Эмилбек Каптагаев: “Арам ой ачыкка чыкты…”тизмегейттин” башкы уюштуруучусунун аты айтылды…”

Бүгүн, 28-ноябрда коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев “Арам ой ачыкка чыкты… “тизмегейттин” башкы уюштуруучусунун аты айтылды… дареги көрсөтүлдү…” деген мазмундагы пост жазып, өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй документти жарыялады:

“Урматтуу, Алмазбек Шаршенович!

Мени түшүнөсүз го деген үмүттө сизге кат жазып жатам. Шашылыш түрдө кетишим керек болгону үчүн сизге өзүнчө жолугуп, айта алган жокмун. Менин жагдайымды түшүнүп, менин аракеттеримди кечирүүңүздү суранам. Шайлоо учурундагы үгүт иштерине жумшалган каражат боюнча маалыматты мөөнөтүнөн мурда жарыялатып жибердиңиз. Менин айткан кеңешимди уккан жоксуз. Бул окуя экөөбүздүн тең беделибизди түшүрдү. Мындан тышкары, сиздин жардамчыларыңыздан өз дарегиме коркутууларды уга баштадым. Ошондой эле, бул коркутуулар сизден экендиги баса белгиленип айтылып жатты. Эки тараптын ортосундагы кысымда калуу мен үчүн оор жана коркунучтуу болду. Сиз ар дайым ачуу, кызыл кандуулук менен бир ишти бүлдүрүп салып, анан ага бирөөлөрдү күнөөкөр кылып, бирок аларды дагы ара жолго таштап коесуз. Ошолордун катарында болууну каалаган жокмун.

Менин оюм боюнча, 8 жыл ичинде Кыргызстанда жасаган иштеримдин бардыгы ак жана таза болду.

Мен актанбайм, бирок түшүнүп жана кечирип коюңузду суранам.

                                                                                                                              Алексей Василивецкий”

Арийне, бул катка А.Василивецкийдин колу коюлган эмес. Ошондуктан, айрымдар каттын аныктыгынан шектенип, жасалма болушу ыктымал дегендей ойлорун айтышууда. Бирок, А.Атамбаев менен анын А.Василивецкий сыяктуулардан куралган командасы “С.Жээнбековдун штабы шайлоодо иштеткен акча каражаты” деп, жарыя кылган документте деле эч кимдин колу, же болбосо, андагы маалыматтардын чындыгын тастыктаган мөөр жок болчу.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *