Көмүскө экономика, келемиш чиновниктер!..

Соңку кездерде коомдук-саясий турмуштун орчундуу өзгөрүүлөрү жүрө баштагандыгы байкалууда. Алардын эң башкы жана да позитивдүүлөрүнүн бири катары коомчулукта коррупция менен күрөшүү тенденциясы күч алгансыйт. Болгондо да, атайын укук коргоо органдары жана тиешелүү мекемелер аркылуу эмес, коомчулуктун ар түркүн өкүлдөрү өздөрү бул теманы байма-бай көтөрө башташты.

Албетте, “Үмүт” аттуу жаштардын коомдук кыймылынын атынан кез-кезде интернет мейкиндигине компроматтык материалдарды таштап жаткан мурунку депутат Ширин Айтматова жалгыз эместиги белгилүү. Анын артында турган жана да ага бул сыяктуу чуулгандуу материалдарды ачыктоого жардам беришкен күчтөр бар экендиги талашсыз.

Башкача айтканда, аны тек гана маалыматты таркатуучу канал катары пайдаланышып, тигил же бул өлчөмдөгү коомчулуктун бүйүрүн кызыткан компроматтык материалдарды жалпы элге жеткирүүнүн өзү эле колдоого ала турган көрүнүш. Себеби, мурда көп учурларда “карга карганын көзүн чукубайт” деген принцип менен жашап келишип, тигил же бул кылмышты, коомчулук үчүн абдан коркунучтуу жагдайларды көрүп турушса да, тек гана көрмөксөн, билмексен болуп коюу күчтүү болуп келгендиги маалым.

Эми бул жагдай эмне үчүн кескин өзгөрө баштады? Буга бир гана себеп бар — ал кийинки парламенттик шайлоонун улам жакындап келе жаткандыгы болуп эсептелет. Сыягы, атаандашуу абдан күчтүү болорун сезишип, ар кандай саясий күчтөр жана да конкреттүү болочок талапкерлер бири-бирин чукушуп, алдын ала эле буттан чалууга аракет кыла башташкандыгы айкындала баштады десек болот.

Арийне, андан аркы маселе — генералдык прокуратура баш болгон тиешелүү мамлекеттик укук коргоо органдары ошол фактылардын негизинде иликтөөлөрдү эч кечиктирбей туруп башташы керек. Ансыз бул мурдагы аракеттер коомдо канчалык чоң резонанс жаратса да, баары бир тек гана кумга сиңген суу сымал болуп, эч майнапсыз кала берери анык. Ансыз деле Канат Исаев сыяктуу “мен Ширин Айтматова менен акыйлашып айтышып олтурмак белем?” — деп, мындай фактыларды чымын чаккандай да көрбөгөндөр толтура. Мурда “Ун мафиясы”, “Арак мафиясы” тууралуу чыккан жарыялар деле бир аз чуу болуп, ошол бойдон басылып калгансыды.

А чынында, мындай кыңыр иш жыттанган, бир жаңсыл кылып иликтөөгө муктаж болгон фактылар толтура. Мына, кечээ жакында эле депутат Каныбек Иманалиевдин “Эркин-Тоо” басмасына байланыштуу чуу чыкты. Борбордогу “золотой квадрат” атка конгон жердин ичинен да эң эле чүйгүндүүсү кандай жолдор менен жеке менчик колго өтүп кеткен? Айрым маалыматтарга ишене турган болсок, депутат азыр ал бузулуп жаткан имараттын жерин 8 миллион долларга сатып, кийинки шайлоого даярдыгы бекем экенине ишенип жүрүптүр!..

Азыртан эле депутаттык мандаттын “баасы” бир миллион долларды чапчып, кээ бир учурларда (тизмедеги “алтын орун” дегендери!) бир жарым миллион долларга жетери айтылууда. Эң кызыгы, элдин, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноп, учурунда шылуундук менен байып алышкандардын баары тең азыр деле “эл өкүлдөрү” болууну самап, баягы шектүү байлыктарын коргоого, салыктан качууга, колдон келсе ал байлыктарын дагы эки-үч эселеп арттырууга умтулушууда…

Кыскасын айтканда, андай жолдор менен добуш алып келишкен депутаттар бул сөздүн чыныгы маанисинде эл өкүлдөрү боло алышпайт. Бугу алардын жеке кызыкчылыктары жол бербейт. Тескерисинче, шайлоодо аларга добуш берүү менен бирге, эл өзү карышкырларга кой кайтартууга макул болууда!..

Адилеттик үчүн айтып коюу керек: мындай алкымы бузуктар бир гана парламентте эле эмес, мамлекеттик бийликтин дээрлик бардык тепкичтеринде “жылуу жайгашып” алышкан. Маселен, кечээ жакында эле депутат Эльвира Сурабалдиева ар бир министр, ар бир чиновник 10–15%дык доляга олтуруп алышканын айтып чыкты. Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында сүйлөгөн депутат Эльвира Сурабалдиева кыжырдануусун жашыра алган жок.

Чынын айтканда, бул жашыруун деле эмес болчу. Бир гана расмий жыйында ачык айтылгандыгы менен резонанс жаратууда. А иш жүзүндө тээ Аскар Акаевдин тушундагы ири проекттер (Бишкек-Ош жолу, Кумтөр кени ж. б. д. у. с.) башталганда эле айрым чиновниктердин чет өлкөлүк инвесторлордун арасында “мистер 10 процентов” деген каймана аттары бар экендиги эл арасында айтылып келген.

Депутат Сурабалдиеванын айтымында, чет элдиктер Бельгия фондун ачуу үчүн кайрылышканда, Улуттук банк менен Экономика министрлиги аларды кабыл албай коюшкан. Европалыктар бул проект боюнча дароо эле 9 чиновник доляга олтурууну каалашканын билдиришкен. Мына кызыгы: өздөрү Кыргызстан үчүн пайдалуу инвестиция таба алышпаганы аз келгенсип, өздөрү акчалары менен келелик деп жатышкан инвесторлорду келе элегинде эле тоноого умтулуп жатышканы — биздеги коомдук-саясий атмосферадан ачык кабар берип турат…

Эгерде ал компания иштей баштаса, анын жылдык обороту эле 1,5 млрд евро болмок экен. Эми бул цифраны азыркы сом курсуна көбөйтүп көргүлөчү?! Канча миллиарддаган акчадан айрым бир арам тамактардын айынан куру калганыбызды…

А иш жүзүндө өз республикалык бюджетибизден деле билдирбей “өөнөп алуу”, тымызын өз ара бөлүштүрүп жеп алыш адаты эбактан бери эле бекем орноп калган. Буга бир эле мисал айтсак жетиштүү болор. Мындан он жылча илгери Маданият министрлиги аркылуу Кыргыз драма театрынын ремонтуна деп бөлүнө турган 18 млн сом бюджеттен бөлүнбөй калган, кийинчерээк гана анын үстөк-пайызын (же көнүмүш айтылып жүргөндөй, “шапкасын”) бербей коюшкандан улам ушундай болгондугу дайын болгон.

Биздеги мамлекеттик-административдик системанын дээрлик чирип бүтүп, биротоло булганып, таза жактары дээрлик калбай калганы эми гана толугу менен ачыкка чыга баштады. Соңку кездердеги коррупция менен күрөшүү, ТЭЦ, Тарых Музейи сыяктуу кылмыш иштери дал ошол “айлампа” былыктардын апогейи болуп саналат.

Жогорудагыдай министрлердин, мамлекеттик чиновниктердин жосунсуз жоруктары кыжырды кайнатканы менен да, кээ бир учурда алар ошол булганч системанын гана бир майда деталь-тетиги экендигин түшүнүп, аргасыздан баш чайкап тим болосуң. Бир жолу парламентте министрлер жаңы өкмөт курамына кайрадан бекитилип жатышкандагы окуя эске түшөт. Бир тележурналист комитет төрагасынын кабинетине мурда макулдашылгандай эле интервью алмакчы болуп, кокусунан кире калганда беш-алты депутат ортодо үйүлгөн долларларды санап жатышканынын үстүнөн чыгат. “Менин азыр убактым жок болуп жатат, барып тамак ичип туруңуз?” — деп, акча саноодон колу бошобой калган комитет төрагасы тележурналистке ооз басырык кылып, 100 долларды карматып — түштөнүп алгандан кийин келиңиз! — деп узатат…

Ушундай жолдор менен (жашыруун пара берүү стадиясынан эбак өтүп, дээрлик “мыйзамдаштырылган” деңгээлде доля-шапкаларды алуу аркылуу) министр болуп дайындалган чиновниктен жакшы жыйынтыктарды күтүү туура болобу? — деген суроо өзүнөн-өзү жаралат!..

Дал ошондуктан улам, айрым алысты ойлой албагандардын “Досун сатып кетти” деген сыяктуу “айыптоолоруна” аргасыздан жылмайып тим болосуң. Дегеле, азыркы кырдаалга жараша, кыргыздын эзелки накылы “Туура бийде тууган жок” дегенди эми азыркыча актуалдаштырып, “акыйкатчыл президентте дос жок!” деп өзгөртсөк да абдан туура болчудай.

Сооронбай Жээнбековдун президенттик тактыда олтурган учурундагы көнүгүү, ыңгайлашуу, жол табуу сыяктуу этаптар артта калып, эми гана биротоло өз алдынча нукка түштү. Ага азыр бир гана каалоо айтууга болот: “баары мыйзам чегинде болушу керек, баарын сот чечет, шайлоодо баарын эл чечет” — деп коюп, четте пассивдүү байкоочу катары карап олтура берүүдөн өтүп, эми чечкиндүү, конкреттүү жана активдүү кадамдарга өтүүчү мезгил келди. Анын үстүнө соттордун деңгээлин (атамбаевчилер аларды көзөмөлдөгөн конституциялык сотко өзүнүн спичрайтери — ортозаар акын-филологду “смотрящий” кылып койгону маалым!), элдин шайлоодогу акыбалын баарыбыз эле ачык көрүп турабыз.

Дегеле, коомчулук, коомдун өнүгүүсү ага кандайдыр бир багыт берип, алга карай баштаган лидерсиз болушу мүмкүн эмес. Бул жагынан алып караганда, алгачкы айрым кооптонууларга жана да шек санаткан факторлорго карабастан (“досу” 3%дык рейтинги менен мен президенттик шайлоодон өткөргөнмүн деп, жерге басууга умтулгандай!), кийинки жасаган кадамдарынын баары өз алдынча жана да олуттуу-салмактуу болушу, коррупция менен күрөшүүдө эч компромиссиз багытта турушу — жалпы эл азыркы кезде Сооронбай Жээнбековдун алдыдагы төрт жылынан дал ушундай кадамдарды күтүүдө жана да күтүүгө акылуу деп ойлойбуз.

Асыресе, президенттик мөөнөттүн үчүнчү жылы жаңы бийик деңгээлге көтөрүлүү, жаңы ишенимдүү жана перспективалуу векторду аныктоочу, мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын арттырып, тазалыгын камсыз кылуучу багытка өтө турган мезгил болуп калышы зарыл.

…Ал ортодо жакыр Кыргызстан коомдук-саясий тирешүүлөр кучагында калып, экономика жана өндүрүш сыяктуу тармактар өлөсөлүү абалга жетип турган кезде, Кыргызстанга таасир этүү ролун арттырууну каалашкан күчтөр да көбөйүүдө. Буга бир жагынан шектене, кооптоно караганыбыз менен да, экинчи жагынан — кыйналган жашоону кыстаган турмуш жеңет деген ушул да деп айтуу менен тим болосуң. Анан кантишмек эле? Өз чоңдору жогорудагыдай кампага кирип алышкан келемиштердин абалын гана эске салышып, жалпы элди өлкөнү ойлоо абалына али жете албай жатышса. Же жада калса эң эле элементардык колдоо да көрсөтө албай, жумушсуздук күчөп турган чакта, эл өз жанын өзү багып, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга умтулууда.

Кувейттик Кайрымдуулук фонду Кыргызстандын ар кайсыл аймактарында (Чүй, Ысык-Көл, Баткен жана Ош ж. б.) жакыр үй-бүлөлөр үчүн салынган “заманбап” үйлөрдү куруп, бардык шарттары менен камсыз кылып, жаңы типтеги “поселоктор” сымал айылдар түшө баштады. Бул соопчулук жана кайрымдуулук изги аракеттердин артында диний кызыкчылыктар да жаткандыгы эч жашыруун эмес. Ушуга байланыштуу, алыскы келечекке прогноз жасоодо айрым кооптонуулар да жаралууда. Мындай өз алдынча “анклав” сыяктуу болуп калган айылдар кийинчерээк бара-бара коомдун өз ара жиктелүүсүнө алып келбес бекен? Кудай анын бетин ары кылсын, бирок, Тажикстанда исламисттер жана демократтар деп бөлүнүү диний-исламдык мамлекет курабыз деп умтулгандардын ортосундагы узакка созулган согушка айлангандыгы али эстен чыга элек!

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жакында эле Кувейт Мамлекеттик Улуттук Ассамблеясынын спикери Марзук Али Аль-Ганемди кабыл алды. Эки тараптуу өз ара кызматташуунун перспективалары талкууланганы кабарланды. Арийне, эки тараптуу кызматташууда ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын коргоого алуусу тийиш. Бай же күчтүү өлкө кандайдыр бир рычагдарды пайдаланып, өз мүмкүнчүлүктөрүн жана кызыкчылыктарын таңуулоого жол берилбеши керек. Ал эми экономикасы олтуруп калган, жакыр мамлекет ар кандай чегинүүлөргө барып, ар кандай көмүскө шарттарга көз жумууга акысы жок.

Кыргызстан менен Кувейттин ортосунда социалдык-экономикалык жана гуманитардык проектилерде Кувейттик Араб экономикалык өнүгүү Фонду, жана да «Ас-Салам», «Ас-Сафа», «Ассанабил» фонддору активдүү иштеп жатышканы белгиленди. Баткендеги социалдык шаарчада 106 жакыр үй-бүлө үйлүү болушса, Кемин районунда 100 жакыр үй-бүлө үйлүү болушкан. Жалпы республика боюнча бул цифра он эселеп кетери анык. Алар каалайбызбы, каалабайбызбы — кандайдыр бир башкача, чоочун идеологиянын таасири астында калышы толук мүмкүн.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *