Коопсуздук кеңеши менен ажону кайсы мамлекеттик орган тескери жолго түртүүдө?

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы экономикалык кырдаал жөнүндө сөз болгон жерде ар дайым инвестициялык кырдаалды жакшыртуу керектигине көңүл буруп келет. Бирок, өлкө башчысынын ак ниеттүү аракети эмне себептен тийиштүү органдар тарабынан аткарылбай, жыйынтыгында мындан жарытылуу майнап чыкпай жаткандыгына кызыгып көрдүңүзбү? Башкача айтканда, айрым бир чаласабат жетекчилер тарабынан атайынбы, же жеке кызыкчылыгы барбы, президенттин инвестиция тартуу, аларды коргоого алуу багытына “саботаж” жасалып жатат. Аны биз төмөндө баяндап беребиз…

2017-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 570 “Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менем операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому чыгып, учурда бул жагдай инвесторлордун болуп көрбөгөндөй тынчсыздануусун жаратып жатат. Анын чоо-жайын баяндайбыз…

Кыргызстанда баалуу металлдарды камтыган сырье, б.а. концентраттардагы мисалы алтындын үлүшүн билүү, көзөмөлгө алуу үчүн керектүү лабораториялык текшерүү жүргүзүү зарылчылыгы акыркы кезде актуалдуу маселеге айланууда. 2000-жылдары бир гана “Терексай” кени иштеп, “Кыргызалтын” керектүү изилдөөлөрдү Кадамжай сурьма комбинатына караштуу лаборатория аркылуу жүргүзүп келген. Бирок, комбинат казактардын компаниясына өткөндөн кийин кудуретсиздикке учурап, жабылып калганы белгилүү. Мына ошого байланыштуу, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн концентраттын пробасын чек өлкөлөрдөгү көз карандысыз лабораторияларга жиберүү муктаждыгы пайда болгон. 2015-жылы “Алтынкен”, “Каз Минералс Бозымчак”, “Иштамберди” кендери ишке кирген. “Терексайда” көлөм аз болчу, а жаңы компаниялар рынокко киргенден кийин абал кескин өзгөрүүгө учураган. Мындай учурда компаниялардын эмнени канча көлөмдө казып чыгарып кетип жатканына мамлекеттик көзөмөлдүн болушу аба менен суудай зарыл нерсе да. Ачыгын айтуу керек, тонналаган концентраттын ичинен орточо деңгээлди көрсөткөн пробаны аныктап алып чыгуу да түйшүктүү маселе. Жүз тонналык 20-30 мүшөктүн ар биринен жарым килограмм текшерүүгө алынуучу концентратты сууруп чыгуу үчүн кандай эмгек керек! Кара-Балтадагы көз карандысыз лабораториянын кадыр-баркы бар. Эгерде комнания алтынды дүйнөлүк стандартка туура келет дей турган болсо, аны Лондондо, Ливерпулда, баардык жерде кабыл алышат. Ошондуктан, жергиликтүү компаниялар ушул лабораториядан алыс барып олтурбай, текшерүүдөн өтүп турушкан. Ар ай сайын чет жакка алпара берсең убакытты да, акчаны да жейт го…

Арийне, концентраттагы алтындын же башка баалуу металлдын үлүшүн аныктоо маселесине келгенде, ошондо тоо-кен тармагындагы компаниялар менен өкмөт чындыгында жакшы чечимге келишкен. Дүйнө жүзүндө бул багытта иштеген 4 ири бренд бар. Алардын ар бири кадыр-баркы үчүн абдан күйөт, себеби жүз жылдаган убакыттардан бери ушул жакта тынымсыз иштеп келе жатышат. Мамлекет инспектордук текшерүүнү өз алдынча жасай албайт. Андай мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми бул компаниялардын лабораториялары, аудитордук бөлүмдөрү, б.а. бардык керектүү нерсеси бар. Алардын иштөө тартибине ылайык, мисалы Кара-Балтадагы лабораториянын бүтүмү үчүн жоопкерчиликти толук мойнуна алышат. Аты, кадыры турат. Бул үчүн алар лабораториядагы жабдуулар, иштөө тартибине тынымсыз көз салып турушат. 2015-жылда өкмөт менен тоо-кен ишканаларынын ортосундагы макулдашууга ылайык, Кыргызстанда инспектордук компаниялар жоктугуна байланыштуу, Эл аралык инспекциялык агентчиликтер федерациясынын курамына кирген компанияны үчүнчү көз карандысыз тарап катары тартуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мисалы, коом ичинде “баарын казып кетип атышат” деген ушак көп го, а бул компаниялар так концентраттын канча көлөмүндө канча алтын, жез, же башка баалуу металл бар экенин айтып берет. Бир гана, өкмөттүн талабы боюнча, компания Кыргызстанда юридикалык өкүлчүлүгүн ачкан, себеби, соттошо турган болсок, ушул жерден эле соттошсо болот. Ошентип, ILS компаниясы биздин рынокко келген. Арийне, аларга лаборатория ачуу талабы коюлган. Бирок, Кыргызстандагы көлөмдүн аздыгын эске алуу менен, бул аларга пайдасыз экенин ачык айтышкан. Алар көбүнесе мындай лабораторияларды баалуу металлдардын жүгүртүү көлөмү көп жерлерде, логистикасы өнүккөн аймактарга курушат. Алар Кара-Балтадагы лабораторияны канатына алуу менен, жоопкерчиликти да моюнга алышкан. Ачыгын айтуу керек, жөнү жок жерден ал же бул лабораторияны тандашпайт. Алгач текшерет. Керектүү жабдуулар менен жабдыйт. Окутат. Мына ушул жагдайда буга чейин иш болуп келген. Эч кимде нааразычылык болгон эмес.

А бүгүн болсо, өкмөттүн жогоруда сөз болгон токтому пайда болгондон кийин абал кескин өзгөрдү. Ага ылайык, баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана киргизүүнүн тартиби өзгөрүүгө учурап жатат. Бул багытта Кыргызстанда лаборатория, логистика, аудитордук бөлүмү бар инспектордук компания түзүлөт. Инвесторлордун оозу Ошту карап турган чагы, анткени, Кыргызстанда мунун баарын камтыган бир да компания жок. Аны тез арада түзө коюу мүмкүн эмес жана өтө кымбат. Ошондуктан, баарына тең жаккан схеманы талкалоо мамлекетке зыяндуу экени айтылууда. Азыркы компаниялар ачыгын айтуу зарыл, көптөгөн багыттар – ташуу, текшерүү, чыгаруу багытында келишимдери бар. Мунун баарын жокко чыгарып, баарын өкмөт каалагандай кайра башынан баштоо үчүн, кеминде уч жыл керек экендиги айтылып жатат. Ошондо үч жылдай убакыт алардан бюджетке чегерүүлөр токтойт, а кээ бирлери “тойдум байдын кызына” деп өлкөдөн чыгып кетсечи? Айтор, мунун баары инвестициялык климатка абдан терс таасир тийгизип жатат.

Бул чечим кайдан чыкты? Коопсуздук кеңешинен. Былтыр айтылган, быйыл “эмнеге аткарылбай жатат?”- деп сурап коюшса эле шашылыш киргизе салышты. Эмне өкмөт өз алдынча анализ жүргүзө албай калганбы? Былтыр бул тескери идеяны киргизип, президент, өкмөт, Коопсуздук кеңешин ким уятка калтырууда? Арийне, кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгы бар. Анын бул аракети мамлекетке зыян алып келгени менен, келечекте ал түзгөн инспектордук агентчилик өзүн байытат. Инвесторлорду жалдырап келтире албай жатсак, иштегенин да кыйнаган кандай өкмөт деги бул? Президент С.Жээнбеков кырдаалга кийлигишип, абалды оңдобосо, эртең кеч болуп, өкүнүп калбайбызбы?

Булак: “Майдан”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *