
Кипрдин Лимассол шаарчасында 1-3-ноябрда өткөн ветерандар арасындагы оор атлетика боюнча Mediterranean International Masters Open Championships 2019 турниринде 81 кг салмакта 55 жаштагы Азизбек Күйкеев биринчи орунду багындыра алды.
Ал түз тартып көтөрмөдө 85 килограммды, төштөн түртүп көтөрмөдө 110 кг салмакты көтөрүп, экөө биригип 195 килограммды түзүп, биринчи орунга татыды.
Булак: KyrgyzToday.kg
Ой-пикир жок