Өкмөт курамындагы бир нече жетекчилер алмашты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-апрелде өкмөт курамындагы бир нече жетекчилерди алмаштыруу боюнча буйруктарга кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Ага ылайык Калысбек Жумаканов өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору кызматына, Канатбек Муратбеков өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору кызматына, Эркинбек Осоев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кызматына дайындалды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *