Константинополь кантип Стамбулга айланган?

XI кылымдын аягында Византия империясы талкалануу дооруна барып такалат. Түрк-сельжуктар Сырткы Азиянын территориясын тез аранын ичинде басып алган кезде, Иран менен Месопотамиянын көп аймагын, Сирияны жана Палестинаны, анын ичинде Иерусалимди да кошо алышып, Константинополдун чеп дубалдарына жакындап келишет.
Кресттик жүрүштөр кантип башталган!

Византиялык император Алексей I Комнин, өзүнүн армиясы алсырап калгандыктан улам, Рим Папасы Урбан ІІге жардам сурап кайрылат. Император понтификтин христиандык боордоштук сезимине апелляция жасайт: Иерусалимди неверныйлар (башка диндегилер) ээлеп алышты, Гроб Господня (Кудайдын кабыры) алардын колунда калды, ал эми паломник болуп, сыйынууга келишкен христиандар куугунтукка алынышууда деп билдирет.

Бул Кайрылуу христианстводогу «Великая схизма» деген ат менен калган ажырым-жаракадан кийинки ушундай кайрылуу болчу. Алексей I Комниндин суранычы абдан ыңгайлуу болуп калат. Урбан II ал аркылуу дароо эле бир нече проблеманы чечишти көздөйт: Ыйык Жердеги христиандык көзөмөлдү кайра калыбына келтирип, христиандык чиркөөнүн авторитетин көтөрүп, калыбына келтирүүнү жана дагы куралданып алышып, кыларга иши жок жүрүшкөн жаштардан Европаны биротоло арылтмакчы болот. Алар ар кандай ак сөөк үй-бүлөлөрдөн чыккан жаштар болчу. Жаңы түзүлгөн феодалдык мамилелер шартында үй-бүлөдөгү бирдиктүү мураскерлик орноп, улуу баладан кийинкилеринин баары ата-энеси мурдатан ээлик кылган жерлерге ээ боло алышпай, жерсиз кала башташкан.

Урбан ІІнин жалындуу сөзү Клермондо 1095-жылдын ноябрында жарыя болуп, тарыхта «крестчилердин жортуулдары» деген аталышка конгон окуялардын башталышына себеп болгон.

Гроб Господняны сактап калуу жана христиандарды башка диндегилердин азабынан кутултуу керек деген чакырыктар тез эле басып алуучу согуштарга айланган. Ал согушка катышкандардын көбү өзүнүн жеке керт башын жана эптеп баюуну ойлошкон.

Бонифацийдин «Каникулу»

Крестоносецтер Биринчи кресттик жортуулдан соң түзүшкөн мамлекеттер борпоң болуп, дайыма мусулмандардын басып алуу коркунучунда калып келишкен. Жаңы кресттик жортуулдар ийгилик алып келбейт.

XII кылымдын аягында Рим папасы Иннокентий III европалык монархтарды кезектеги жортуулга аттанууга шыктандыра баштайт. Арийне, каалоочулар абдан аз болуп чыгат. Европалык Королдор понтификтин светтик бийликке көз артып жатканын жана аларды тек гана Жакынкы Чыгышка кетирүүнү каалаганын жакшы түшүнүп турушкан.

Жыйынтыгында, Фландриялык граф Балдуин I жана маркграф Монферрат Бонифаций жортуул башчылары болуп калышат. Алардын кол алдында ар кандай эсептөөлөр боюнча алганда, 12 миңден 30 миңге чейин аскерлер чогулат. Крестоносчулар чогула турган жер катары Венеция жарыяланат. Жортуулдун башчылары венециалык дож (Венеция республикасынын шайланган башкаруучусунун титулу) Энрико Дандоло менен аскерлерди, аттарды жана курал-жарактарды Египетке ташып жеткирүү жөнүндө макулдашышат. Венециянын флоту ал кезде Европадагы эң мыкты саналган флот болчу.

Карыган дождун митайым планы

Энрико Дандоло ал кезде 90дон эбак ашкан кези болчу. Ал сокур болуп калса да, акылынын зиректигин сактап кала алгандыктан, бул крестоносчулар армиясын өз кызыкчылыгына пайдаланууну чечет.

Венециялык кораблдер крестоносчуларды Лидо аралына такыр эле акы төлөөсүз, бекер алып барып ташташат, бирок алар ал аралдан кете албай кала беришет. Дандоло эми кайра ташып кетиш үчүн 85 миң күмүш марка төлөөнү талап кылат. Бул сумма ал кез үчүн эбегейсиз чоң каражат эле, ал эми крестоносчулардын акчасы жок болчу. Аралдан кете албай калышкан аскерлер тамак-аш, суу жагынан проблемага тушугушат, эми алар бунт чыгарабыз деп опузалай башташат.

Дандоло мындай дейт: акы төлөөнү кийинкиге калтырууга да болот, бирок, бул үчүн Далмациядагы Задар шаарын басып алышы керек. Бул шаар Венециянын Адриатикадагы эң башкы атаандашы болчу. Крестоносчулар бул сунушту кабыл алышат да, акыры 1202-жылдын аягында Задар басылып алынып талоонго алынат.

Ангел жардам сурайт

Бирок, митайым дождун дагы бир сунушу бар эле. Эми сокур Дандоло крестоносчуларды Византияга жөнөтуүнү ойлойт.

Муну ал жаңы миссия-мыйзам жана акыйкаттыкты орнотуу катары эсептейт. Византиялык император Исаак II Ангел тактан кулатылып, өзүнүн агасы Алексей тарабынан көзү оюлуп, сокур кылынат. Кулатылган императордун уулу-Алексей Ангел – жардам сурап европалык бийликтегилерге кайрылат.

Дандоло византиялык династиянын тагдырына абдан кабатырланат. Анын ою боюнча, крестоносчулар Венециянын Жер Ортолук Деңизиндеги соода конкуренти болгон Константинополду такыр алсыратышы керек болчу.

Византия империясында бул кезде бийлик талашкан ак-сөөктөрдүн өз ара кагылыштары тыным албай турган. Атаандаштарын эптеп жеңиш үчүн алар ар кандай убадаларга даяр турушкан. Алексей Ангел крестоносчуларга 200000 марка төлөп, флот жана 10000 аскерлик отряд менен жардам кылууга убада кылат. 500 солдатты Ыйык Жерде багып, византиялык чиркөөнү Святой Преаолго баш ийдирем деп убадалайт.

1203-жылдын июнунда крестоносчулар Константинопольдун дубалынын алдына келишет да, шаарды курчап алып, Алексей ІІІнүн аскерлерин катуу жеңилүүгө дуушар кылышат. Император качып кетет. Бошогон такка түрмөдөн чыккан Исаак II Ангел олтурат. Крестоносчулар баягы убадаларды берген уулу Алексейдин да кош бийликке келишине жетишет.

Интригачы Мурзуфл

Исаак II уулу крестоносчуларга убадалаган акчанын суммасын угуп, эси ооп кала жаздайт. Андай акча казынада жок болчу. Аны табууга да мүмкүн эмес болчу. Калкты олчойгон салыктар менен жүдөткөндө, бул абдан катуу нааразычылыкты пайда кылат. Ошондо да алар убадаланган сумманын жарымын араң табышат. Крестоносчулар карызды дароо төлөштү талап кылышат.

1204-жылдын январында Алексей IV Ангел крестоносчулардан Константинополдогу тополоң бунтту басууга жардам берүүнү суранат. Бул сүйлөшүүлөр чоң аткаминер Алексей Мурзуфлга жүктөлөт. Бирок, өз кызыкчылыктарын көздөп, ал императордун каалоосун шаардыктарга ачып салат. Алексей IV жана Исаак II Ангел экөөнү тактан түшүрүп, зынданга салышат. 1204-жылдын 5-февралында жаңы император деп Алексей V деген наам менен Мурзуфл өзүн жарыя кылат, андан көп өтпөй эле түрмөдөгү башчылар өлтүрүлөт.

Ордуна келгис өзгөрүү

Сокур Дандоло ыраазы боло колдорун ушалайт: Византия эми Венецияга конкурент болбой калат. Анын кубаты Константинопольдогу өрт менен кошо жоголгон эле. .

Иннокентий III крестоносчуларга анафема (чиркөө каргышы) салат.

Кийинчерээк Византия империясы бир нече мамлекеттерге бөлүнүп кетет. Константинополдо крестоносчулар Иерусалимге баруудан баш тартышкан соң, Латин империясын жарыялашат, ал жарым кылымга жакын жашайт.

1261-жылы Феодор Ласкар түзгөн Никейская империя Константинополду крестоносчулардан жеңип алат. Арийне, кайра калыбына келсе да, Византия бир кездеги улуу державанын аянычтуу көчүрмөсү гана болуп калат.

Орусчадан которгон: Жумабек Кыдырбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *