Кой-Таштагы окуялар. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге карата айыптоо актысы окулду

Бүгүн, 5-августта Биринчи Май райондук соту Кой-Таш айылында 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялар боюнча он-лайн соттук териштирүүнү кийинкиге калтырды.

Отурумда Мээрбек Мискенбаевге карата айыптоо актысы окулду.

Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, түшкү тамак башталгандыгын эске алуу менен, сот 14: 00гө чейин тыныгуу жарыялады, бирок депутат Ирина Карамушкинанын адвокаты  келбей калгандыктан, процесс 10-августка жылдырылды.

Кылмыш ишинде Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар суралууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *