Кордай районундагы жаңжал тууралуу өлкө башчысы эмне деди?

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кордай районундагы жаңжалга комментарий берди.

“Жамбыл облусунун Кордай районунда бейбаштыктан улам массалык мушташ болду. Муну кырдаалды чагымчылдар пайдаланууга аракет кылышкан. Полиция кырдаалды турукташтырып, көзөмөлгө алды. Коомдук тартипту бузган күнөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат” – деп президент Твиттердеги баракчасына кечээ, 7-февралда жазган.

Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ, 7-февраль күнү Жамбыл облусундагы Кордай районундагы Масанчи айылында казактар менен дунгандардын ортосунда жаңжыл чыккан. Анда ондогон үйлөр өрттөнүп, ок атышуулардын үндөрү угулган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *