Клара Турдукожо кызы: “Табылдыны арак-шарактан ажыратып калууга алсыз элем…”

Маркум Табылды Муканов кыргыздын кыйын чыккан акындарынын бири. Анын «Каректеги жер», «Арчадай жашыл элем», «Жүрөктүн кагышы», «Жандүйнө» ж.б чагылгандай ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Бирок, анын өмүр тагдыры өкүнүчтүүрөөк өткөн. Анын чыгармалары мамлекеттик деңгээлде да бааланбай келет. Жубайы Турдукожо кызы Клара экөө бирин-бири сүйүшүп баш кошушканы менен экөөнү түркүн тоскоолдуктар ажыратып, алыстатып турган. Ошол сүйүүдөн, ажырашуулардан жүрөк түтөп, нечен сүйүү каттары, сүйүү ырлары жаралган. Дал ошол акындын жалындаган ырларынын каарманы, акындын жубайы Клара эже төмөндөгүдөй эскерет.

– Клара эже, Табылды ага экөөңүздөр кайгылуу да, бактылуу да, аянычтуу да сүйүүнү баштан кечирипсиздер. Сизге арналып Табылды аганын нечен сүйүү ырлары жаралыптыр. Баш кошуп бактылуу болупсуздар. Кайра ажырашып, азаптуу күндөрдү өткөрүпсүздөр…

– Тагдыр Табылды экөөбүздү табыштырган 1967-жыл эле. Мен анда университеттин тарых факультетинин биринчи курсунда окуп жүрөм. Октябрь айынын бир күнүндө классташ курбум Тамара мени өзү катышып жүргөн ийримге чакырып калды. Анда университеттин ар кайсы факультеттеринин ыр-күүгө шыктуу студенттери чогулуп, Чынгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повести боюнча түзүлгөн спектаклди коюуга даярданып жатышыптыр. Алардын арасында Табылды да бар экен. Ал аскер формасын чыкыйта кийип алып, тергөөчүнүн ролун, Тамара болсо Сейденин ролун аткарат экен. Эртеси эле Тамара оюн-чыны аралаш «балдардын баары сага ашык болуп калышыптыр, айрыкча Табылды Муканов аябай сураштырып жатат» деди. Арадан үч-төрт күн өтпөй эле Тамара мага бир барак кагаз алып келип берди. Анда Табылдынын «Бейтаанышка» деген ыры бар экен.

– Эсиңизде калса, ошол ырдан бир-эки сап айта кетсеңиз?

– «Мен сизге көздөрүмдү жолуктурам

Көчөдөн, почтамптан, кээде бактан.
Мен сизге ичтен сызып ооруп турам,

Көркүмдү, көңүлүмдү желе баскан!

Сезбейсиз, көптөн бери мага тааныш

Чачыңыз, эриниңиз, ийигиңиз.

Мен – желге шуудураган кара камыш,

Сиз мага от ыргытып бийледиңиз!…

Чаңкаган көңүлүмдүн кушун салып

Жалбарам… унуттурбайт жылдыз сизди.

.. Үзүлүп сүйсөм дагы ушунчалык,

Эмне үчүн тааныштырбайт турмуш бизди?

– Баш кошконуңуздардан кийин кандай күндөр уланды?

– Биз бактылуу учурларды көп эле өткөрдүк. Жаңы үйлөнгөн жылдары ичсе дагы үйгө өз убагында келип калчу. Бала төрөлгөндөн кийин деле көпкө чейин ошентип жардамдашып жүрдү. Турмушта адам күтпөгөн кескин бурулуштар, өйдө-төмөн жагдайлар көп болот экен. Ошондой кыйын кырдаалда кээ бир адамдар туруштук бере албай, өткөөл көпүрөдөн өтө албай, сезимдери чачыраган бойдон кала берет турбайбы. Табылды экөөбүз алгачкы жылдары кыйышпас жубайлардан элек. Бара-бара биздин үмүт-тилегибизге кара көлөкө түшкөн күндөр көбөйө баштады. Ага анын эмоциялуу курч мүнөзү, ташкындаган талантынын мен түшүнө элек эпкиндери ээликтирип турганда, ичкилик кошул-ташыл болду окшойт. Анүстүнө менин бир мүнөз, көктүк жайым дагы себепкер болду го. Ичкиликгин айынан не деген эр азаматтар ээрден кулап, ара жолдо калып, өзүнөн пас адамдарга басынып беришкени жашыруун эмес да. Ошол толкун Табылдыны дагы серпип өттү окшойт. Деги эле акындын жары болуш – көп кырдуу мамилени талап кылып, татаал тагдырга туш кылат экен. Болуп өткөн ар бир чыр-чатактан ортобуз алыстай берди. Ар кайсы үйгө көчүп-конуп жүрмөй. Басынмай. Кечирмей. Иштеген жериндеги ак ниет адамдар акыл насаатын айтышып, ишке чыкпай калган күндөрүн жашырышчу. Ал эми «акынбыз» деп дуулдаган достору «Күнчүлүк өмүрүң болсо түштүгүнө жорго мин» деген ушул деп, арак-шараптын кызыгына батышып, Табылдыны ары-бери делдектетишти. Мен алардан ажыратып калууга алсыз да, жаш дагы элем. Улам бир айрылышуудан кийин кечирим сурап кат жазып, өзүн басынтмай бара-бара өнөкөткө айлана баштады. Жазган каттарына жооп бербей, таарынычым ташбоордукка айлана баштады…

– Достору кимдер эле? Кандай учурда ыр жазчу эле?

– Дуулдаган достору көп эле. Акындардан Тургунбай Эргешов менен жакшы дос болчу. Тургунбай да курч акын болчу. Тагдыры татаал болуп, кургакучук менен ооруп калды. Анда улунуп-жулунганды деле билбептирбиз. Үйгө деле кезекке турбаптырбыз. Эки кыздуу болдук. Ар кайсы батирлерде жүрүп ырларын жазды. Көбүнчө түндө отуруп жазчу. 2002-жылдары ырларын чогултуп, эскерүүлөрдү, каттарды кошуп жыйнак чыгардым. Жазуучулар тарабынан сыйлыкка коюп, көңүл буруулар деле болгон жок. Элге окшоп киши салып, сыйлыкка чуркаганды деле туура көрбөдүм.

Кларага

Сүйгөнүм, сүрөтүңдү карга тарттым, кар эрип – агып кеттиң.

Мен сенин сүрөтүңдү жарга тарттым, жар көчүп – жексенделдиң.

Мен сенин сүрөтүңдү ташка тарттым, таш сынып – талкаландың.

Мен сенин сүрөтүңдү көзгө тарттым, көз ооруп -учуп кеттиң.

Тарттыммен сүрөтүңдү лайнер канатына ааламды айлансын деп.

Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына дүйнөлүк толкундарга аймалсын деп.

Тарттым мен сүрөтүңдү кеменин капталына дүйнөлүк шамалдарна кайралсын деп…

Сени эми тартар жерим калбай барат. Колумда кардай барак.

Жардай тик полотно

Колумда таштай боёк.

Колумда көздөй боёк.

Билбеймин, кандай болот…

Билбеймин, кандай болот…

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *