Компроматтар согушунун апогейи

Демейдегидей эле, бул ирет да, ШОСко кирген мамлекеттердин кезектеги Бишкекте пландашылган саммитинин алдында туруп, коомдук-саясий окуялардын кайрадан укмуштай тездик менен өнүгө башташына күбө болуудабыз… Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Медиа-Форумунун” алдында өз тарапташтары менен 8-июнда коррупцияга каршы күрөш ураандары менен митингге чыгып жатканы маалым. Алардын бул митингде айтыла турган талаптарына көз чаптырсак: баягы эле жадаткан, ашмалтайы чыккан “эски ырлар”,—камактагы экс-премьерлер Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду, экс-мэр Албек Ибраимовду бошотуу жана да сот тарабынан эркинен ажыратылган мурдагы жансакчы Дамир Мусакеевдин ишин кайра кароо…

Канчалык баналдуу, абсурддуу экендигине карабастан, бул антикоррупциячылар, тескерисинче, кайра ошол коррупцияга каршы күрөшүүгө аракет кылышкандарга каршы чыгып жатышкандай таасир калтырууда. Соттун соңку жыйынтыгы чыга электе эле мынчалык шашылышканына караганда, ал митингчилердин өздөрүнө гана маалым болгон, эң жүйөөлүү жана да аларды сырттан тынч карап тура алгыс кылган чоң себептер бар экендиги талашсыз.

Саясаттагы бул масштабдуу митингдердин алдында “пехота” басып кирер алдында алардын алдындагы чекти тазалап, даярдык көрүп, алдын ала атыла турган артиллериялык ок жаадыруулар сымал, пресса жана интернет, соцтармактар аркылуу өзгөчө күчөп кеткен чабуулдар да бекеринен эместиги эми гана ачыкка чыгууда. Ошондой дүрбөлөңдүү “чабуулдардын” биринин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымы менен байланыштырылганы да бекеринен эмес сыяктанат!..

Адегенде чуулгандуу “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин эле, алты айдан бери атайын органдар жасай албай келе жатышкан мындай иштерди кантип эле жалгыз, жаш, али тажрыйбасыз жана мурда бул сыяктуу иликтөөлөрү менен көрүнбөгөн жаш журналист жасай салды?! – деген орундуу суроолордун пайда болушу күтүлгөн нерсе болчу.

Ким билет, а балким, дал ошондой сары ооз балапан, анча-мынчаны терең аңдай биле бербеген, тажрыйбасы аз адамды курал катары пайдалануу ыңгайлуу экендигин эки жактан кырчылдаша тирешкен күчтөр алдын ала туура эсептеп чыгышкандыр? Мурдатан эле, коомдук ишмер жана АКШчыл НПОшчулардын расмий эмес лидери сыяктанган Эдил Байсалов экс-президент Атамбаев “тээ жаш чагымда эле мультимиллионер болчумун” деп бир нече ирет ыксыз мактанган соң, анын миллиондорунун чоо-жайын иликтеп чыгып, анын түрк ишкерлери менен чогуу жасаган айрым бизнес-проекттерине токтолгон иликтөөлөрү эске келет.

Ошондо да көптөгөн суроолор пайда болуп, бирок ошол бойдон андан ары улантылбай, жабылуу бойдон калган жайы бар… Анткени, ал кезде Атамбаев бийликте болчу! Эми азыр сөз ал жөнүндө деле эмес. Маселе – ошол иликтөөдөгү айрым уйгур бизнесмендеринин ысымдары жана фамилиялары “Раим-миллиондун миллиондогон долларларды которуусу” туурасындагы иликтөөдөгү фамилиялар менен дагы дал келип калып жаткандыгында болуп жатпайбы!

Мындан бир эле жыйынтык чыгарууга болот: демек,экс-президент менен ‘Раим-миллион” баштарын чогуу тыгышкан “акыр” бирөө эле. Акыры алардын мүйүзү чоңураагы экинчисин сүзүп, четке чыгарып койгон деп боолголошко негиз бар. Эки ортодогу таарынычтын башталышынын, анан акырындап жүрүп олтуруп, нааразычылыктан айыгышкан душмандыкка чейин өсүп жетишинин себептери дал ушунда жатышы да мүмкүн!..

Азиз Батукаевдин чагылгандай тездик менен бошотулушу эл арасында нааразылык толкундарын пайда кылып, бирок, бийлик тарабынан эч кандай реакция болбогон соң, терең түпкүргө кирип жашырынып, жер алдындагы деңиз түбүнүн тектоникалык кыймылдарынан улам, суу түбүндөгү жердин титирешинен болгон алаамат-цунами сыяктуу эле зор кесепеттерди жаратты. Бир нече жыл бою суу алдында гана тымызын билинбей келип, соңку жылдардагы экс-президент менен жаңы президент-мурдагы достун тиреши күч алган кезде апогейине жеткенсиди.

Жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун креатурасы болгон генералдык прокурор Өткүрбек Жамшитов мурда биротоло жабылып, же акыр-аягына чейин иликтенбей токтоп калып, чекит коюлбай, анын ордуна көп чекиттүү суроолор коюлуп, ошондон улам, коомчулукта көп суроолорду жараткан кылмыш иштеринин катарында эң эле чуулгандуу жана да эң жогорку бийликтегилердин фамилиялары менен байланышкан кылмыш иштерин ачыкка алып чыгып жаткандыгы бардык тараптан колдоого арзый турган кадам экендиги талашсыз. Ал эми талаштын жаралышы – ошол тирешкен эки тараптын “сен эмне менин былыктарымды чукуйсуң?” деген сыяктуу таарынычтай эле…

Соттордун чоңу аталган Манас Арабаев менен мурдагы генералдык прокурор Аида Салянованын бир күндө камалышы жөн гана кокусунан болгон дал келүүдөй сезилгени менен, жаңы президенттик бийлик тарабынан жарыяланган антикоррупциялык аракеттер да белгилүү бир чегине жетип калганын кабарлап турат.

Мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атахановдун кармалышы менен чогуу, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын чөйрөсүндөгүлөр кылтакка илине башташты. Мурдагы генпрокурор Аида Салянова камалгандан сегиз сааттан кийин экс-президенттин пресс-службасы шашылыш түрдө 8-июнда митингге чыгуу тууралуу жарыялады!

Сөздүн түз маанисинде алганда, эми мындан ары “чегинүүгө жер жок, артыбызда Алмазбек Атамбаев турат!” – дегендей абалга келип кептелишти. Мурда тирешкен тараптар ар кандай маневрларды жасашып, туш-тараптан чабуулдарды жасашып, ар кандай провокациялык саясий оюндарды уюштуруп, башка бирөөлөрдүн колу менен чок кармап (балким, “Азаттыктын” иликтөөсү сымал чуулгандуу компроматтык “бомбалардан” дагы далайы ташталмак!) келишсе, эми “чогуу” болсо да, “богу” болсо да – өздөрү гана кармай турушкандай кырдаалга кабылышты…

Апогейине жеткен компроматтар согушунун, саясаттагы бийлик талашуу жана таасирдүү чөйрөдөгү орундар үчүн күрөштүн жаңы стадияга өтүшүнө күбө болуудабыз. Болгондо да чечүүчү – эң акыркы стадияга өткөндөй таасир калууда. Анткени, ушул эң соңку “чоң казатта” жеңилген тарап ошол бойдон тебеленип, соттолуп-жазаланып, саясаттан да биротоло четке сүрүлөт!..

Алмазбек Атамбаев жана Раим миллиондун жарыкка чыккан чуулгандуу талашынан бир аз мурда экс-президенттин адашы – Оштогу дагы бир өтө таасирдүү фигура – “Оштун расмий эмес кожоюну” деп аталган Жалил Атамбаевге каршы багытталган иликтөөлөр да коомчулукта чоң резонанс жараткандыгы маалым.

Демек, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо таасирдүү боло турган күчтөр эмитен эле “кароолго” илинип, аларды биротоло четтетүүгө болбосо да, соттук-прокуратуралык тергөөлөр жыйынтыгы күтүлгөндөй болбогон күндө деле, жок дегенде – бери эле болгондо, ар кандай саясий-коомдук чуулгандуу оюндар аркылуу алсыратуу аракеттери көрүлүүдө…

Буга кыйыр мисалдардын бири -“Раим миллиондун” бир тууган агасы – азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 5-каналдан “Исмаил-Ата” фондуна миллиондогон долларларды которгон Озжан аттуу түрк жараны анын досу экендигин билдирди. Ошол эле учурда, мурдагы жылдарда бул ысымдын Турциядагы төңкөрүш жасоо аракеттери оңунан чыкпай калган соң, Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мектептери жана “Гюленчи” түркиялык ишкерлер катарында аталганы эске түшөт.

Азыркы парламентте да “Гюленчилердин” өкүлдөрү бар экендиги жөнүндө маалыматтар айрым массалык маалымат каражаттарында ачык эле айтылып жүрөт. Ал тургай, өкмөттө жана башка мамлекеттик бийлик бутактарында да алар кеңири тамыр жайышып, таасирдүү кызмат орундарын ээлешкен фигураларга айланышкандыгы кооптондурбай койбойт. Чындыгында,“гюленчилер” менен азыркы түркиялык расмий бийликтин ортосундагы бул саясий талаштуу тирешүү – алардын ички маселеси дечи, а бирок, маселе ошол чуулгандуу талаштын биздеги “жаңырыгында” болуп жатпайбы! Ошол өз мамлекетинде шектүү деп саналып, соттолуп, четке сүрүлүп калгандардын биздеги саясий аба-ырайына таасир этүүгө тымызын далалат жасашып, бул багытта бир топ бараандуу ийгиликтерди жаратышкандыгы айтылууда…

Андай көмүскө иштердин кесепети оор болушу мүмкүн экендиги байкалат. Куттуу орозо айынын башталышында эле, Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен Катар элчилигинин колдоосунда муфтият ооз ачар өткөрүп жаткан кезде Түркия тарабынан террорлукка шектелген ФЕТО уюмунун мүчөсү Орхан Инандын да чакырылганына байланыштуу эл аралык чатак чыккан. Элчи Женгиз Камил Фырат өзүн саясий душмандары менен чогуу олтургузууга болгон аракетке карата «же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар!» – деп кескин билдирүү жасаганы эл аралык мамилелер нормасындагы этикалар, дипломатиялык эрежелер сакталбай, көз көрүнөө бузулуп, ал тургай, Кыргызстандыктардын эзелки кыргыз обывателинин “пулуң болсо – кулуңмун!” деген “философиясына” чейин жетип калгандыгын гана айкындоодо.

Кыргызстандагы “Себат” мектептерин жабуу жөнүндө маселе козголгондо, экс-президент Алмазбек Атамбаев абдан “оригиналдуу” кадам жасап, “Сапат” деп бир тамгасын өзгөртүп койсок эле бул маселе чечилип калат дегенинин өзү эле, экс-президенттин өтө чоң, эл аралык масштабдагы олуттуу деп саналган маселелерди чечүүгө келгенде да канчалык примитивдүү мамилелер менен чектелгендигин көрсөтөт. Чындыгында элчи өз сөзүндө Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып бергенин бекер эске салган жок!..

Дегеле, постсоветтик мамлекеттер мейкиндигиндеги компроматтар согушунун тарыхына кайрыла турган болсок, бул булганыч технологиялар менен коштолуучу ыкмаларды көбүнчө мурда бир команда болуп келишкен, бирок кийин “дос” болбой эле, ачыктан-ачык душманга айланышкандыктан жана да бири-биринин жем жеген “акырларынан” жакшы кабардар болушкан күчтөр тарабынан уюшулушу көнүмүш көрүнүшкө айланган.

Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин жана анын вице-президенти Александр Руцкойдун кармашуусундагы “он эки чемодан толтура компроматтар” прокуратурага өткөрүлүп бериле тургандыгы тууралуу маалыматтар коомчулукта бомба жарылгандай таасир калтырганы менен да, логикалык соңуна чыкпай кала бергендиги маалым. Приватизациянын алгачкы этабында эң майлуу, баалуу тармактардагы ири ишканалардын арзыбаган тыйындарга жеке менчиктердин колдоруна өтүп кетишине арналган компроматтар жок кылынып, парламент атылган соң, Руцкой баш болгон тарапкерлери Лефортово түрмөсүнө олутуруп чыгышкан!..

Дал ушундай эле абал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана анын командасында мурда чечүүчү роль ойногон фигуралардын бири – “шахматист” Мухтар Аблязовдун ортосундагы пикир келишпестиктер да компроматтарды жарыялоо менен коштолгон. Бир айрымасы – ал кезде массалык маалымат каражаттары азыркыдай таасирдүү эмес болуп, алардын оозун жабуу алда канча оңоюраак болчу. Ал эми интернет азыркыдай күчкө ээ болмок турсун, алгачкы компьютерлердин эң эски моделдери эми гана келе баштаган чак эле. Ошентсе да, Аблязовдун катуу чабуулуна административдик бийлик туруштук бере албай, коомдук пикир өзгөрө баштаганда Нурсултан Назарбаев мурдагы өнөктөшүнө: “Мухтар, прекрати информационную войну! Подумай у тебя тоже есть дети!” -деп айтканы бар.

Кыргызстан “Кумтөрдү” эл аралык “жуликтерге” алдатып жиберген соң, жогорудагыдай майлуу тармактардан куржалак калып, азыркы чырлардын баары тең “Дордой”, жана да Орто Азия өлкөлөрүнүн эң ири базары аталган “Кара-Суу базарынын” айланасында болуп жатканы да дал ошондон улам!

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *