Өкмөттүн элден акча өндүрүү амалы

Кыргыз өкмөтү да арга таппай эңшерилген экономиканы көтөрүүнү көздөгөндө төмөнкүлөрдү ойлонот болуш керек: «Эл жардыбыз деген менен көчө толо кымбат баалуу автоунааларды тээп жүрөт. Күндө майрам, күндө той. Кафе, ресторандарда бош орун жок. Жыл сайын тамдарын жаңыртып эки-үч кабаттуу үйлөрдү куруп жатат. Мал-жандын саны көбөйдү. Бирок өкмөттөн салыгын жашырат. Кичине эле кырсык болсо өкмөткө даттанышат. Мамлекетти ойлошпойт, казнага акча төлөшпөйт» деп. Дал ушундай ой менен өкмөт элдин чөнтөгүн эсептеп, казнага акча түшүрүү амалын ушул жылдын башынан тарта куп эле аракет кылып көрдү.

Анын эң биринчиси, унааларды камсыздандыруу боюнча болгон аракет. Эгер буга коомчулук каршылык көрсөтпөй, унчукпай макул болгондо унааларды камсыздандыруу ишке ашмак. Бирок маселе ийне-жибине чейин терең ойлонулбагандыктан ал жүзөгө ашкан күндө да камсыздандыруу компаниялары баш болуп өкмөт бир балээге кептелери турулуу иш болчу. Андан ары турак жайды камсыздандыруу иши башталды. Муну мамлекеттик компания жүргүзүп жатат. Эгер баары өкмөттүн эсебиндей болсо камсыздандыруу компанияларына түшкөн акча жылына 1 млрд. сомдон ашуун болот. Бирок кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы турак жайдын чыгымын төлөп бере алабы?          Биринчиден, мамлекеттен акча алуу тозоктун иши. Алыска кетпей эле ушул кезге чейин табигый кырсыктардан жабыр тарткан тамдарга берилчү мамлекеттик 200 миң сомдук ссуда боюнча кеп салалы. Чындыгында азыркы күндө 200 миң сом тамдын бир капталына деле жетпейт. Бирок ошону мамлекет сүтү менен канын берип жаткандай жарандарды таманы тешилгенче чуркатып, кезекке тургузуп, кызыл жүзүн саргартып араң берет. Алгач пайдубалына деп 50 миң сом карматат. Андан кийин арадан жарым жыл өткөрүп дубалына деп 100 миң сом, акырында чатырына деп 50 миң сом берет. Кыскасы, орой салыштырганда итке сөөк ыргыткандай эле. Бир эле справкаң жок болсо 200 миңдин жүзүн көрбөйсүң. Кыскасы ары чуркап, бери чуркап, ар кыл мекемелерге акча төлөп отуруп, убактың менен кошо 200 миңдин 50 миңин коротуп араң аласың.

Эми мамлекеттик камсыздандыруу болсо эле кырсыкка кабылган тамдардын маселеси шыр чечилип, баары камсыз болуп кетет деп эч ким кепилдик бере албайт. Туура, турак жайды камсыздандыруу өнүккөн өлкөлөрдүн баарында бар. Бирок ал жакта сел алса же өрттөнсө канча сомдук жабыркаптыр деп баалашпайт. Келип тамыңды баштагы калыбына келтирип, оокатыңдын баарын төлөп беришет. Ошондуктан ал өлкөлөрдүн жарандары камсыздандырууга өздөрү кызыкдар. Дагы бир айта кетчү сөз, бизде турак жайды камсыздандырууда өкмөт бир эле кырсык болсо тамдын жапа чеккенине байланыштуу төлөйбүз деп жатат. Бирок жарандарга пайдалуу эч кандай амалдар көрүлгөн эмес. Мисалы, эгер турак жай ээси жыл сайын 2000 сомдон төлөсө 10 жылдан кийин тамды ремонттоого 50 пайызы төлөнүп берилет деген кызыктыруучу нерселерди карабастан, камсыздандыруучу 1 млрд. сомду эсептеп кала беришкен. Чындыгында камсыздандыруудан эл уттурбаш керек. Камсыздандыруу СССР тушунда деле болгон. Мисалы, жарандар өз өмүрүн, мүлкүн камсыздандырышкан. Эгер 5 жыл ичинде ден соолугуна же өмүрүнө зыян келсе камсыздандыруу компаниясы ошол чыгымды төлөп, камсыздандыруу келишими бүткөндө беш жыл ичиндеги төлөгөн акчасын толугу менен топтоп, ээсине кайрып берген. Ал эми биздин өкмөт жыл сайын тамыңа 600 сомдон төлөйсүң, эгер кырсык болбосо өмүр бою төлөөгө милдеттүүсүң деген жобону карманып жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн экинчи бир элден акча өндүрүү аракети бул социалдык фонддун төлөмдөрүн жогорулатуу ниети болду. Ал эле эмес бийлик тоолуу райондорго берилген жеңилдиктерди жоюуга да бел байлап көрүштү. Бирок «Тойдум байдын кызына » дегендей, элдер пенсияга да кайдыгер карап, ага көп деле үмүт артпаган маанайын ырасташты. Мисалы, 40 жыл бою (бу пенденин бүтүндөй бир өмүрү) мектепте иштеген мугалим 3500-4000 сом пенсияга чыкканы эмне деген шумдук? Социалдык, маданият, саламаттык сактоо тармагында иштегендердин пенсиясы да мындан өйдө эмес. Ушулардын пенсиясын көрүп туруп, ким ушул тармакта иштегиси келет да, соцфонддун төлөмдөрүн ким төлөйт? Же эгемендүүлүк мезгилинде 20 жыл жер иштеткен фермер 2 миң сом пенсияга чыкса, кайсы фермер соцфондго акча төлөгүсү келсин. Деги эле бийликтин элден акча өндүрөм деген аракетинен эч бир майнап чыкпады. Светке болобу, башкага болобу кичине эле төлөмдөр жогоруласа эл нааразы болгону болгон. Анткени эл бийликке эч бир ишенбей калган. Кимден сураба «ошончо миллиондорду жеп жатып уялбай элден акча сураганын кара» деп жооп берет. Кайсы гана мамлекеттик чиновник болсун ал база болобу, паракор болобу көпчүлүк элдин көзүнө коррупционер болуп көрүнөт. Ушул көрүнүш элдин аңсезимине кыттай уюп калган. Кыскасы бүгүн бийликке элдин кереги болгону менен карапайым элге бийликтин пайдасы жок. Бул бүгүнкү күндөгү мамлекеттин трагедиясы. Демек демилгени элдин өзүнө берип, мындан ары кантип жашайбыз, кантип күн кечиребиз деп эл арасын кыдырууга мезгил жетти. Себеби казнага төлөнүүчү төлөмдөр жетинчи кабатта чечилбей, ар бир айылда чечилгенде гана кырдаал өзгөрүшү мүмкүн.

Булак: “Жаңы Агым”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *