Кеңешбек Тургунбаев: Көкүрөктөгү күйүт – Чыдоонун да аягы болот, намысыңа кел, кыргызым!

«Кекиртек-кекиртек, кыйла жерге секиртет» дегендей кыргыздар өткөөл замандын агымына кабылып, руханий байлыгы жардыланып, соода-сатык менен алектенип, байлыктын артынан кууп, илгертен ата-бабаларыбыз сактап келген, башка элдерде жок каада-салттарыбыз — улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо, ыйман-ынсап, адеп-ахлак ж. б.у.с. баалуу сапаттарыбызды жоготуп, байлык менен бийликтин кулу болуп баратабыз.

Японияда окумуштуулардын Эл аралык жыйыны болуп, үч кыргыз катышып, жыйындын акырында кыргыздар япондордун сыйына ээ болушат. Себеби, ошол үч кыргыздын бирөөсү улуу экен, жыйын бүткөнчө эки жигиттин урматтап жүргөнүн байкаган япондор «Бизде да улууну урматтоо салтыбыз бар эле, ошону жоготуп алдык» деп кыргыздарга ыраазычылык билдиришкен.

Аксакалдарыбыздын айткандары эки болчу эмес. Бийлик төбөлдөрү да аксакалдар менен кеңешип чечим кабыл алышчу. «Карысы бардын ырысы бар» деп кыргызда бекер айтылбаган. Ѳкүнүчтүүсү, азыркы учурда аксакалдарыбыз калыстыктан тайып, кошоматчы дежурный чалдар аталып калышты.

Коомубузда жүрүм-туруму, ак эмгеги, билими жана акылы менен жаштарга насаат айтып, аталган сапаттары бар үлгү болчу аксакалдарыбыз калбай баратат.

Ѳзбек улуту кошоматчы калк келет деп айтып келебиз, бирок кыргыздар эгемендүүлүктүн эпкини тийдиби, айтоор бүгүнкү күндө кошоматчылык жагынан өзбектерди жолдо калтырдык.

Абройлуу аксакалыбыз президенттин баласынын көчүн мактаса, шайлоо учурунда карыларыбыз, ак элечек энелерибиз баары акчага азгырылып, үйдөгү жумуштарын таштап, стадиондо же ат майданда алакандары кызаргыча кол чаап, кыйкырык-сүрөөн менен партиялардын парадын колдоп келишет. Анан эле кокуй биз шайлаган бийлик же болбосо депутаттар тигини кылбады, муну кылбады деп наалышат, а бирок ошол добушун акчага саткан менен иши жок.

«Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» — дегендей, адам бол, эл алкышына ээ бол, таза бол, эл керегине жараган инсан бол, деп бата беришчү мурунку аксакалдарыбыз, азыркы кошоматчы дежурный чалдарыбыз бай бол, аким, депутат, министр, президент бол деп бата берип калышты.

Тилекке каршы, ОБОН (отряд баб особого назначения) атка конгон айымдарыбыздын оозунан керемет сөздөр кайдан чыксын. Туура жолду көргөзүп кеңеш бере турган, кана биздин Кыз Сайкал, Айчүрөктөй, Курманжандай даткаларыбыз? Кыргыздын аялдарынан качан ОБОН деген чыккан? Акча үчүн көчөгө чыгып, кыйкырык сүрөөн менен оозуна келгенди оттоп, бетин тыт десе бетин тыткан айымдар башкаларды коёлу өзүнүн балдарына кандайча таалим-тарбия бере алат?

«Эки тоонун чөбүн эңсеген, эчки ачка калат» дегендей Ѳмүрбек Текебаев Батыштын парламенттик башкаруусун өлкөбүзгө таңуулап, бир үй-бүлөөнүн мүчөлөрүнүн ынтымагы бузулуп, азыркы шайлоо базардагы башаламан сооданы элестетип калды.

Орто-Азия чөлкөмүндө жалгыз биз демократия аралчасыбыз деп төшүбүздү каккылайбыз. «Бош араба катуу калдырайт» демекчи, бул парламенттик башкаруу элге эмнени берди? Бешинчи чакырылыштын депутаттары убаданы беришти, ант беришти, элдин жонконунан миллиарддаган сомдорду мойсоп, эч кандай жоопкерчилик тартпай, чөнтөгү жукалар сыртта калып, капчыктуулар кайра эле 6-чакырылыштын депутаттары болуп калышты.

Орто мектептин окуучусунчалык ой жүгүртө албаган депутаттык топтун мүчөлөрү, депутаттык төш белгини тагынса эле акылы кошо көбөйгөнсүп, омоктуу ойлорду айтымыш болушат. Кээ бирлери оозуна суу толтуруп алгансып, балык болгондор да жок эмес. Айтайын десе, билими тайкы, акылы жетпесе, сүйлөйүн десе эки ооз сөздүн башын бириктире албаса бечаралар кантсин, балык болбоско айласы жок да. Арасында кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү да жок эмес.

Кыргыздар илгертен эле демократиялык балуулуктарды сактап келген. Ар бир уруунун тың чыкма өкүлдөрүн курултайга делегат кылып шайлашкан. Эмне үчүн биз өзүбүздүн баалуу салттарыбызды унутта калтырып, башка бирөөлөрдү ээрчий беребиз?

Кыргыздар ар кимди ээрчип оома болуп калдыкпы же жөндөмдүүбүзбү деген суроо түйшөлтөт. Орустарды туурап, киргиз болуп орусча ой жүгүртүп, орусча түш жоруп калдык. Ѳзүбүздүн курултайды чанып, батыштын парламентин кабыл алып, элди бөлүп-жарып, сызга отургуздук.

«Шордуу элге миң башчы, өсөөр элге бир башчы» демекчи, Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкө башчысына жарыбай келебиз. Отузга жакын өкмөт башчысын алмаштырып «Гиннесс» китебине катталдык. «Атың чыкпаса жер өрттө» деген мына ушул. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде саясий элита жокко эсе, булардын баары өз көмөчүнө күл тарткандар.

Кошуна Кытай Эл Республикасы бир эле компартия менен жашап 1,5 млрд элди багып, экономикасы жогорулагандан жогорулап, Американы артка калтырууда. 25 млн калкы бар Шанхай шаары акыркы 25 жылдын аралыгында укмуштуудай өнүгүүлөргө, өзгөрүүлөргө жүз берүүдө. Заңгыраган көк тиреген үйлөрү, үч-төрт кабат унаа жолдору, метролор, суу асты менен өтүүчү туннелдер, көчөлөрүнүн тазалыгы, түнкүсүн шаар ого бетер кооздукка бөлөнүп ж. б. ушунун баары ар бир адамдын көз жоосун алып, суктандырбай койбойт. Бир чети суктансаң, экинчиден арданасың, эмне үчүн биз ушулардай боло албайбыз, биздин булардан эмнебиз кем? Атаганат, биздин борбор калаабыз Бишкек ушулардын деңгээлине жетээр бекен деп айласыздан үшкүрүнөсүң?

Элдин эсебинен чет элге байма-бай каттаган бийлик төбөлдөрү “биздин Кыргызстанда ушулардай болуп өнүксөң” деген ой мээсине кирээр бекен?

Союз учурунда эң таза жана жашыл шаар аталып келген борбор калаабыздын учурдагы абалы бала ыйлагыдай. Шаарды бүтүндөй чаң баскан, көчөлөрүнүн баары таштанды, бак-дарактар куураган, Ата-Түрк паркынын жарымы мыйзамсыз кыйылып, анын ордуна «Царское село» курулган, айта берсе толтура. Көрнөк-жарнактар жалаң чет тилде Джинсо мания, Монте Карло, япона мама, life lux, Salivanez же орусча толгон токой…

Шаар бийлик башчылары демекчи, борбор калаабызды таштандыдан арылта албаган Кулматов шаар башчылыгынан  кайра эле майлуу орунга, Кыргыз-Орус Ѳнүктүрүү фондуна жетекчиликке дайындалып, анын ордуна «Кыргызстан» деген сөздү туура жаза албаган адам шаар башчысы болуп дайындалды.

Кыргызстанда мындай дайындоолорго жана орун алмашууларга таң калбай койсо деле болот. 25 жыл ичинде биздин бийлик төбөлдөрү үҷүн мындай нерселер көнүмүш адатка айланып калган.

Биздин мамлекетте башы иштебесе да, чөнтөгү иштегендердин ити чөп жеп, ташы өйдө кулап, иштери жүрүп турган мезгил. Мындай адамдарда Ата-Мекендин, эл-журттун кызыкчылыгы деген түшүнүк кайдан болсун, булар жогоруда айтылгандай байлык менен мансаптын кулдары.

Мекенибиз көк бөрүдөгү (улак тартыш) улактын акыбалына туш болгондой элестетет. Ач күсөндөй болгон бөрүлөр, чөөлөр четинен тартып, жула тарткандар ийинине кире качса, калгандары дагы деле 25 жыл дем албай тартып келүүдө.Чыдоонун да, бардык башталган иштердин да аягы болот. Эсиң барда этегиңди жый, намысыңа кел, кыргызым!

Арыктагы ылайланып аккан сууну тундуруу үчүн, арыктын башындагы булактын көзүн тазалоо керек. Алгач өзүбүз пейилди оңдоп, эки буттуу айбандын кейпин кийбей, адам болсок ошондо гана элин, мекенин ойлогон таза бийлик орнойт. «Бузулган элге бучук бий» деп эл арасында бекер айтылбаса керек.

Кеңешбек Тургунбаев,

 Жалал-Абад облусу,

«Бозбу-Ата» коомунун төрагасы

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *