Көк бөрү федерациясынын жетекчилигиндеги саясый көз боёмочулук менен чайкоочулук

1-март күнү Кыргызстандагы Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү, дүйнөгө таанымал кинорежиссер Болот Шамшиев “5-каналдан” 1998-жылы Көк бөрү федерациясынын президенттик кызматын андан ал кезде эч кимге белгисиз, (Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты, Талас облусу Манас району – Википедия) Болот Шерниязов алдамчылык жана карөзгөйлүк менен тартып алганын билдирди.

Ошол эле 1-март күнү “АКИпрессте” маалымат жыйынын өткөргөн Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн вице-президенти Канат Хасанов 27-февраль күнү Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын залында (губернатор Туйгуналы Абдраимов-ред.) КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Канат Исаев менен Урмат Самаев Көк бөрү федерациясынын чукул съездин өткөрүп, федерациянын эрежелерин жана мыйзамдарды бузуу менен федерациянын президенттик кызматын Жыргалбек Саматовдон тартып алып, анын ордуна өздөрүнүн кланынан Искендер Кадыркуловду легитимсиз “шайлап” коюшканын билдирди.

Ушул эки окуя Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы түзүлгөн биринчи күндөн азыркы күнгө чейин анын президенттик кызматы дайыма талашка түшүп, ага кыргыздын саясатчылары дайыма саясый түс берип, тим эле Кокон хандыгынын тактысын талашкандай кутумдарды уюштурушуп, ишке ашырып келатышканын эске салды.

Көк бөрү федерациясынын президенти кызматына ар кандай шылуундук жол менен жеткен айрым саясатчылар андан саясый капитал топтоого жантыгынан жата калышат. Ал коомдук башталыштагы кызматын монетизация кылганга шашат. Саясый интригаларга пайдаланып, андан материалдык жана кызматтык ресурстарды өндүрүүгө жанталашат. Ушундан улам элдин эсинде калган айрым окуялар аргасыздан эске түшөт.

1990-жылы Ошто болуп өткөн кандуу окуялар учурунда Алайлык атчан кыргыздар Ошко түшүп келип, ал окуяларга чекит койгон деген сөз кеңири тараганынанбы айтор кайсы бир саясый окуялар болуп жаткан жерге тоо жактан түшүп келген атчандар чечүүчү ролду ойнойт деген сыйкырдуу сөздөргө саясатчылар бекем ишенип алышкан. Андыктан Көк бөрү федерациясынын президенттик кызматына жеткендердин айрымдары аны мына ушул нукта пайдаланып, мына ушундай мифтин тарашына кызыкдар болуп келатышат.

2007-жылы апрелде Феликс Кулов менен Өмүрбек Суваналиевдин “Элдик фронту”  Ала-Тоо аянтын ээлеп турганда аларга эки эле жыл мурун жаңы депутат болгон Болот Шерниязов келип “мага 50 миң доллар бергиле, мен силерге тоо жактан 1000 атчан алып түшүп, Ак үйдү курчайбыз, Бакиевдин жүрөгүн түшүрөбүз” деп убада берет. Бул сыйкырдуу мифке ишенген “Элдик фронттун” лидерлери Болот Шерниязовго 50 миң АКШ долларын карматышат. Анан митингичилерди ары-бери бастырып, Ак үйдүн алдына митинг өткөрүп, тоо жактан Болот Шерниязов убада кылган 1000 атчанды күтө башташат.  Ага ишенип, бийликти ачык опузалап киришет. Президенттик администрациянын башчысы, чүй кланынын өкүлү Мыктыбек Абдылдаев коркконунан отставкага кетип калат. Бирок, Шерниязов дайынсыз жоголуп кетет, убадаланган убакытта убадалган атчандар келбейт. Кайра-кайра издешип жатып, бирөөлөр аркылуу таап, убадаланган атчандарды талап кылышканда аргасы кеткен Болот Шерниязов араң 20дай атчанды жөнөтөт. 50 миң долларга 20 атчан жыйнап берет. Митингичилердин моралдык духу түшөт. Ошол учурда Бакиевдик күчтөр өзүнүн милициялары менен эле келип, митингичилерди чилдей кууп таратат. Ал учурда чүй кланынын дагы бир өкүлдөрү, премьер-министр Алмаз Атамбаев менен Саламаттыкты сактоо министри Туйгуналы Абдраимов “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жаныш Бакиев менен “саясый ситуация эмне болуп кетет” деп коркуп арак ичип олтурушкан. Бакиевге каршы чыккан күчтөр газ менен ууланып, уруп-сабап, күч менен кууп таратылганын уккан Атамбаев жанындагы Жаныш Бакиевге (генпрокурор Элмурза Сатыбалдиев, Бишкек милициясынын начальниги Молдомуса Конгайтиев, УКМКнын төрагасы Мурат Суталинов жана башкалар да ал жерде болушкан) “мен азыр Ала-Тоо янтына барып, аларды жайлайм” деп убада берип, Туйгуналы Абдраимовду кошуп алып, Ак үйдүн жанына келип, жан сакчыларынын кайтаруусунда туруп алып, Бакиевге каршы чыккан митингичи кыргыздарды  “Барандар!” деп кыйкырып кемсинтет. Бул тарыхый учур КТРден да көрсөтүлүп, анын видеотасмасы алигиче интернет айдыңында тарап жүрөт.

2009-жылы бийлиги аябай бекемделип калган ал кездеги президент Курманбек Бакиев да көк бөрүчүлөр тууралу сыйкырдуу мифти угуп алып, Көк бөрү федерациясынын президенти кызматын өзүнүн оң колдорунун бири болуп калган Ички иштер министри Молдомуса Коңгайтиевге алып берет. Молдомуса Коңгайтиев көк бөрүчүлөргө эбегейсиз чоң финансылык жардамдарды берип, федерацияны чыңдайт, анын кадыр-баркын көтөрөт. Айрыкча Таластык көк бөрүчүлөрдү катуу колдойт. Алар менен ага-инидей болуп калат. Мына ошондуктан Көк бөрү федерациясынын президенти Молдомуса Коңгайтиев 2010-жылы 6-апрелде Таласка өзүнүн көк бөрүчү ага-инилерине ишенип коркпой барат. Бирок Таласка келген Коңгайтиев өзү ошол күнү абактан бошоткондор аны сабоону башташканда, аларга жаш балдар кошулуп кеткенде көк бөрүчүлөр бийликти сактамак тургай, өздөрүнүн бир президентин сактоого кудурети жетпей калган.

Таласта “көк бөрүгө” тартылып кеткен Молдомуса Коңгайтиевдин бир тууган агасы Камбаралы Коңгайтиев Бишкекте жаңы эле Ички иштер министри болуп дайындалган милициянын 1991-жылдан бери отставкадагы капитаны Болот Шерниязовго келип, инисин куткарып берүүнү суранат. Болот Шерниязов 200 миң доллар талап кылат. Камбаралы Коңгайтиев андай акчасы жок болгондуктан Молдомуса Коңгайтиевдин квартирасын күрөөгө коюп, Өмүрбек Бабановдун “Кыргызстан” банкынан 200 миң доллар кредит алып, Болот Шерниязовго алып келип берет. Ошондо гана Болот Шерниязовдун жигиттери Молдомуса Коңгайтиевди Бишкекке жеткирип беришет. Ал акчанын куткаруучуларга жетпей Болот Шерниязовдо калганына нааразы болгон анын жакын жан сакчысы Болот Шерниязовду ашата сөгүп, кызматын таштап басып кетет. Окуядан көрүнгөндөй Көк бөрү федерациясы ал кездеги бийликке да, жадагалса өздөрүнүн президентине да жардам бере албады, алардын үмүтүн актабады.

2010-жылы ноябрда “Республика” партиясынан парламентке депутат болуп келген Канат Исаев алгач Көк бөрү федерациясынын президенти кызматын сактап калган Молдомуса Коңгайтиевди ал Ички иштер министри болуп турган кездегидей эле көзүнүн агы менен тең айланып жүрдү. Бирок 2011-жылы парламентте өзүнүн позициясын чыңдап алып, Атамбаев менен тил табыша баштагандан кийин кутум уюштуруп, Молдомуса Коңгайтиевди түртүп салып, өзү Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланып алды. Ден соолугу менен алпурушуп жүргөн Молдомуса Коңгайтиев ага каршылык да көрсөтө албады,  унчукпай бошотуп берди.

2015-жылы Көк бөрү федерациясынын президенти Канат Исаев көк бөрүчүлөрдүн сыйкырдуу  мифине Атамбаевди да ишендирип, КСДПнын клону боло турган “Кыргызстан” партиясын түзүүгө “добро” алат. Ал партиясы парламенттик партия болуп, шайлоодон жеңип чыгарына да кепилдик берилет. Алтургай партияны каржылай турган “Шаки” деген каймана аты бар олигархды да үстөк катары белекке алат. Атамбаевдин ишенген кишилеринин бирине айланып  ити чөп жей баштайт. Чын эле 6 айлык “Кыргызстан” партиясы парламенттик шайлоодо 6 жылдан 20 жыл тарыхы бар партиялардан көп добуш алды деп жарыяланат. КСДП менен бирдикте көпчүлүк башкаруучу коалицияга кирет.

2016-жылы апрелде Премьер-министр Темир Сариевди коррупцияга айыптап, кызматтан кетирүүдө Атамбаевден “торпеда” болуу тапшырмасын алат, акысына Жогорку Кеңештин спикерлик кызматы убадаланат. Темир Сариевди жыга чабышкандан кийин Атамбаевдин тобу спикерликке формалдуу шайлоо өткөрүп, Исаев менен Төрөбаевди тең чыкты кылышып, КСДПнын “көмөчтүү” өкүлү Чыныбай Турсунбековду спикерликке шайлап коюшат. Ошондон баштап Канат Исаев президент Атамбаевге катуу таарынып, бултулуңдай баштайт. Ага жини келип, көк бөрүнүн бийликти сактап калуудагы сыйкырдуу күчүнө ишенип калган Атамбаев аны колдон чыгарбоо үчүн Көк бөрү федерациясынын президенти кызматын Икрамжан Илмияновго алып берүүгө ишараат жасайт.

2017-жылы 1-апрелде Атамбаевдин ишарааты менен Көк бөрү федерациясынын президенти болуп Ирамжан Илмиянов шайланат. Ошол эле 2017-жылы Канат Исаев “массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдануу” жана “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” айыптары боюнча камакка алынат. Эч кандай көк бөрүчүлөр Канат Исаевге жан тартып акцияга чыкпайт. Эч кандай көк бөрү Канат Исаевди күчтүн зулумдугунан сактап калалбайт. Ошондой эле Атамбаев бийликтен кеткенден кийин анын оң колу Икрамжан Илмиянов жетектеп турган Көк бөрү федерациясы Атамбаевдин бийликтеги таасирин сактап калууга кыпындай да таасир бере албайт. Бере албайт да болучу, анткени көк бөрүчүлөр саясый курал катары чоң күч деген ишеним ал куру сөз, миф эле болучу. Икрамжан Илмиянов ага кылмыш иши ачылып жатканын угуп калып өлкөдөн чыгып кетет.

2018-жылы 6-июлда Жыргалбек Саматов КР Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланат. Аны бир жыл да иштетишкен жок.

Азыр үй камагында олтурган Канат Исаев Ак үй менен Көк үйдү аралай чаап, көк бөрүнүн саясый курал катары сыйкырдуу күчүнө бийликтин бийик эшолонунда олтургандарды ишендирип, эгер атамбаевчилер Ала-Тоо аянтына митинг уюштурушса тоо жактан 1000 атчан көк бөрүчү түшүп келип чилдей кууп таркатарын айтып, эгер Көк бөрү федерациясынын президенттигине анын кишиси шайланып калса эле бардыгы ойдогудай болорун бөркүңөрдөй көргүлө деп жүргөн эле.

2019-жылы 27-февралда депутаттар Канат Исаев менен Урмат Самаев Чүй облустук администрациянын имаратында КР Көк бөрү федерациясынын президентин алмаштырышты. Эми федерацияга алардын кланына кирген Искендер Кадыркулов келди. Бирок, Ысык-Көл облустук Көк бөрү федерациясынын вице-президенти, юрист Канат Хасановдун расмий билдирүүсүндө алар бул ишти легитимсиз съездде, кворуму жок, мыйзамсыз “нагло” жасашты.

Акырында Ак үй менен Көк үйдө олтургандар көк бөрүчүлөрдүн бийликти сактап калуудагы сыйкырдуу күчү тууралу мифке ишенишсе талаада калышарын эскертер элек. Мындай апыртмалар ал мифтерди таратышкандарга гана пайдалуу. Эч качан бийликти сактап калууга тоо жактан 1000 атчан түшүп келбейт. Көк бөрү федерациясынын жетекчилеринин “биз тигил жерде 1000 көк бөрүчү катышкан оюн өткөрдүк, тиги жерде 3000 атчан катышкан көк бөрү өткөрдүк, эми тигил аймакта 10 миң атчан катышкан көк бөрү өткөрөбүз” дегенине такыр ишенбеш керек. Ал чогулгандар Көк бөрү федерациясынын жетекчилерисиз деле өздөрү чогулуп ойноп жүрүшөт.  Тиги Жыргалбек Саматов деле Көк бөрү федерациясынын президенти боло электе эле жеке той берип, 50 миң киши катышкан көк бөрү уюштурган. Эгер байгелерин жакшы коюп, уюштуруу иштерин мыкты жолго койсо Көк бөрү федерациясы жок эле чоң оюндарды уюштурууга болот. Анткени көк бөрү оюну азыр кыргыздын улуттук оюндарынын эң популярдуусу болуп турат. Бирок ал чогулгандар эч качан федерациянын жетекчилеринин тилине кирип, бийликке каршы чыккан митингичилерди кууп таратпайт, бийликти коргобойт. Ал шылуун саясатчылар саясый упай топтоо үчүн ойлоп тапкан миф.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *