Кочкор-Атада Орусия жараны кутурма оорусунан каза болду деп шек санап жатышат

Кочкор-Ата шаарчасынан 80 жаштагы Орусия жараны болгон кемпир каза болду. Өлүмдүн себебин кутурмадан көрүп жатышат. Анткени аны тээ августта эле көчөдөн жолбун ит тиштеп алган экен. Колун самын менен жууп, ага маани деле берген эмес. Анан 6-октябрда оор абалда ооруканага алып келишкен. 7-октябрда каза болуп калган.

Шаардын вице-мэри Жайнак Немат уулунун айтымында бечара кемпир ит тиштегенине маани берген эмес, кызына да айтпаган. Өзү 1939-жылы туулган, Тургенев кчөсүндө жашачу экен. 2013-жылы орус жарандыгын алып, бирок Орусияга барбай койгон, жалгыз да жашачу тура.

Кутурма – аябай жугуштуу инфекция, түз эле кишинин нерв системасына тиет, өлүм менен аяктайт. Дароо аныктап, тийиштүү ийне сайбаса болбойт. Бир-эки жума, кээде бир-эки айга чейин билинбей жүрө бериши мүмкүн, анан бир кармаса, кое бербейт. Ит-мышык тиштеп алса, доктурга көрүнүп койгонду унутпагыла.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *