Кой-Таш окуясы боюнча сотто Атамбаевдин кан басымы түшүп, отурум жылдырылды

Бүгүн, 23-мартта Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумду жылдырышты.

Адвокат Сергей Слесаревдин айтымы боюнча, отурумду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугу начарлаганына байланыштуу жылдырылган. Ал түштөн кийин өзүн начар сезип, кан басымы түшүп кеткен.

Ал ошондой эле судья Марат Мыдыков Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумду 30-мартка жылдырганын билдирди.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *