрүп салганын Кыргызстандын Тоо-кенчилер биримдигинин төрагасынын орун басары Дүйшөмбек Камчыбеков 77 миллионго жакын акциябыз бар деп эсептейт. Албетте, муну доллар деп түшүнүү керек. Кыскасы, “Ленин десе, коммунисттик партияны, коммунисттик партия десе, Ленинди түшүнгөн” сыяктуу “экономикалык пайданын үлүштүк кирешеси” акцияга жараша бөлүнөт дегенди туюндурат. Демек, Кумтөрдөгү акциябызды англиялыктар 50 пайызга чыгарат деген сөз.

“Чаарат голд” компаниясы буга чейин Кыргызстанга 150 миллион АКШ,- долларлык инвестиция салган. Быйыл курулуш ишин баштамакчы болгон Түлкүбаш алтын кени буйруса 2020-жылы 100 миң унций өндүрүлөт деп күтүлсө, Кызылташ алтын кенинде 6 миллион унций бар деген божомол бар. Ушул эки кенди тең иштеткенге бел байлап жаткан компания. Бирок канадалыктар да, Кыргыз Өкмөтү да Кытай компаниясына пикири ооп тургандай таасир калтырат.

Кыргыз Өкмөтү өз талаптарын “Центерра голд инк” компаниясынын алдына койгон кезде, алардын сөзсүз менеджменттери бир балээни ойлоп таап, алтын өндүрүүнү кыскартып же акциябызды төмөндөткөн жагына маш. Өтө чеберчилик менен кылдат жана кыбаалык менен иш жасап-, “биттин ичегисине кан куйган” менеджменттер отурат. 2010-жылдан кийинки апрель революциясында бийликке келген Убактылуу Өкмөт Эл аралык мыйзамдарды жакшы билет деп, олчойгон акча төлөп, таап келген “эксперт сөөрөйлөрү” алардын менеджметтеринин жанында шоона эшпей калды.

2003-жылы Кумтөр кенин иштеткен калдыктарды мөңгүнүн үстүнө төгүү иши мыйзамдаштырылып берилген. Буга чейин эле алар өз алдынча мурда эле ушул ишти жасап келишкен. Бул мезгилде республикабыздын экологиясын жетектеген Темирбек Акматалиевдин учурунда таштандыларды таштоого уруксат берилип, терс жагына бурулган кыянаттык иштер башталган. Акыркы мезгилде Сариевден башталган “экологиялык зыянды компанияга төлөтөбүз” деген талаптардын аягына чыкпай өкмөт башчылыктан кетсе, Исаков да баштаган ишинин аягына чыкпай калды. Эми Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы талаптарды коюп, анысынын аягына чыгабы же жогорудагы аттары аталган экс-өкмөт башчылардын катарын толуктап калабы (?!), анысын убакыт көрсөтөт.

Балким, сыягы “Центерра голд инк” компаниясы жогоруда аттары аталган эки компаниянын бирине Кыргыз Өкмөтү Жер-Үй алтын кенин иштетүүгө жарыялаган тендердин шартында Казакстандын “Визор групп” компаниясы эл аралык арбитраждык сотто 580 миллион долларга жакын доосун төлөп берүү жоопкерчилигин кошо алып, андан тышкары 100 миллион доллар төлөө милдеттемесин алган орустун “Восток-геодобыча” компаниясына сатып ийген пайдалуубу деп эсеп-чотун тактап жатышкан баштанат. Себеби дегенде, биринчиден, 2026-жылы Кумтөр кенин иштетүү токтотулат. Экинчиден, мына ушул жогоруда айтылган экологиялык зыяндын ордун толтуруу жана эки жылдан бери төлөбөй келе жаткан экономикалык пайданын үлүштүк кирешесин, тактап айтканда, ар жылы 12 миллион доллардык дивидендибизди төлөбөй, 24 миллион АКШ долларына чыгарып, муну кыргыз акчасына айлантканда, 1 миллиард 600 миллион сом каражатты республикалык бюджетибизге төлөп берүүнүн компания үчүн пайдасы барбы-жокпу деген маселенин үстүндө түйшөлүп жаткандай?!..

Кыргыз Өкмөтү 2012-жылы канадалык компаниянын Кумтөрдө канча алтын кенинин кору калганын аныктаган чалгындоосун токтоткон. Үстүбүздөгү жылы чалгындоого уруксатты кайра берген. Ага канадалык компания адегенде 26 миллион доллар бөлөбүз деп күпүлдөштү эле, кийин иш жүзүндө 18 миллион доллар бөлүп, быйылкы жылы анын 6,5 миллион доллары гана өздөштүрүлгөн. Келээрки жылы калган каражат жумшалып, канча алтын бар экени аныкталган соң, мындан ары Кумтөрдү иштеткендин пайдасы барбы же жокпу деген маселени ошондон кийин бир жагына чыгарууга барышы мүмкүн. Ансыз да бул компания мындан башка сегиз кенди иштетет. Алар эч нерсесин жоготпойт да, эч кандай чыгашага дуушар болбойт.

Бул компаниянын Кумтөргө эле күнү түшүп калган жок. Жогорку кеп өзүнчө бир маселе. Экинчиси, эки жылдан берки Кыргызстандын үлүшүнө тиешелүү болгон дивидендди төлөбөй жатышынын “жашыруун сыры” бар экенин канадалык бизнес-медиялар “Центерра голд инк” компаниясы акыркы жылдарды Кыргызстандан чыгып, өз долбоорлорун башка жактан издеп жаткандай дешип бекер жеринен айтып жатышпаса керек. Себеби дегенде, “Томсон Гриик” деген жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатышат. 2018-жылдын декабрь айында “Аурико Мгалс” компаниясынын акциясын 240 миллион АКШ долларына сатып алышканын мисалга келтирген аргументтери менен да эсептешпей коё албайсың.

Өндүрүштөрүн диверификациялоону жаңы кендерден издешип жаткан сыяктанат. Диверификация деген экономикалык терминдин маанисин чечмелесек, өндүрүштү жана кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн түрдөнтүп көбөйтүү дегенди билдирет. Бирок канадалык бизнес-медиялар муну башка өңүттөн карап жатканын туюндурууда. Анткени компания буга чейин Кумтөрдөн ар жылы орточо 15 – 20 тоннага чейин туруктуу алтын алып турган деңгээл сакталабы же азаябы дегенди эмдиги жылы чалгындап бүтсө, мына ушул маселени бир жагына чыгарышат. Өздөрүнө пайдалуу болсо иштетет, болбосо акциясын сатып ийип, Кыргызстандан чыгып кетишет дегенди билдиришүүдө. Ал эми Кыргыз Өкмөтү сыңар эмчектүү уйдун сүтүнөн али күдөрүн үзбөй келе жатат. Буга чейин бир да мамлекет башчы Кумтөрдү улутташтыруу маселесине эрктери жетпегендигинен мунун сыры эмнеде экени туңгуюк бойдон калып келе жатат.

Жакында Баш мыйзамыбыздын 52-беренесине ылайык “Элдик курултай” өттү. Анда 19 пункт менен резолюция кабыл алынган. Бир пункту Кумтөрдү мамлекеттештирүү маселеси коюлган. Демек, коомчулук Кыргыз бийлиги буга чейин “Центерра голд инк” компаниясына көз каранды болуп келген абалдан чыгаруу талабын мажбурлоо жолу менен таасир этет баштангансып баратат. Бирок “Элдик курултайды” мойнобогондор да бар. “Феодализмдин саркындысы” дегендер да чыгат. Мунун ордун алмаштырган “Эл өкүлдөр бийлиги” деген парламент – бул озуйпаны аткарып келе жатат деп талаш-тартышты туудургандар бар. Курултайчылар парламентчилерди илгерки социализмдеги “чабан, данчы, уйчу” депутаттардан айырмасы жок добуш берүүчүлөр катары санашууда.

Кыскасы, “Центерра голд инк” “Кумтөрдү сатат” деген кептин чыгышынын өзү – “Манас” эпосундагы “Чоң казаттын” башталышы сыяктангансып турат. Кимди ким жеңет, ал жакынкы жылдарда ачык айкын болот баштанаар жагына чыгып калды.

Жакыпбек Төлөгөнов

Булак: «13-квартал»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *