Кочкордо зөөкүр күйөө келинчегин сабап жатып өлтүргөн, эки баласы жетим калышты

1-январь күнү Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын 1986-жылы туулган А.У. аттуу тургуну 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинчеги менен акчанын айынан уруша кетип, сабап жатып өлтүргөн. Бул тууралу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жергиликтүү фельдшердин чакыруусу боюнча келген милициянын ыкчам-иликтөөчү тобу алардын үйүнөн көзү көгөргөн жаш келиндин жансыз денесин табышкан. Күйөөсүнөн иштин чоо-жайын сурашканда ал уруша кетишип, аялынын эки жаагына эки жолу чаап, каракушуна бир эле жолу тепкенин айтып, актанган.

Жубайлардын бир уул, бир кызы болгон. Балдары ал күнү таятасыныкына майрамдап кетишкендиктен жок болушкан.

Милиция кылмыш ишин каттоого алып, иликтөөнү баштады.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *