Коопсуз шаар: Кырсык азаймак тургай, көбөйүп кетти

Атамбаевдин Кой-Таштагы “Элдик штабы” өлкөдөгү айып пулдардын айланасындагы ызы-чуулар боюнча талкуу кылышмак болду. Бул ортодо өкмөт дагы жол эрежелерин бузуу үчүн каралган айып пулдардын наркы ашкере коюлуп калганын моюнга алып, алардын айрымдарынын өлчөмүн төмөндөткөнү жатат. Расмий маалыматтарга карасак “Коопсуз шаар” долбоору ишке киргени 290 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталып, 127 миң 400дөй айдоочу айып пулун төлөдү.

“Коопсуз шаар” долбоорунун тезирээк ишке киришинин негизги себептери болуп аймактарда жана узун жол тилкелериндеги жол кырсыктарынын көбөйүп кетиши болгон болчу. Тилекке каршы, кооптуу жайларга орнотулушу керек болгон видео байкоолор калаанын көчөлөрүнө гана орнотулуп, алар жөн эле кылмыш издеп акча табуунун амалын аткарган кызматка окшошуп калды. Шаар ичинде унаалар эч качан жогорку ылдамдыкта жүрө албайт. Ал гана эмес светафор жарыгынан дегеле авто унаалар катуу өтүшү мүмкүн эмес. Бирок, видео байкоолор дал ошол светафор жарыктарына коюлгандыгы “Коопсуз шаар” долбоорунун канчалык кырсыктарды жана кылмыштарды азайтууга багытталганын ачык көрсөтүп койду. Ушул тапта деле өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп, өзгөчө Талас менен Баткенде жана Ош шаарында быйыл эреже бузган айдоочулар көп болууда. Бул тууралуу өкмөт жыйынында айтылып, биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Коопсуз шаар” орнотулган Бишкектин айрым жерлеринде жол кырсыктары, тескерисинче, кескин түрдө азайды дейт: “Айрым жол кесилиштеринде жол кырсыктары 60 пайызга дейре төмөндөдү. Жол эрежесин бузуунун эң көп жайылган түрү айдоочулардын катуу ылдамдыкта айдап башкара албай калышы болуп жатат. Мас абалында машина айдоо үчүн айып пул 17500 миң сом болот экен деп жыл башында аябай талкуулар болду эле. Бирок мас айдоочулардын катышуусунда болгон жол кырсыктары да азайып жатат. Мастарга карата айып пул өлчөмү кала берет” – дейт Разаков. Муну туура эле. Мас адам – бул кылмыш менен жолго чыккан адам деп койсок деле болот. Бул үчүн ал жооп бериши керек.

Өкмөттүн бул демилгеси мурунку мамлекет башчысынын тарапкерлеринин дал ушул маселе боюнча уюштурган талкуусуна туш келди. Кой-Ташта айдоочуларга айып пулу тууралуу талкуу болору мындан бир апта мурун жарыяланган эле. Атамбаев тараптар айып пул ашыкча болуп жатканын, бул деген элдин жонунан кайыш тилүү менен барабар экенин айтышууда. “Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте быйыл февраль айында кишке кирип, жол эрежелерин бузган айдоочуларга катаал айыптар элдин нааразылыгын жаратты. Муну түшүнгөн өкмөт деле 3000 миң сомдук айып пулдар бир миң сомго түшүрүлөт деп айтышты. Бирок коомчулук 200-800 тегереги кылуу сунушун киргизип жатышат.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *