Көп партиялуулук бар,  – жалпы элдик кызыкчылык жок

Бул жумада бири-бирине куйрук улаш өтчү эки съезд — ​кийинки жаңы пайда болгон курамдагы СДПК (шарттуу түрдө айтканда, — ​атамбаевсиздердин тобунун) жана да эски СДПК (булар накта атамбаевчилер экендигин көрсөтүүгө далалаттанышууда!) партияларынын съезддери соңку саясий окуялардын чордону болуп калды.

Ачыгын айтканда, Алмазбек Атамбаев экс-президент статусу менен биринчи жолу өткөргөн өткөн жылкы марттагы съездде эле бул эң эле эски партиялардын ичинен жарака кеткени байкалган. Ошентип, ал жарака улам көбөйүп олтуруп, акыры партиянын ички маселеси болуу стадиясынан өтүп, республиканын ар кайсыл региондорундагы бул партиянын мурунку мүчөлөрүнүн — ​азыркы эки жээкте калган адамдардын жакалашуусуна чейин алып барган учурларга чейин да жетти!

Башкача айтканда, СДПК бирдиктүү партия болуудан биротоло калды. Эмки маселе — ​ошол экиге бөлүнүп калган партиялардын мындан аркы аталыштары жана саясий платформалары кандай болот, жана да алдыда аларды кандай тагдыр күтүп турат? — ​ушул сыяктуу эң жөнөкөй суроолор актуалдуу болот.

Эрксизден тарыхый паралеллдер эске түшөт. Мындан 125 жылча илгери РСДРП (бир кезде бүт дүйнөнү титиретип, тең жарымын былк эттирбей кармап турган КПССтин — ​коммунисттер партиясынын прообразы — ​ата-теги!) экиге бөлүнүп, көбүрөөк жагы “большевиктер”, азыраак калган тарабы — ​“меньшевиктер” атка конушуп, алардын өз ара тиреши тээ 1930-жылдарда башталган кандуу репрессияларга чейин уланып жүрүп олтурган. Анан калса, дал ушул тымызын жана ачык атаандашуу ошол репрессияларда өз ара эсептешүүдө “ыңгайлуу курал” болуп берип, мурдагы партиялаштар бирин-бири аеосуз талкалашып, түрмөлөрдө чиритишип, аттырганга чейин себеп болгон фактылар да орун алган!..

“Ыкка келишкис оппозиция” (непримиримая оппозиция) саясий кармашка өткөн соң, бул абдан коркунучтуу кырдаалга айланып, эч кандай мыйзам-абийир, нравалык норма сыяктуу түшүнүктөргө карабай кала турганы эбак эле тастыкталган. Кудайга шүгүр, азыр андай кандуу репрессия заманынан алыстап кеттик. Антпесек, тээ 30-жылдарда атылган, “Ата-Бейитте” жаткан курмандыктар деле дал ушундай күрөштөрдө жеңилгендер экени белгилүү. Балким, алар өтө эле ыплас, ыймансыз, пас “технологияларды” колдонууга келгенде тигил оппозиционерлерине караганда алсыздык кылышкан чыгар?!
Кандай болгон күндө да, бир нерсе жайкы тегиз тийип турган, чайыттай көк асмандай эле ачык жана да түшүнүктүү: эми бизге көп партиялуулук саясий системадан башка артка карай жол жок. Демек, алдыда жакындап келе жаткан парламенттик шайлоолор да дал ушундай түркүн түстүү партиялардын кармашы менен өтөт.

Ал тургай, алардын конфронтациялык платформаларынын азыртан эле эч кандай компромиссиз маанайга өтө баштаганы — ​биздин коомчулуктун алдында дагы көп чыңалуулар бар экенин, кийин келе турган кышкы ызгаардан эртелеп эле кабар берген кеч күзгү сууктан бетер ырастап тургансыйт… Партиялардын өз ара тиреши мыйзам чегинде өтүп, бийик саясий маданияттагы атаандашууну камсыз кылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?

Азыркы бийлик бул сыяктуу маселелерди кеч боло элегинде алдын алып, кийинки парламенттик шайлоолордун мыйзам чегинде өтүшүн камсыз кыла турган чараларды көрүшү зарыл. Кийинки шайлоолорго чейин дагы бир жарым жылдай убакыт бар экендигине карабастан, саясий партиялардын өтө эле активдеше башташканы, алардын болочок “күнөсканадан” азыртан эле орун талаша башташканы — ​коомдук-саясий чыңалууга чейин өтө баштаганы жакшы симптом эмес.

Биздеги партиялардын саясий маданиятынын төмөндүгүнөн улам, региондорду, элди дагы жиктеп бөлүп, өз ара бөлүнүүгө алып келип, ал тургай, каршылашууга чейин жеткире баштаганы ачык эле көрүнө баштады. Мындай темп менен кете берсек, кийинки парламенттик шайлоолор абдан чырлуу саясий кампания болуп, анын жыйынтыгын чыгаруу эч качан аягына чейин бүтпөс соттук-тергөөлүк териштирүүлөр менен аякташы турган иш.

СДПКны “большевиктер” (же, шарттуу түрдө “Өмүркуловчулар”) жана “меньшевиктер” (же – “Атамбаевчилер”) деп бөлүүгө мүмкүн болгон менен да, алардын расмий аталыштары чоң талаштык предметке айланары да түшүнүктүү. Анткени, “СДПК‑1”, “СДПК‑2” деген сыяктуу аталыштар мүмкүн болгон учурда деле, алардын эч кимиси “экинчи” болууну каалашпасы белгилүү. Ошол эле учурда, партиянын аталышын өзгөртүп, шайлоого абдан жакын калган убакта жаңыча, анча белгисиз болгон башка наам менен эл алдына чыгуу да абдан тобокелчил кадам болуп, опурталдуу кырдаалга кептейт. Кантсе да, СДПК таанымал, же азыркыча айтканда, бренд болуп калган наам. Демек, каршылашкан тараптардын эч кимиси андан өз ыктыяры менен ажырагысы келбейт. Сот дагы бул абсурд ситуацияда алсыздык кылат — ​себеби, эки тарапта тең партиянын тээ баштапкы түптөлүшүнөн берки жүргөн адамдары бар.

Сагынбек Абдырахманов менен Алмазбек Атамбаевдин, же Ирина Карамушкина менен Иса Өмүркуловдун ортосунда эле чечилип кала турган маселе эмес. Анын үстүнө, алардын өздөрүнүн да саясий айдыңда өздөрүн колдошкон пикирлештери жана оппоненттери бар экендиги маалым. Маселен, жакында эле жаза мөөнөтү кыскартылып, түрмөдөн амнистия менен чыккан Бекболот Талгарбеков мен үчүн Атамбаев менен Өмүркуловдун айрымасы деле жок деген мааниде билдирүү жасады…

Дегеле, түрмөдөн бошоор замат эле, өздөрүн саясий диссиденттер катары позициялай башташкан, саясий репрессияга дуушар болушкан адамдар катары пропагандалай башташкан Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов сыяктуу коомчулукка таанымал болуп калышкан саясатчылар чылгый саясий контексттен алып карай турган болсок, Атамбаевдик бийликти жалаң гана катуу сынга ала берүүдөн башка дагы — ​ага ырахмат айтыша турган да жөнү бардай сезилет. Анткени, коомчулукта анча белгисиз болушкан, ал тургай жалаң гана негативдик багыттагы (айыл чарба министри Бекболот Талгарбековдун “австралиялык кочкорлору” сымал!) фактылар менен гана эсте калышкан бул саясатчылардын рейтингин көтөрүп, кеңири коомчулуктагы саясий популярдуулугун жогорулатып, “бекер реклама” кылып берген оппоненттерине ыраазы болушса деле жарашкансыйт!.. Мындай ирониясыз эле айта турган болсок, — ​азыр саясий реванш алууга умтулган, жекече мүнөздөгү оппоненттер менен өз ара эсептешүүгө карата болгон аракеттер да жалпы чоң саясаттын кандайдыр бир табигый бөлүгүнө айлана баштагандыгы көрүнүп турат.

Кандай болгон күндө да, саясий кармаштардагы алдын ала айтууга боло турган, же кайсыл бир өлчөмдө так болжолдосо боло турган жагдайлар да арбын. Айталык, азыркы экиге бөлүнүп, жогоруда биз белгилегендей, эки ача жолдун айрылышында калып, кайсыл тарапка кетүүнү чече албай, башы маң болуп тургансыган СДПК партиясы азыркыдай абалында эч кандай ийгилик жарата албайт. Эки тараптан тең катарлаштары кийинки парламентке карай мандат алышса да, алардын саны өтө чектелүү болуп, катардагы гана эмес — ​абдан чабал фракцияга айланышып (азыркы саны эң аз “Бир бол” сымал), башкалардын көзүн караган күчкө айланышы мүмкүн. Анткени, партиянын күжүрмөн күчтөрү болгон лидерлери гана эмес, анын кыймылдаткыч-мотору — ​эң негизги ресурстарынын бири болгон – финансылык каражаттары да экиге бөлүнөрү айкын. Демек, СДПК абдан кыйын кырдаалга кептелип, мындан аркы бул эң эле эски саясий партиялардын биринин тагдыры “быть или не быть?” деген гамлеттик суроого такалды.

Бул бүдөмүк саясий кырдаалда, алдыны туман каптап, саясий-метеорологиялык кызматтары чабалдык кыла баштаган кезде, Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети да активдүү көрүлө баштады. “Ата-Мекендин” убактылуу лидери (же, бул партиянын “Кедейканы” — ​дагы бир өзүн саясий репрессияга туш болдум деп эсептеген саясатчы — ​Өмүрбек Текебаевди убактылуу алмаштырган саясатчы-депутат) Алмамбет Шыкмаматовдун билдирүүсүнө караганда, алар партиялардын персоналдашып, тизмелеринде кимге добуш берилерин көрсөтүшү керек деген жобону демилгелеп жатышыптыр. Дегинкисин, бул колдоого ала турган жана да оң жактары арбын демилге экендиги байкалат.

Себеби, азыркыдай жалаң гана акчалуулардан куралган жана да өз капчыгын гана ойлошкон “эл өкүлдөрүнөн” куралган парламент эгемен Кыргызстандын тарыхында эч качан болгон эмес. Демек, “башка улуттардын өкүлдөрү”, “аялдардын өкүлдөрү” “жаштардын өкүлдөрү” деген сымал квоталар сыяктуу эле, олигархтардын жана да чоң бизнес өкүлдөрүнүн келишине да кандайдыр бир тосмо-чек сыяктанган барьерлер коюлса жакшы болмок. Мисалы, ар бир партиянын тизмесинде ошол катмарлардан белгилүү гана өлчөмдөгү адамдар тизмеге киргизиле тургандыгы жөнүндө… Ошондо да, “ар бир “төртүнчүсү же бешинчиси” деп эмес — ​отузунчу-кыркынчысы деп, же тагыраагы — ​ушунча сандагы талапкерлерден бирден гана олигарх, бизнесмен кире алат дегендей чек коюлушу зарыл.

Калың эл массасынын бардык катмарларынын өкүлдөрү четте калбай, жапырт парламентке киришкенде гана, алардын ички маңызы артып, коомдогу көйгөйлүү маселелердин баарын камтып, өз учурунда чечүүгө болот. Ансыз азыркы “касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы” деген сымал абал өкүм сүрө берет. Парламенттеги олигарх-бизнесмендер өз кызыкчылыктарын коргоп гана тим болбой, кол тийбестик сыяктуу макамдарга умтулушканы, чоңураак кызматтарга жетип калышса, ыйгарым укуктары андан дагы артаары — ​жалпы коомчулук кызыкчылыктарына эч качан коркунуч туудурушу керек эмес. Алар деле коомчулуктун катардагы бир бөлүгү сыяктуу бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу шарт.

Болочок парламентти түзүүдө жалпы элдин талаптары жана көйгөйлүү маселелери эске алынып, эң алдыңкы орунда турушу зарыл. Ошондо гана ал нукура элдик парламент деген наамга татыктуу боло алат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *