Коомдук ишмер Урмат Барыктабасовдон Кыргызстанды Тездетип өнүктүрүү программасынын долбоору

Болочокту ойлобогондун учурдагысы да жок!
Жасалган нерседен көрө, ойдогуну оңдош оңой.
Дүйнө жүрүмү көз ирмем сайын өзгөрөт, тездейт, бизди мурда көрүп-билбеген кырдаалга алып барып такайт.
Айрымдар коомубузда толуп жаткан көйгөйлөрдү чечкенге даяр эместигин турмуштагы байкоолор көрсөттү. Адатта кишилер ар түркүн улутуна же кесибине жараша маанилүү чечимге максаттары бүдөмүк, билими чала, маалыматы жетишсиз жана өзгөрмө кырдаалда убакыт кыстаганда гана келишээри айкындалып бүттү. Ошондон улам, ушундайча чыгарылган чечимдер албетте туура эмес, жаңылыш болуп чыгат.
Мындайда айрымдар эмне кылаарын да билбей калышат эмеспи. Кайда барып окуш керек? Кантип, кайдан жумуш табам? Үй, машине алганга же үй-бүлө бакканга акчаны кантип табам? Жашоом кандай болот? Ушул сыяктуу үнсүз чаңырыктар көпчүлүктү коштоп жүрөөрү айтпаса да белгилүү го.
Жыйынтыгында үмүтү өчүп, баарына кол шилтеп, тагдырга моюн сунуп отуруп калгандар аз эмес. Жашоонун маани-маңызы жоголот, аргасы кетет, бул тирүүлүк такыр эле жалгандай сезилип калат…
Ошондон корккон кишилер аргасыздан такыр эч нерсени ойлогусу келбей калат, анткени, жумушсуздукту, жакырдыгын, жаны сакталбагандын, үмүтсүздүктү жана аргасыздыкты ойлогондо, анан ушундай көйгөйдөн кантип чыгышты билбегендик маанайды чөгөрүп, бактылуу келечектен үмүттү үздүрүп коет.
Алдыда турган көйгөйлөрдү чечиш жолун баары эле биле бербейт.
Дал ушундан улам кагылыш, тиреш келип чыгып, алардан арылыш гана эмес, болтурбоо да колдон келет.
Билимдүү коомдо сабаттуу адам дал ошоо коомдун белгиси катары аны элестетип турат, ошол коомдун чен-өлчөмдөрүн алып жүрөт. Билимдүү адам өз билимин келечекке иштеткенден мурда учурда чагылдыра алууга тийиш. Ал эми келечегин болжой алыш, учурда жакшы жашаш үчүн өткөндү жакшы билип, ошол өткөндө кандай нерселер кантип болгондугун жок дегенде жалпысынан билиш жана элестете алуу керек.
Үстүртөн парадигма аны колго алгандан мурда көйгөйдү аныктаганга да мүмкүндүк бербейт. Анын сыңарындай, экономиканын башкы көйгөйлөрү чынында экономикадан сырткары турат, анткени, бийлик экономикадан ар дайым маанилүү. Бийлик, анын өнүгүш концепциясы кандай болсо, экономика да ошого жараша өнүгөт же кургуйга кулайт.
Экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүдө өкмөттүн иш билги саясаты, ишкерлердин тапкычтыгы, тартиптүүлүк, билимдүүлүк жана элдин мээнеткечтиги негизги шарт болуп саналат.
Татыктуу жашай алыш үчүн адам чечимге келүүгө тийиш. Ал эми жашоонун сапаты чыгарылган чечимге жараша болот. Адам баласы дайым жөнөкөйдөн татаалга умтулуп келет. Жөнөкөйдөн татаалды жаратуу – каныбызда, табиятыбызда. Демек, мунун өзү керектүү жөнөкөй нерселерди такай жасап туруу улам татаалдашат дегенди билдирет. Адамдар кээде көйгөйүн чечиш үчүн ошол келип чыккан көйгөйдүн тегин татаалдаштырып коет. Бирок, татаалдаштыруунун зарылдыгы жоголгондо ар нерсе ошол бойдон кала берет да, көйгөй өзүнөн-өзү чечилип калат.
Аз, демек арбын. Жөнөкөй, демек мыкты.
Биздин кимдигибиз менен ким болгонубуздун жана ким болот алат электигибиздин жана эмнеге умтулушубуз керектигинин ортосундагы ажырым канчалык тереңдигин жакшы сезип, билүүгө тийишпиз. Ошол эле учурда өзүбүздүн ким экендигибизден, тегибизден баш тартпай туруп, алгалоо жолун, туура багытты ойлонушубуз, табышыбыз керек.
Кандай гана татаал модель болбосун, сезимталдык менен эмес, так эсеп менен түзүлөт. Ошондуктан, экономикалык иштин ачык-айкын максаттары болууга тийиш. Экономика алдыртан белгилүү болууга тийиш. Себеби, экономика жансыз механизм эмес, аны тирүү адамдар түзөт. Берекелүү иштерди адам өзү ойлоп таппайт, аларды кырдаал шарттайт. Алсак, бүгүнкү кырдаал өзүбүздөгү мол тажрыйбаны эске алууга, ошондой эле кризистен чыгуунун эмес, бай жана өнүккөн мамлекет куруу долбоорун сунуш кылууга мажбурлады.
Мен карманган өзөктөр:
– Таңуулабастан, сунуштоо.
– Колдогу нерседен көздөлгөн нерсеге карай аракеттенүү.
– Эч качан болуп көрбөгөн нерсеге ээ болуш үчүн мурда жасабаганды жасаш керек.
– Мен бизге чейин айтылгандарды кайталагым келбейт, мен кандайдыр жаңы нерсени сунуштоого келдим. Ошондуктан биздин программа менен таанышууну сунуштаймын.
Программанын максаты өлкөбүздөгү негизги артыкчылыктарга жана кемчиликтерди жоюуга таянат.
Артыкчылыктар:
– Географиялык абалыбыз. Өлкөбүз эбегейсиз эки зор континенттин, бир жагынан кылкылдаган Кытайдын (1,5 миллиард элдүү) жана экинчи жагынан Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Афганистандын, Пакистандын жана Индиянын (1,5 миллиард элдүү) тогошкон жеринен орун алган.
– Адам ресурсу. Биздин көптөгөн жарандар эгемендиктин 25 жылында бүт дүйнөнү көрүп, көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөгү мыкты ой чабытын, кыялдарды сиңире алды. Ошол сиңирилген ой-максаттар сөзсүз эле жаңы эмес, ошондой эле эскиден мыкты да болууга тийиш.
– Көз жоосун алган укмуштай нукура кооз бай табиятыбыз. Туризмдин бардык түрлөрү
– Суу ресурстары. Суу ресурстарын жана суу кубатын майнаптуу пайдалануу. Каналдарды куруу.Суу улукбу же алтын улукбу?албетте суу улук..Демек суу конул буруу керек.
– Интеграциялануу.-биргелешуу, өнөктөштүк.
– СССРдин бай тажрыйбасы.
– Байланыш, интернет.
– Жаңы технологиялар.
– Эл аралык сооданын колдогу базарлары («Кара-Суу», «Дордой», «Мадина», «Татаан», СЭЗ «Бишкек» и ж.б.).
– Улуттун жанда жок маданияты. Улуттук маданият.
Кемчиликтер.
– Майнапсыз башкаруу.
– Экономиканын өсүшүн шыктандыруучу мыйзамдардын жоктугу.
– Акча ресурстарынын жоктугу.
– Ресурстардын бардык түрлөрүн майнапсыз пайдалангандык.
– Жумушсуздук.
– Дүйнө рыногунда атаандашчу товардын дээрлик жоктугу.
Программа – Социалдуу рынок мамлекети
Максат – бардыгынын бакубаттыгы!
Баары эң жөнөкөй.
Калк жеке менчикке (үй-жайга, машинага, жеке ишке ж.б.) ээ болгондо гана бактылуу турмушка ишеничи артат.
Социалдуу рынок чарбачылыгына негизденген биздин программанын башкы түзгүчтөрү болуп чакан жана орто бизнес, жана мамлекеттин аларды ар тараптан өнүктүрчү жаан гүлдөтчү саясаты саналат.
Программабыз баарынан мурда шыктандыруучу башкы максаты жеке өөрчүп-өнүгүшкө умтулуу болуп саналган адамды анык элестетүүгө таянылган.
Социалдуу рынок экономикасынын накта кыймылдаткычы болуп адамдын социалдык жоопкерчилине жуурулушкан, айрым адамдын ал чыгарган чечим үй-бүлөсүнө гана эмес, ошондой эле бүт коомго пайда келтиргендей жашоо шартын жакшыртканга такай умтулуусу саналат.
Рынок экономикасы керектөө эркиндигинин, кесип жана жумуш ордун тандоо, жеке менчикке негизделген ишкердиктин эркиндигинин шартында гана жашап кете алат. Мында экономикалык эркиндик саясий эркиндик менен сөзсүз айкалышы тийиш.
Адам сыяктуу эле экономика да эркиндикти сүйөт!
Эркин шартта бардык нерсе гүлдөп-өнүгөт..
Экономикалык кайра түзүүлөр төмөнкүлөргө негизденүүгө тийиш:
– жеке менчикке (жергиликтүү менчик өндүрүүчүлөрдү шыктандыруу);
– мамлекет тарабынан же башкача каржылоого;
– төмөн салыктарга;
– эркин бааларга;
– үстөмдөккө каршы мыйзамдарга (антимонополия);
– өлкөдө тышкы атаандашуудан, б.а. импорттон ишенимдүү мамлекеттик корголгон жана экспорт шыктандырылган шартта экономикалык эркиндиктин келечегин түзүүчү эркин жекече инвестициялоо жана башка жагымдуу нерселерге карата жеңилдиктерге.
Реформанын негизги милдеттери
Социалдуу рынок экономикасынын түзүмүнө толугу менен ылайыкталган жана акча реформасын, эркин бааларга өтүүнү жана эркин жеке ишкердикти кайра жаралтууну камтыган кескин реформаларды жүргүзүү.
1. Майнаптуу башкаруу.
Миссия стратегияны, стратегия болсо, уюмдун түзүмүн аныктайт.
Уюштуруу түзүмү жеке максат эмес, ал бизди максатка жеткирүүчү жана өз ичибизден уюштургуч курал.
Өкмөттүн негизги милдети – ушул максаттарга жеткирүүчү уюмдашуунун өзгөчө ылайыктуу түзүмүн калыптандыруу аркылуу өзүлөрү ар башка жана ар башкача көз караштагы адамдардын биргелешкен ишин бирдиктүү максаттар жана жалпы асылдыктар аркылуу камсыз кылуу.
Уюмга керекги жок ишмердиктен системалуу башт тартууну киргизүү. Бир нерсе жасагандан мурда эмнени жасабаш керектигин ойлош керек.
Менеджмент бул – аракет үчүн жоопкерчилик.
Маанилүү ченем жана уюштуруу өзөгү катары бийлик менен, ишмердиктин натыйжасы болууга тийиш. Мисал – Швейцария.
2. Акча реформасы
Максат – жаңы, керектүү жана бекем акча түзүү.
Акчаны түшүнүү – турмушту түшүнүү.
Адамды акыркы сапарга узатууга биз төлөбөсөк да, баары бир акча керек.
Акча бизди курчап турган нерсенин баарына кубаттуу таасир кылат.
Ал – бүткүл жашоо ыргагын кармап турган азык катары саналат.
Адамзаттын эң мыкты ойлоп тапканы – Акча.
Акча эмнени туюнтат?
Акча – бул алмашуу каражаты же коомдук мамилелер.
Акча айфон же ширеңке сыяктуу эле зат(товар).
Бирок, акча өзгөчө жана ар дайым жетишпей турган товар. Ошондуктан акча экономикада маанилүү ролду ойнойт.
Адамдын, компаниянын же уюмдун жашоосу үчүн акча керек.
Адам (мамлекет, компания) акчаны иштеп табышы үчүн ал бир нерсени (мунай, алтын ж.б.) сатууга тийиш.
Бул товарды чыгаруу укугу үстөмдөктү (монополияны) же чексиз бийликти билдирет.
Анык бийлик, бул акчанын бийлиги.
Баарынан жогорку технологиялуу өнүм – Доллар.
Эгерде акча болбосо, аны издебестен же сурабастан, жасаш, түзүш керек.
Акча реофрмасы өлкө үчүн гана эмес, бүткүл каржы дүйнөсү үчүн тагдыр чечкен мааниге ээ болот.
Акча реформасы төмөнкү реформаларды аткарыш үчүн кубаттуу каржы түрткүсү болот.
3. Эркин ишкердикке негиз түзүү.
Калктын иш менен камсыз болушу – бул туура насыя жана салык саясаты, үстөмдөккө жана машташууга каршы жарлыктар.
Айрым өнүмдөрдү жана товарларды издегендин жаан сатып алгандын ордуна аларды өндүрүү менен алектенүү зарыл.
Мурда болбогон жогорук технологиядагы товарлардын жаңы рыногун түзүү.
Ой-максаттар, кыялдар сөзсүз эле жаңы эмес, ошондой эле эскилерден мыкты болууга тийиш, б.а., кардар муктаж жана мурда ойлоп да көрбөгөн товарды чыгаруу.
Баалардын жаан сооданын эркиндиги. (Мыкты укук системасы – Финляндия, Сингапур, Хоң-Коң).
4. Инфратүзүм.
Жолдор жана катташуу.
5. Агрардык реформа.
Максат – айдап-эгүүнү пландоо, айыл чарба азыктарын каржылоо жана мамлекеттин сатып алышы.
6. Каржылоо.
Инвестициялардын мамлекеттик жана башка түрлөрү, экспортту кеңейтүү.
7. Суу чарбасы
– сууну майнаптуу пайдалануу, каналдарды куруу.
8. Энергетика.
– Жаңы, майнаптуу башкаруу системасын түзүү.
– Колдо бар ГЭСтерди кайра түзүү (гидрожөндөөчү сордургучтарды койдуруу электр кубатын иштеп чыгууну 4 эсеге көбөйтөт). (Германия, Жапания, АКШ, Орусия).
9. Эл аралык туризм.
Бул тармактын негизин жанда жок улуттук туризм түзмөкчү.
10. Билим тармагы.
Максат – өркүндөгөн адам.
Билим берүүнүн эң жаңы системасы бар жаңы мектептерди жана ЖОЖдорду ачуу.
Адамдын улуулугу же санда жоктугу анын боорукердиги же ыраймысыздыгы эмес, анык бир кырдаалдагы аракетинин тактыгы менен бааланат. (Ирландия, Англия, Швеция, Жаңы Зеландия, АКШ, Индия, Кытай).
Билимдин чыныгы негизи болуп Адамдын Акылын изилдөө болууга тийиштигин тартынбастан аныктамакчыбыз.
Акыл деген эмне?
Акыл – бул адамдын маңызы (субстанциясы).
Акыл ошондой эле сезимдер органы жана мээ күчүн алып жүргөн нервге окшош катташуу жолу болуп саналат.
Акыл – бул алтынчы сезим жана ал болмоючна башка бешөөнүн пайдасы жок.
Акылдын чыныгы ролу- аракеттерди калыптандыруу жана уюштуруу.
Акыл ой-максатты уюштуруп жана калыптантып, анан ой-максат андан ары аракетке аланышы үчүн денеге өткөрүп берет.
Акыл жөндөмү – зиректик, талкуу, элестетүү, акыл-эс жана эрк.
Акылдын орду – заттардын түр, үн, жыт, даам жана сезим жана беш сезим тилине которулган чагылдырылышын кабылдоо жана аларды кайра акыл сезиминин тилине которуу, алардан акыл таасирлерин түзүү.
Мындай сезимденүү жана таасирленүү ой жүгүртүүнүн заты, бирок ой-жүгүртүүнүн өзү эмес.
Ойлонуу жетиштүү жана өркүндөгөн затта иштеши өтө маанилүү.
Ошондуктан, адамдын эң биринчи милдети – акыл булчуңдарын машыктыруу.
Акыл руханий борбордун тегерегинде жеке өзгөчөлүү жана уюшкан болууга тийиш.
Акыл баарын өзгөртөт, тыюу салат, кармап турат же басып коет.
Машыккан акыл башка дене мүчөлөрүнө көз каранды эмес кылдат көрө билүүгө жана угууга ээ.
Жакшы машыккан акыл өркүндөтөөнүн өзү болуп саналат.
Адам өзүн жакшы билбегендиктен гана өркүндөөнү билбей жана түшүнбөй турат.
Өзүңдү таанып-билүү аркылуу Баарын билсеңер болот.
11. Эл аралык каржы борбору.
Банктар, бизнес-борборлор, биржалар ж.б.(Англия)
12. Эл аралык соода.
Эл аралык соода терминалдары. (Дубай, Хоң-Коң, Сингапур) Бул багыт товар жүгүртүүгө гана эмес, ошондой эле ой-максаттарды, кыялдарды (билимди), маданиятты ж.б. жылдырууга да мүмкүндүк берет.
13. Өнөр жайдын башкы тармактарын кайра жаралтуу жана түзүү:
– Химия ишканалары (нанотехнологиялар).
– Химиялык металлургия заводдору (Эйрбастын, Боингдин, АКШнын, Орусиянын жаңы заводдору);
– Машина куруучу, кайра иштетүүчү заводдор: (Ленин атындагы, “Физаспаптар” – “Дастан”, “Оргтехника”, ж.б.), (Жапания, Германия, АКШ);
– Жеңил өнөр жайы (камвол-нооту комбинаты, Токмоктогу жүндү алгач иштетүү фабрикасы (ЖАИФ), Кара-Балтадагы килем комбинаты, улутутк буюмдаржы жасоочу жаңы комбинаттар, тигүү цехтери). (Сингапур, Кытай, Англия, Италия). Кийиз өндүрүшүн негиздөө (боз үй, калпактар, шырдак, ала кийиз ж.б.).
P.S. Бул программанын ишке ашырылышы материалдык муктаждыктан чыгуу гана эмес, ошондой эле басмырлануу ызасынан кутулуу менен да жыйынтыкталмакчы.
Программанын өзгөчөлүгү:
– Сейрек жана кайталангыстыгы. Биздин программа башкалардыкы бүткөн жерден башталат.
– Экономикалык өнүгүү. Өтө тездетилген ыкчамдыгы.
– Экономикалык майнаптуулугу. Колдо бар нерсенин баарынан пайда чыгаруу.
– Калктын иш менен толук камсыздалышы. Ар биринин келечеги абдан кеңейет.
– Экономикалык эркиндик. Кыялдардын ишке ашырылышы.
– Кыялдагыдай мамлекет демек – бакубаттык, токпейилдик каржы мүмкүндүгү жана социалдык абалы менен чектелбейт.
Сиз мурда жок нерсеге ээ болосуз. Билбегенди билесиз, боло электей болосуз.
Бул программаны кабыл алуу же андан баш тартуу Сиздин эркиңизде.
Өнүгүүнүн башка жолу жок жана болбойт. Окурмандарды чын ниеттен урматтоо менен.

Булак: “Эгемен.кж”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *