Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 18-майда Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болмок.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн Атамбаев соттук отурумга келген эмес. Ал ден-соолугуна байланыштуу сотко келе албагандыгы тууралуу арызды күзөтчүлөр аркылуу берип жиберген. Буга байланыштуу ал өзүнүн катышуусуз жыйын өткөрүүнү өтүнгөн. Ошондой эле, соттолуучу Мээрбек Мискенбаевдин жактоочулары сотко келген эмес.

Ошентип, Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 25-майга жылдырылды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын 18 тарапташы айыпталуучу катары өтүп жатат. Алар КРнын Жаза кодексинин “адам өлтүрүү”, “барымтага алуу”, “бийликти күч менен басып алуу”, “массалык баш аламандыктар”, “куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча айыпталууда. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин 5 жан-жөкөрү тергөө менен кызматташууга баргандыктан, алардын иши өзүнчө каралып, өздөрү үй камагына коё берилген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *