Британиялык “The Sun” басылмасы Кыргызстандын Кытайдан коопсуздугу боюнча коңгуроо кагат

Британиялык “The Sun” басылмасы Кытай кичине, жарды өлкөлөргө насыя берүү менен жылма экспансия саясатын жүргүзүп, үстөмдүгүн орнотуп жатканын жатканын жазып чыкты. Анда Бээжинге көз карандылыгы күчөп бараткан Пакистандан тартып Африкадагы Жибути, Мавритания сыяктуу өлкөлөр да аталган. Басылма алардын катарына 1.5 миллиард доллар карызы бар Кыргызстанды кошкон. “The Sun” гезити берилген насыяларды төлөө жону жука өлкөлөр үчүн кыйын болгондуктан карызды кайтарууга келгенде Бээжиндин талабы катуу болорун эскерткен. Буга ал Шри-Ланкада былтыр түзүлгөн кырдаалды мисал келтирип, карызды убагында кайтара албаган бул өлкө аймагындагы деңиз портун кытайлык компанияга 99 жылга ижарага берүүгө аргасыз болгонун жазган. Британ басылмасындагы макала Кытайга карыздын көбөйүп баратканы үчүн чочулоо күч алган Кыргызстандагы абалды кайрадан эске салды.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы июль айына карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 800 миллион доллардан ашкан. Анын 1,5 миллиарды Кытайга тиешелүү. Бул Кыргызстандын тышкы карызынын 45%га жакынын түзөт. Мындай кырдаалдын кооптуу экени буга чейин парламентте бир нече жолу айтылган.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *