“Конституцияны өзгөртүү керек”

Турмуш кызык. Мына Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция КСДП, “Ата Мекен”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” Конституцияны өзгөртүү боюнча бир пикирге келе албай ич ара бөлүнүп жатса, тескерисинче оппозициядагы “Республика – Ата-Журт” фракциясы өзгөртүү киргизүүнү колдоого алып жатат. Фракциясынын лидери  Өмүрбек Бабанов  баш мыйзамды өзгөртүү кийинки өнүгүүгө керек экенине токтолуп: «Биз бул Конституция менен 6 жылдан бери жашап жатабыз. Өзгөртүү керек. Албетте азыркы өзгөртүүлөргө менин деле ичим чыкпайт, керек болсо кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жасаш керек болчу», – деди. Бабановдун бул позициясын айрымдар өкмөт башчысы болууга кызыкдар болуп, баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатат дешип жоромолдошууда.

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *