КНСтен ашкан сумма, же мамлекеттин оң чөнтөгүнөн сол чөнтөгүнө салуу кылмышпы?..

2018-жылдын март-апрель айларында Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан «мамлекеттик бюджеттен 337 миллион сом уурдашкан коррупциялык схеманын бети ачылып, ал боюнча мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери, ведомство аралык комиссиянын мүчөлөрү жана бизнесмендер кармалышты» деген маалыматты ММКга байма-бай таратышкан. Ал эми айрым гезиттерге эки-үч министрликтердин орун басарларынын сүрөттөрү дагы жарыяланып, «ал адамдардын коррупцияга тиешеси бар» деген мааниде маалымат таркатылган.

«Ушул чуулгандуу иштин жыйынтыгы эмне менен бүттү болду экен?» деген ой-максат менен журналисттик изилдөө жүргүзсөк, 2018-жылдын ноябрь айынан тартып, бул кылмыш иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан каралып жатыптыр. Сот отурумдары ачык болгондуктан, эки-үч соттук отурумга катышып, айрым күбөлөрдүн, соттолуучулардын берген көрсөтмөлөрүн угуп, адвокаттар менен сүйлөшкөндөн кийин, юрист болбосок дагы, айрым нерселер биз үчүн бир чети түшүнүктүү болсо, экинчиден, айрым суроолорду туудурду.

Мисалы, КР салык кодексинин 278-беренесине ылайык, кошумча нарк салыгы (КНС, орусча НДС) боюнча ашкан сумманын ордун толтуруу түздөн-түз каралган экен. Мунун себеби, салык төлөөчү субъект материалдык ресурстарды импорт кылып, биздин өлкөгө алып киргенде эле 12% КНСти жана башка төлөмдөрдү толук өлчөмдө төлөйт экен дагы, ал сумма он айырма болгон учурда КНСтен ашкан сумма болуп саналат тура. Соттук отурумда белгилүү болгондой, күнөөлөнүп жаткан «Интеррустрейд» жана «Палларис» фирмаларынын жеке эсебинде КНС боюнча ашкан сумманын өлчөмү 500 миллион сомдон ашык экен. Ал эми тергөө тарабынан эки фирма КНС боюнча ашкан 337 миллион сомду мыйзамсыз алышкан деп айыпталып жатышат.

Эң кызыгы, бул «уурдалды» деген каражат мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүмүнөн бажы кызматынын киреше бөлүмүнө түздөн-түз которулуп, фирмалар тарабынан импорттолгон материалдык ресурстар үчүн бажы жана салык төлөмдөрүн төлөөгө жумшалып, жыйынтыгында, акча кайра эле мамлекеттин казынасына түшөт экен. Буга далил катары сотто күбө катары суралган республикалык салык кызматынын жооптуу кызматкери К.Мукашевдин көрсөтмөсүн келтирсек болот. Ал адамдын жалпак тил менен айтканына карасак, КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу деген «мамлекеттин оң чөнтөгүнөн сол чөнтөгүнө салуу» дегенди билдирет экен. Бул адамдын көрсөтмөсүн сот отурумунда суралган соттолуучулардан сырткары дагы айрым күбөлөр тастыктап беришти.

Дагы бир айта кетчү нерсе, КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу ведомство аралык комиссиянын бир добуштан кабыл алган чечими менен гана ишке ашат экен. Ал эми ал комиссиянын курамында финансы, экономика министрликтеринин, борбордук казначействонун, салык бажы кызматынын, УКМК, ГСБЭПтин бирден өкүлдөрү бар экен. Сотто суралган салык жана бажы кызматкерлеринин айтуусунда, КНСтен ашкан сумманы өзүлөрүнүн жеке пайдасына которуп алууга фирманын өкүлдөрүнө эч кандай мүмкүнчүлүк жок.

Жогорудагыдай жагдайлар менен таанышкандан кийин бизде аргасыздан айрым суроолор пайда болду. Биринчиси, эгер КНСтен ашкан сумманын ордун толтуруу боюнча чечимди бир добуштан ведомство аралык комиссия кабыл алган болсо жана эгер ал чечимдер мыйзамсыз болсо, анда эмне себептен ал чечимдер жокко чыгарылган эмес? Эмне себептен мыйзамсыз чечим кабыл алышкан комиссиянын баардык мүчөлөрү кылмыш жообуна тартылышкан эмес? Эң негизги суроо – эгерде КНСтен ашкан сумма мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнөн казынанын киреше бөлүгүнө которулуп, жыйынтыгында, кайра эле мамлекеттин казынасына түшкөн болсо, анда кайдагы мамлекетгик казынага келтирилген зыян жөнүндө сөз болушу мүмкүн?

Айта кетчү дагы бир нерсе, бул сот отурумуна төрагалык кылып жаткан соттун аракеттерине болгон соттолуучулардын, аларды жактап жаткан адвокаттардын жана сот отурумуна катышып отурган элдин нааразычылыгы жөнүндө. Себеби, иштин ар тараптан акыйкаттуу каралашын көздөгөн адвокаттардын иш боюнча кошумча күбөлөрдү, ошол эле чечим кабыл алган комиссиянын мүчөлөрүн сотко чакырып, суракка алуу жөнүндөгү жүйөлүү өтүнүчтөрүн сот тарабынан эч бир негизсиз четке каккандыгында болуп жатат. Мындай жагдайда сот эмнени көздөп жаткандыгы биз үчүн туүшүнүксүз.

Адыл Канатбеков

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *