“Коопсуз шаар” эмнеге иштебей жатат?

Акыркы беш ай ичинде катталган кырсыктардан 61 адам каза тапса, 1168 адам жабыр тарткан, анын ичинен жүргүнчү ташыган коомдук транспорттордон жабыркаганы 66 адамды түзгөн. Мындай ири жол кырсыктарынын катталышы эмнеден улам болууда? Буга ким күнөөлүү? “Коопсуз шаар” долбоору эмне себептен ишке ашпай жатат?

Рита Карасартова, укук коргоочу:

– Мен билгенден тендер боюнча чатак болуп, иш сотко кеткен. Тилекке каршы, атка минерлер, тендерди өз капчыгын толтуруп алганга мүмкүнчүлүк катары көрүп калганы өкүнүчтүү. Бүгүн коррупцияга илешсек, балдарыбыздын келечегин уурдап жатканыбызды билишибиз керек.

Дастан Бекешов, ЖК депутаты:

– Бүгүн, өкмөттүн отчёту каралганда, бир топ депутаттар ушул эле суроону Премьер-министрге беришти, бирок жооп бир эле: дагы деле соттун чечими жоктугунан өкмөт долбоорду баштабай жатат дешүүдө. Бирок буюрса, жергиликтүү органдар бир айдан кийин кээ бир жерлерде видео байкоолорду коюп башташат.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *