Коменданттык саат киргизилгенден тарта Бишкекте 4 саат ичинде 160 мыйзам бузуу фактылары катталган

Кечээ, 25-мартта саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Бишкек жана Ош шаарларынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Ноокат, Сузак районунун, Ош облусунун Кара-Суу районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты  Алмазбек Орозалиев маалымдаган.

Бүгүн, 26-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, коменданттык саат күчүнө киргенден кийин Бишкекте бир катар мыйзам бузуулар болгон. 4 саат аралыгында борбор калаада 160 мыйзам бузуу фактылары катталды. Эрежени бузгандар Бишкек шаарындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Коменданттык саат 15-апрелге чейин күн сайын киргизилет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *