Кол күрөш боюнча Жибек Каратаева чемпион болду

Учурда армрестлинг (кол күрөш) боюнча дүйнө чемпионаты Румыниянын Констанца шаарында өтүүдө. Ал 26-октябрда башталган, 4-ноябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандан 17 спортчу катышууда.

Спортчу кызыбыз Жибек Каратаева армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатынан бир алтын жана бир күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, Жибек Каратаева 40 килограмм салмактагы спортчулар менен күч сынашып, оң кол кармашында алтын, сол колдо күмүш медаль алган. Андан тышкары, Нурбек Алиев сол жана оң кол кармашында эки күмүш медаль алса, Аскат Өткүр уулу сол кол кармашында экинчи орунду ээлеген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *