Кочкордо окуучулар үчүн тестирлөөчү борбор ачылды

Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы орто мектепте окуучулардын компьютердик сабаттуулугун текшерүү үчүн тестирлөө борбору ачылды. Бул борбор балдарга эл аралык ІСDL программасынын сертификатын берет.

Тестирлөөчү борбор аймактагы «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында иштеп жатат. Учурда бул программага Нарын облусундагы 11 мектеп катышып жатат, төрт миңден ашуун окуучу окуп чыккан.

ІСDL программасы жалпы өлкөдөгү 50 мектепте ишке ашырылат, 10 тестирлөөчү борбор ачылат.

Долбоор Борбор Азиядагы Америка университети тарабынан USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *