Көчмөндөр оюндарына карата ойлор

Тактоого муктаж жагдай.

Мамлекет башчысы С.Жээнбеков өткөн айда Баткен облусунда иш сапары менен болгон учурда республикалык деңгээлде жыл сайын көчмөндөр оюндары өткөрүлүп тура тургандыгын билдирди. Быйыл күздө аны Талас облусу баштайт, кийинки жылдары эстафета башка облустарга өтөт. Бирок мында тактай турган бир жагдай бар. Анткени, 2020-жылы Дүйнөлүк 4-көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлөт. Демек, канча кааласак деле келерки жылы республикалык масштабда көчмөндөр оюндарын өткөрө албайбыз, ага убакыт да, мүмкүнчүлүктөр да жетпейт, бардык күчтү Түркияда өтө турган оюндарга жумшап, анда биринчи орунду ээлегенге аракет кылышыбыз керек. Анда президент дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлө турган жылдардан башка жылдарда гана республикалык көчмөндөр оюндары өткөрүлө тургандыгын айткысы  келди окшойт Муну сөзсүз тактоо керек. Антпесе, кээ бир жылдары экиден көчмөндөр оюндары өткөрүлө турган болуп калып жатпайбы.

Географиясы кеңейип, түрлөрүкөбөйүүдө.

Дүйнөлүк 1-көчмөндөр оюндары 2014-жылдын 9-14 сентябрында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүп, ага 19 өлкөдөн 771 спортчу катышкан. Мелдештер спорттун 10 түрү боюнча өткөрүлүп, 30 комплект медалдар ойнотулган.

Улам кийинкилеринин масштабы кеңейип, мелдештин түрлөрү, ага катышкандардын сандары көбөйүүдө. Алсак, 2016-жылдын 3-8-сентябрында өткөрүлгөн Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюндарына 62 өлкөдөн 1200 спортчу катышып, мелдештер спорттун 23 түрү боюнча өткөрүлдү. Ага катышкан өлкөлөр өздөрүнүн спортунун унутулуп бара жаткан түрлөрүн сунуш кылышууда. Бул жагынан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уникалдуу прецедент болууда. Эгерде олимпиадалык оюндар спорттун бардык өлкөлөргө кеңири белгилүү түрлөрү боюнча өткөрүлсө, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары унутулуп бара жаткандарды да жандандырууда. Бул көрүнүш сакталса, Дүйнөлүк 4-көчмөндөр оюндары 3-көчмөндөр оюндарындагыдай спорттун 37 түрү боюнча эмес, андан көп түрлөрү боюнча өткөрүлүшү мүмкүн. Түркия дүйнөдөгү экономикалык державалардан, географиялык жактан да “тогуз жолдун тоомунда” дегендей, эң мыкты жерде жайгашкан. Демек, ал көчмөндөр оюндарынын масштабдарын кеңейтип, сапаттык жаңы деңгээлге чыгарат. Анда ага бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биздин курама командабыз мурдагы оюндарда дайыма 1-орундарды ээлеп келсе, бул жолу кийинки орундарга сыйлыгышып калуусу да ыктымал. Бирок, кандай болсо да Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын автору – Кыргызстан. Биз кимдер алдыңкы орунду ээлесе да ал оюндардын өсүп өнүгүп, масштабы-нын кеңейип туруусуна гана кызыктарбыз. Ойлондурганы, биздин үмүтгү актап, көчмөн-дөр оюндары дүйнөлүк спорттон ишенимдүү өз ордун таап кете алабы же дагы 2-3 жолу өткөрүлгөндөн кийин катышуучулардын ышкылары азайып, акырындап барып өчүп калабы?

Бул жөнүндө так бир жыйынтык чыгаруу кыйын. Аны мезгил гана көрсөтөт. Тигиндей да, мындай да ойлоого негиздер бар. Позитивдерин айтпай эле коёлу, аларды баарыбыз билебиз, бул жерде негативдерин гана айткыбыз келет.

Көчмөндөр оюндары – биринчи кезекте ат оюндары менен ассоциацияланат. Чындыгында биз үчүн боз үйлөрсүз, улак тартыш, эр эңиш, ат чаап, жорго салдырып, кыз куумайсыз көчмөндөр оюндарын элестетүүгө мүмкүн эмес. Булардын бардыгы ири чыгымдарды, толгон транспорттук маселелерди талап кылат, анысы аз келгенсип алар аба ырайынын абалына да көз каранды. Эгерде нөшөрлөп жамгыр жаап, жер баткакка айланса, боз үйдө жашоо тозокко, жогоруда аталган оюндарды өткөрүү да чоң көйгөйгө айланат. Андай учурларда көрүүчүлөр да кескин азаят. Бир боз үйдү Баткенден Ысык-Көлгө же Таласка алып келип тигип, аны бир жума кармап турганга 500 миң сомдой каражат талап кылынат, мындан ашып кетиши да ыктымал. Эгерде 1 миң боз үй тигиле турган болсо, боз үйлөрдү кармоого эле канча чыгым кетет? Аларга жүздөгөн аттарды, саяпкерлери, чабандестери, тейлөөчүлөрү, чоңдору, жем-чөптөрү менен Кыргызстандын бир бурчунан экинчи бурчуна ташыгандардын түйшүктөрү, чыгымдары кошулганда оңой сумманы түзбөйт. Албетте, алардын баары элден, мекеме уюмдардан жыйналат. Элге жыл сайын андай кошумча салыктарды салып тургандын зарылчылыгы барбы? Андай көрүнүштөр элге, мекеме-уюмдарга жагабы?

Заманбап стадион канчага курулат?

Мамлекет башчысы январда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын мүчөлөрүн кабыл алганда футболду өнүктүрүү боюнча атайын мамлекетгик программа иштелип чыгып, анын алкагында Бишкекте заманбап стадион курула тургандыгын айтты. Интернеттен карасак, 40-50 миң адамга эсептелген орточо стадион 50-60 миллион долларга курулат экен. Анча акчаны Кыргызсган кайдан табат? Биз аны бир чоң ишкерге баш оту менен өткөрүп берүү же ашар жолу менен куруу аркылуу гана чечишибиз мүмкүн. Маселен, А.Салымбековго тийиштүү жерди акысыз ажыратып берип, “мынча орундуу стадион кургун, ал сеники болот” десе, ал башка ишкерлер менен бирге болсо да ал маселени чече алат. Же бир нече жылга республикалык деңгээлдеги футболдон башка спорттук иш чараларга мораторий жарыялап, ишкерлерге, аймактарга салыктарды салуу аркылуу гана заманбап стадионду курушубуз мүмкүн. Бюджеттен анча каражат бөлгөнгө мүмкүнчүлүк жетпейт. Жакынкы жылдарда тышкы карыздарды тейлөөгө сарпталчу каражаттар эки эсеге жакын көбөйүп, жыл сайын 32-35 млрд. сомду чапчый баштайт. Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?

Футбол – спорттун падышасы. Кызыгууларынын сандары боюнча ага спорттун бир да түрү атаандаша албайт. Анын үстүнө бир заманбап футболдук команда – бир аймактын экономикасын алга сүрөп, инфратүзүмдөрүн да өнүктүрө алат. Демек, стадион канчага курулса да эртели кеч өзүнө кеткен чыгымды актайт. Анын рекреациялык, ден-соолукту чыңдоочу жактарын, коммерциялык мүмкүнчүлүктөрүн айтпай эле коёлу. Мына ушул өңүттөн алганда бизде жакынкы жылдарда заманбап стадионду куруп, футболду өнүктүргөнгө негизги басым жасап, бардык мүмкүнчүлүктөрдү ошолорго жумшагандын пайдасы чоң, келечеги ишенимдүү эмеспи – деген ой туулат. Көчмөндөр оюндары да өнүгө берсин, ага каршылык жок, бирок баары бир артыкчылык футболду өнүктүрүү боюнча мамлекетгик программага берилиши керек го. Анткени, футбол – дүйнөлүк эң абройлуу оюн гана эмес, эң кирешелүү тармак да болуп саналат. Бул жагы да эске алынуусу керек го.

Мирлан Дүйшөнбаев, КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгынын эксперти

Булак: «Факты.kg»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *