Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү
САЯСАТ

Көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн, 14-октябрда Парламенттин жыйыны “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Күн тартибине депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрдин кызмат ордуна бекитүү маселесин киргизишти.

Жыйынга 83 депутат катышууда, сегиз депутат кесиптештерине ишеним каттарын тапшырышты.

Парламенттик көпчүлүк коалициясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөттү. Эл депутаттары анын талапкерлигин бир добуштан колдошту.

10-октябрда кезексиз жыйында Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырды. Юристтер эл депутаттарынын бир бөлүгүнүн чечиминин мыйзамдуулугуна шек келтиришкен.

Эмилбек Каптагаев, Президенттик Аппараттын экс-башчысы: “Укук коргоо органдары менен сотторго люстрация керек”

Камчыбек Жолдошбаев: “Бишкек мэриясы көчөлөрдү оңдойбуз деп 50 жерден жаап салып, пробкаларды түзүп жатат же көчөнү оңдой албайт…”

Жээнбековдун өзүнчө партия түзгүсү келип жатканы эмнени каңкуулайт?