Кнопканы да жаңылып баскандар бар…

Кайсыл бир талаштуу маселени камтыган мыйзамга добуш берүүдө дайыма “бирөөнүн” арыгын чабууга карата токулган мыйзамдар басымдуулук менен өтүп кетет. Эми муну чечмелеп отуруунун кажети деле жок. Анткени айрым куу эл өкүлдөрү башчыга жагынуунун амалында иш кылууга жөндөмдүү.

Албетте андай кызматына май чайнаарын деле билип-туйуп турушат. Мандатты эмне үчүн алышты? Өзүнүн кызыкчылыгын аткарууга жанын карч урушканы боюнча шектенүүгө болбойт. Антсе да ошондой эрдикке жараган гана азаматты кандайдыр бир ыңгайлуу жагдайды түзүп берүүгө жалдашаары деле маалым. Айрыкча кийинки кезде Баш мыйзамды батперектей чымылдатып айлантууга боло турганы айкын аныкталды. Кайсы бийлик келсе ошолордун кабак-кашына карап оңдоолорду, толуктоолорду киргизүүгө, өзгөртө салууга маштардын тукуму арбып баратат.

Баса, өзүнүн кыпындай пикири, же сунушу жок отурган чунак депутаттар басымдуулук кылышат. Мына так ошолор “хоп, майли” деп кнопка баскандан башканы билишпейт. Мыйзам жазмак биякта турсун, жазып бергенди дурустап окуй алышпайт. Ушулар абдан ыңгайлуу эл өкүлдөрү катары саналат. Себеби, билермандардын алдына тизелеп калгандардын кайсы дарамети болмок эле? Ошентсе да “маанилүү” мыйзамга келгенде ушул “шоркелдейлер” тигилерге чеп болуп туруп берет. Анан эле төрага “макул” 119, каршы жок деп жыйынтык чыгарып коет тарс эттире. Мыйзам өттү, дүркүрөгөн кол
чабуулар…

Биздин эл шайлаган парламенттин азыркы көрүнүшү ушундай. Кээде башка кнопканы алдастап басып алгандар “серый кардиналдын” алдында коркок билиш болуп, жаңылып басып алыптырмын деп актанган күндөрү деле болуп жатат. Айтор, жеке көз карашы жок, сүрмө топтун ролунда жүргөн эл өкүлдөрүнөн качан кутулар экенбиз деген элдеги санаанын аяктарына аз калды окшойт. Көлөкөдөй ролду аткарган парламенттин чоңу болсо ошол күндөрдү желкемин чуңкуру көрсүн деген тейде эптеп убактысын өткөргөн кези. Элдин тагдырын чечет деп ишенген төбөлдөрдүн бүгүнкү кейпи ушундай сыпаттамага татыктуу болгону ырас. Бийликтин өтө орчундуу бутагынын акыбалын көрүп туруп, көкүрөгүңдү сары зил уялайт. Кайран өмүр туңгуюкка кептелгендей күңүрттөнөт. Өмүр өтүп жатат, байлар жыргал турмушта болсо, кембагалдар бир сындырым нанын таап жегенге кара жанын карч урган кези. Теңсиз теңдемеге ак жакалуулардын башы оорубайт турган заманды баштан кечирип жатабыз…

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *