Конституцияны эмес, коопсуздукту ойлонсок…

Кыргызстандагы АКШ жана Улуу Британиянын элчиликтери өз сайттары аркылуу өз жарандарына коопсуздук жагдайына байланышкан билдирүү таратты. Анда элчиликтер Кыргызстандын аймагында октябрь айы ичинде ар кандай теракттар болуп кетиши мүмкүндүгүн билдирип, айрыкча дипломаттар менен чет өлкөлүк жарандарды уурдоо, барымтага алуу аракеттери болуу ыктымалдыгын, андыктан сак жана кыраакы болуп, күч органдарынын айткандарын туура кабыл алуу менен аларга баш ийүү керектигин билдирген. Демек дипломатиялык корпустардын бул билдирүүсү албетте, Кыргызстанда коопсуздукка коркунуч бар экендигин айгинелеп турат.

Анткени чындап келгенде аталган өлкөлөрдүн чалгын кызматтары биздин УКМКга салыштырмалуу он эсе жогорку деңгээлде иштеген, маалыматтык булактары жетишерлик, оперативдүү жана обьективдүү иштээри белгилүү. Ушул жагдайдан алганда, чындап эле Кыргызстандын аймагында из жашырып жүргөн ар кандай диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү АКШ баштаган альянстар менен Орусиянын Ирак, Сирия өлкөлөрүндөгү экстремисттик уюмдарга каршы операцияларына жооп кылып,  кооптуу аракеттерге өтүшү толук мүмкүн. Бул боюнча электрондук ар кандай кат-кабарларды текшерүү мүмкүнчүлүгү бар АКШ, Британия сыяктуу өлкөлөрдүн атайын кызматтарына тиешелүү билдирүүлөр түшүп, мындан улам алар дипломатиялык мекемелери аркылуу жарандарынын коопсуздугуна тынчсызданып жатат десек болот.

Ошондуктан биздин УКМК кызматы учурдагы саясий кырдаалга алаксып, бийлик-оппозиция ит тартыш оюндарына көз салуу менен алек болуп жүрө бербей, ички жана тышкы коркунучтарды алдын алууга 100 пайыз көңүл бурушу зарыл. Саясат саясаты менен, бирок мамлекеттин коопсуздугу, ар бир жарандын өмүрү саясатчылар талашып жаткан мыйзам беренелеринен да жогору тураары чындык. Ооба, учурда атайын кызматтар да бул элчиликтердин билдирүүлөрүнөн кийин коопсуздук чараларын күчөтүп, маалыматта айтылган теракттардын алдын алуу боюнча  иш-аракеттерди жасап жаткандыгын, бирок али күнгө чейин аталган дипломатиялык кызматтар таянган маалыматтарды УКМК ала электигин, эки тараптын биргелешкен аракеттери жандана электигин айтып, атайын кызмат кабатыр болуп жатканын билдиришти. Бир чети мындай иштиктүү кызматташуунун жоктугу аталган мамлекеттердин жөн гана дүйнөдөгү диний экстремисттик окуялардан улам жөн гана сактык иретинде эскертүү катары айтылганбы деген да ой келет. Ал эми социалдык баракчалардагы талкууларда кыргыз жарандары муну ар кандай кабылдашууда. Кээ бирлери маалыматтар төгүн жерден келип чыкпаганын, сак болуп, калк көп чогулган жерлерде көп жүрбөө керектигин айтса, экинчиден геосаясий оюнчу өлкөлөр ар кандай теракттарды өздөрү да уюштуруп, Кыргызстанды “чочутуп” коюшу мүмкүн дегендей божомолдоп жатышат. Демек кандай болгон күнү да Кудай сактасын деп сактанып жүргөнүбүз оң.

Экинчи маселе, баарыбыз билип-көрүп жүргөндөй, кыргыз саясатында саясий кармаш башталды дегиче бала бакчанын башчыларынан тартып, өкмөт, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын баары аңырайып Ак үйдү тиктеп, башка маселелер унут калып келет. Бул жолу да саясий компроматтардын арааны жүрүп, мамлекеттин ички иши экинчи орунга жылып кетти. Бардыгы тең азыр “Атамбаев менен Текебаев эми эмне болот?” деген суроого жооп издеп жатышат. Ал арада өлкөдө криминалдык чөйрө да ойгонуп, өз ара тараптардын баш көтөрүүсү байкалып жаткандай. Учурда коомчулукта ырматылык болуп кеткен Алмамбет Анапияевдин, “мыйзамдагы ууру” жарлыгы бар  Камчы Көлбаевдин топтору кайрадан куралып, бука моюн, буура сан балдар эртели-кеч чогулуп жаткандыгы тууралуу жарандардын оозунан кең-кесири эле угуп жатабыз. Демек кыргыз бийлигинин коррупцияга каршы маанайы өзгөргөн сыяктуу эле уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү да тынчып, саясаттын айынан бийлик менен каралар өз алдынча келишип баштадыбы деген ой өзүнөн-өзү башыңа “кылт” этет.

Анткени өлкөдөгү каралардын кайрадан баш көтөрүп жатканын айгинелегендей бир факты жакында орун алып кетти. Тагыраагы, мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы, генерал-майор Марат Кенжесариевдин айдоочусу  кайсы бир криминалдык топторго мыйзамсыз курал сатып жүргөндө тартип коргоочулардын көзүнө чалдыгып, 4 күн мурун үч даана К-74 автомат куралын сатып жатканда кармалган айдоочу учурда ИИМде сурак берип жаткан учуру. Муну Коргоо кеңешинин маалымат бөлүмү да расмий тастыктап, бирок ИИМ да, Коргоо кеңеши да окуянын чоо-жайын ачык айтып, кылмышкерлер менен курал сатып жаткан офицердин атын атоодон карманып турушат. Албетте, тергөөнүн кызыкчылыгын эске алсак, балким мындай мамлекеттик коопсуздук жана коргоону мекемелеринин менчиги болгон куралдарды ар кимге соодалап турган мыйзамсыз схеманын бети ачылып, далай биз ишенген, бизди коргойт деген офицерлердин толук тобу колго түшүшү мүмкүн эмеспи?

Эмнеси болсо да, кечээ эле президент Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүү өргүүдөн келип Коргоо кеңешинин башчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, күч структураларындагы реформалык кадамдар менен коопсуздук чаралары тууралуу маалымат алмашуусунан аз өтпөй минтип мамлекеттик кызматкердин каралар менен курал-жарак соодасын жүргүзүп жатышы чоң резонанстуу факты. Албетте, мунун аягына чыгып, муну менен кошо “Манас” аба майданындагы АКШнын “ГАНСИ”  базасынан Кыргызстанга калтырылган мүлктөр боюнча ишти да коомчулуктун алдына жайып берүү кажет. Болбосо чындап эле Коргоо кеңеши деген бул кадрдык дайындоолор менен коррупциялык иштерди жүргүзүүчү гана орган катары өз кара көөсүнө өзү боело бериши мүмкүн.

Кыскасы учурда экстремисттик топтордун ар кандай кооптуу жүрүштөрү менен катар, өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун минтип жандана башташы өтө актуалдуу маселе болуп калды десек болот. Буга кашайып саясатка батыл киришип алган саясий топтор өздөрү жол ачып, таасир талашууда каралардын кызматын пайдаланууга аракет жасагандары себепчи болгондой. Кокус чындап эле Акаев, бакиев доорундагыдай саясий шайлоолор, референдумдар криминалдардын көзөмөлү аркылуу ишке аша турган болсо, эң биринчи элдин жана мындай эки жүздүү саясатты жасаган бийлик төбөлдөрүнүн эле шору болот. Ар ким өз ишин кылып, парламент Конституцияны талкуулап, каралар болсо түрмөдөн жай таап, чекисттер чек арадан чычкан өткөрбөй коопсуздукту камсыздап турса деген эле тилек, каалоо…

Тынчтык Алтымышев

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *