Видео – Коомдук ишмерлер менен интеллигенция өкүлдөрү Курсан Асановдун таламын талашып чыгышты

Бүгүн, 10-октябрда, Бишкекте коомдук ишмерлер жана интеллигенция өкүлдөрү генерал Курсан Асановго карата кылмыш ишинин козголушу боюнча басма сөз жыйынын өткөрүшүп, өз ойлорун ортого салышты. Филология илимдеринин доктору Садык Алахандын айтымында, “Кара-Суу ынтымагы” коомдук бирикмеси президент Сооронбай Жээнбековдун атына кайрылуу жөнөтүшкөн.

Биз өлкө башчысынан генерал Курсан Асановдун ишин тергөөнү жеке көзөмөлүнө алышын, бардыгы калыс жана мыйзам чегинде болушун сурандык. Кайрылууга 12 киши кол койду”, – деди Алахан Садык.

Ал эми маданияттын эмгек сиңирген ишмери Адылжан Абдуллаев: “Мурда генерал Эргеш Алиевди “элдик генерал” атачубуз, азыр Курсанды ошентип атап калдык. Тегин жерден эмес, ал мындай наамга ак эмгеги менен татыктуу. Асановду бардыгы колдоп жатышат”, – деди. Ал эми академик Миталип Мамытов Курсан Асанов мекен алдында өз милдетин так аткарганын белгилеп, 2010-жылдагы Ош окуясын, 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын мисал келтире кетти.

KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *