Көйгөйлүү маселе же ат коюу жөрөлгөсү

Бала төрөлгөн соң, ага ар кимибиз ар кандай ысымдарды ыйгарабыз. Өзүбүз кыргыз болуп туруп эмнеге наристелерибизге бөлөк элге таандык болгон ысымдарды көбүрөөк берип жатабыз деген суроо жаралат. Көптөгөн элдер мамлекеттүүлүккө жете албай жүрөт. Биз эгемендүү эл болдук деп сүйүнгөнүбүз менен башка нукка бурулуп кетпегей элек деп чочуйм. Ошондуктан балага ат коюу ары жоопкерчиликтүү, маданий жана маанилүү маселе. Муну айтканымдын себеби, азыркы чоң көйгөйлөрдүн бири балага туура ат коюу же туура жазуу.

Элдердин ысымдары – элдердин тарыхынын бир бөлүгү. Биздин өлкө көп улуттуу, ар бир улуттун өзүнө тиешелүү өзгөчө эң жакшы ысымдары бар. Адам бала кезинен ар түрдүү ысымдарды угат, алар аркылуу дүйнөнүн маанисин түшүнө баштайт. Эң негизгиси анын маңызын жана анын келип чыгышын билиши керек.

Өзүмдүк ысымдар илимий жактан ономастика деп аталат. Бул сөз онома – ысымдар грек сөзүнөн алынган. Ономастика жагынан караганда дагы кээ бир ысымдардын коюлушун изилдөөгө туура келет. Адам ысымдары ар түрдүү мүнөздөлөт, кээ бир учурда анын сырткы келбетине жараша, кээде үй-бүлөлүк жашоосуна жараша, кээде туугандарына, катышына жараша, а кээ бирде өзүнүн ишине жараша болуп калат. Ысымдын адамдын тагдырына чоң таасири бар. Адамга жөн эле ат койбойт да. Атына жараша заты деп да бекер айтылбайт. Балага ат ыйгарууда ал ысым ушул доорго туура келер-келбесине, кийин балага жагар-жакпасына караш керек.

Бизде кыргыз элинде илгертен эле ысымга чоң маани беришкен. Ошондуктан калы барларга Калыбек, Калбү, Калия же анары бар балдарга Анарбек же Анаргүл деген ысым ыйгарышканда анары жоголуп кетчү. Бир туугандары чарчап калганда кийинкиси токтосун деген үмүттө Токтокан, Токтобек, Токтобүбү же Токтосун, кыздар көп төрөлсө эркек төрөлсүн деп Бурул, Жаңыл; баласыз болуп жүрсө: Тилек, Сагынбек; атасы улгайган киши болсо Карыбек, Эрмек, Жетимиш, Сексенаалы, Токсонбай деп коюшкан.

Негизинен балага ат коюуда чоң атасынын, чоң энесинин же айылдагы улуу аксакалдарга, сыйлуу кишилерге койдуртушкан.

Ысымдар заманга жараша да өзгөрүп турган, совет доорундагы ысымдар: Совет, Съезд, Октябрь ж.б. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Фронт, Тынчтык, Жеңиш, Мирбек деген аттарга басым жасалган. Андан башка ар бир мезгилдеги ошол кездеги же азыркы учурдагы башкаруучу инсандардын аттарынан же кино жаатындагы киноактерлору же каармандардын аттары да коюлат.

Тарыхый белгилүү инсандардын атын же Манас эпосундагы аттарды коюуда биринчи ал ошол ысымды көтөрө  алабы же жокпу деп ойлонушкан. Учурдун талабына айланган ысымдарды өзүбүздүн тилде коркпой эле коюу керек. Бирок мунун да балага жарашаарын карап көрүш керек. Мисалы: Байэл, Нурэл, Жанэр.

Кыргызча ысымдар жетишээрлик эле бар, бирок ошолордун ичинен да туура эмес жазылгандары көп. Мен өзүм турмушта көргөн бир мисал, Калбү – Галбү, Даанышман деген атты күбөлүк жазганда орус же башка улуттагылар отурганбы Таанышман деп жазып салган. Калыс деген атты Хализ же жөнөкөй эле Жаныбек дегенди Джаныбек кылып оңдоп жазышкан.

Бир элдин ысымдары кийинки бир элдердин ысымдарына дагы ооп кеткен учурлар бар же туура ат коюу боюнча проблема жаралууда, башка элдердин ысымын коюу.

Мисалы,  Россиянын ар кайсы бурчунда төрөлгөн кыргыздар эми орустарга карап ат коюп баштады жана европалыктардын да аттары жок эмес Диана, Роза, Индира, Карина, Клара, Оксана, Альберт ж.б. Азыркы кезде араб улутундагылардын ысымдары басымдуу болуп баратат. Мисалга алсак, Абду-дан башталган ысымдар, Абдурахман, Абдубакай, Абдухалил, Абдубакир, Абдумуталип, Абдумалик, Абдибаит, Абдилахат ж.б. жана  Али, Хамид, Ханиф, Умар,Усман, Билал, Расул, Мамазаит, Исмаил, Рахим, Хамза, Алима, Малика, Фатима, Зайнап, Рукая ж.б.

Эгерде кудай жолуна ат кое турган болсок, өзүбүздүн тилде эле койбойлубу. Биз азыркы заманда ысымыбыз эле эмес, фамилиябызга да көңүл бурсак андан да жакшы болмок. Башка мамлекеттерди карап көрө турган болсок, мурунку СССР убагындагы Украина славян эли (оруска жакын) болуп туруп өзүнүн фамилияларын берген жок. Шевченко, Нестеренко –ко менен бүтөт. Грузияны деле алсак: -швили же –дзе менен бүткөндөр. Армяндар, Белоруссия, Прибалтика бүт фамилияларын алмаштырган эмес, Орто Азиядан башка. Биздин башка мамлекетте жүргөн кыргыздар фамилияларын өзгөрткөн жок, Мисалы: кытайдагы кыргыздар Жусуп Мамай, Анвар Байтур, Макелек Өмүрбай ж.б. Биз дагы бара-бара өтүшүбүз керек, азыр өтүп жаткандар да жок эмес, Мисалга алсак, коомдук ишмерлерден Турсунбай Бакир, Турсунбек Акун, Болот Шер, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин ж.б. Эми фамилияны акырындык менен өткөрүп алсак, азыр биздин көйгөйлүү маселебиз биринчи кезекте ысымдарда болуп жатат.

Маселе өзүбүздүн чыныгы кыргыз аттары кайсы, башка аттар кайсылар экенин ажырата албай калганбызда болуп жатат. Кыргыз адам аттары эпос, жомок, элдик оозеки чыгармаларда жатат.

Мисалы, башка улуттардын адам аттарынан жана фамилиясынан эле кайсы элге тиешелүү экенин билсек болот: кытайлар, армяндар, грузиндер сыяктуу. Италиялыктар жана жапондорду өңүн көрбөсөк деле атынан алардын ким экенин билебиз да. Бизде  адам атынан кыргыздын өңү көрүнбөй жатат. Маселе мына ошондо болууда. 

Ар бир улутка тиешелүү ысымдар бар, ысым аркылуу дагы биз таанып билебиз, биздин элибиз дагы бай тарыхы бар, байыркы элдердин бири ушул убакытка чейин кылымдарды карытып сакталып келе жаткан сырларынын бири бул – мурастарыбызды сактап, жараткандын мыйзамдарын аткарып жашаганыбыз үчүн. Азыр ааламдашуу болуп, көптөгөн улуттар жок болуп кетүү коркунучтары болуп, айрымдары жок болуп, чоң элдердин арасына сиңип кетишти. Улут болгонубуз менен ысымыбыз башка тилде коюлса, эмнебиз менен айырмабыз бар. Кыргыз тили томсоргондой, ысымыбыз дагы босогого чыкты. Ар кимдин өзүнүн каалаганын коет деңизчи, биз мындай ат кой же тигиндей ат кой деп айта албайбыз, бирок биздин өзүбүздүн каада –салтыбыз, маданиятыбыз бар да, ошого жараша элдин купулуна толуп, элге жакса гана коомчулук туура кабыл алат.

Ар бир инсан энчилеп койгон ысымы эмнени түшүндүрөт экенин билгиси келсе керек. Анткени ал өмүр бою ошол ат менен жашайт. Азыркы биздин убакытта балдардын жана кыздардын аттарынын түрдүүлүгү аябай жогору турат. Ысым – жөн гана сөз эмес. Ошондуктан балага ыйгарылып жаткан аттын жеке маңызына дагы жакшылап үңүлүү керек. Өз учурунда бул анын келечегине, кулк-мүнөзүнө жана аң-сезимине баарынан биринчи таасир этээри бышык делет илимде.

Адам бала кезинен ар түрдүү ысымдарды угат, алар аркылуу дүйнөнүн маанисин түшүнө баштайт. Эң негизгиси анын маңызын жана анын келип чыгышын адам билиши керек. Мында баса айтып кетүүчү нерсе, ар бир ысымды бир тараптуу кароого болбойт, анткени адамдар ар түрдүү ойлонуп өздөрүнүн ойлорун айтат.

Наристеге ысым энчилөө кыргызда да өзүнчө бир маданият болуп саналат. Ага жараша ата-эне өз баласын кандай сүйсө, анын атына ошондой урмат менен мамиле жасашы, ал эми бала берилген энчини жоопкерчилик менен алып жүрүшү керек. Ошондой эле кыргызда да наристеге ыйгарылган ысым анын кийинки жашоосуна таасир этет деген ишенимдин алдында ат коюуда элдик этика бар.

Адамдын жашоосунун өздүк ысымдын мааниси өтө чоң. Бардык ысымдын өзүнүн тарыхы бар. Алар жаралат, өзгөрүлөт жана жоголот. Аттардын тарыхы, элдердин тарыхы жана алардын тили менен тыгыз байланышта. Байыркы аттар элдердин мүнөздөмөсү менен өзгөчө орунду ээлеген.

Ошондуктан биздин айтуучу шарттарыбыз: паспорт столундагы, никелешүү жөнүндө, бала төрөлгөндө күбөлүк берген жайларда улуттук орфография жана орфоэпия менен тааныштыгы бар, сабаттуу кишилерди документ бере турган жерлерге тандап коюш керек.

Ат коюу ар бир инсанга өмүрүндө бир эле жолу коюлат. Ошол туура таксыктап жазылса, ар бир күбөлүк берилүүчү жерлерде, төрөт үйлөрүндө адамга коюлуучу ысымдардын тизмеси болушу шарт. Андан сырткары документ берүүчү тарап ат коюуга байланыштуу, кеңештер  менен сунуштар боюнча багыт берилсин. Төмөндө кыскача сунуш кылынуучу ысымдар жөнүндө мисал кыла кетсек:

Айымдардын  ысымдары:

Айымдарга тиешелүү назиктик (гүл) жана сулуулук үчүн басым жасоо ж.б.  Гүлназ, Айназ, Гүлүм, Айгүл жана башка ысымдарды: Керемет, Жанара, Жылдыз, Айдай, Чолпон, Салтанат, Сезим, Акылай, Арууке, Назик, Гүлай, Кыял, Эркинай. Айым, Ширин, Акмарал, Аксаамай, Айке, Акбермет, Жийдеш, Сымбат, Салкын, Ажарлуу, Касиет, Акшоола, Жыпар,  Пери ж.б. колдонсо болот.

Балдардын ысымдары:

Балдарга көбүнчө бек, бай, бий, кан (хан) болсун деп аякы мүчөлөрүнө басым жасоо болгон. Мисалы, бек болсун десе (Бек, Бекназар же аягына Назарбек, Темибек же Бектемир, Болотбек же Бекболот ж.б.), бай болсун десе (Бай , Байболсун же Болсунбай, Байтурган же Турганбай ж.б.)  бий болсун деп Бийназар, Биймырза, кан болсун деп Кантемир, Канболот, Канчоро, Мырзакан жана башка ысымдарды: Жоодар, Акыл, Таалай, Бакыт, Өмүр(-бек, -бай), Узак, Максат, Байэл, Нурэл, Жанэр, Бекжан, Калыс, Айдар, Кайрат, Дастан, Чоро, Мырза, Төрө, Элдос, Залкар, Байтур, Эркебек ж.б. колдонсо болот.

Орозакунов Аскар Исабаевич

Бишкек шаары.

Сунушуңар же пикириңер болсо orozakunov_a@mail.ru  дарегине жибериңиздер.

Булак: Фабула 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *