Көрөгөч көсөмдүн мааракесине маани беришер бекен?

Мезгил баарына тараза. Мезгил баарына күбө. Мезгил баарына ортоктош. Элден өткөн калыс жок деп коёт. Анткени, эл татыктуу адамын эзелтеден бери электен өткөрүп келет. Минтип сөз учугун улаганыбыздын да жөнү бар. Себеби, биздин эчен кылымдарды карыткан чакан республикабыздын пайдубалын түптөөдө, социалдык, экономикалык абалын жакшыртууда, түпкүлүктүү маданиятын, адабиятын байытууда канча деген чыгаан, көрүнүктүү атуулдарыбыз учурунда жетекчилик жооптуу милдетти аркалады. Кыргыздын залкар жазуучусу Аалы Токомбаевдин: “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген нуска кеби астейтил маани берген адамга жашоодогу көп нерсени тастыктап тургансыйт. Калыс караган адамга журт башкаруунун да ары жоопкерчилиги, түмөн түйшүгү, машакаттуу маданияты бар. Эгер алыс барбай артта калган ХХ кылымга саресеп сала турган болсок, анда ал кылымдагы эл башкаргандардын арасынан улутубуздун залкар уулу, даанышман пендеси, улут лидери, асмандагы ак жылдызы десек да аша чаппаган болобуз, Исхак Раззаковдун жаркын элеси көз алдыбызга тартылат.

Бул ишмер инсан жөнүндө 1945-жылдардан бери биздин республикада жүрөк жылыткан көз караштар, көкүрөккө сыйбас баалуу эскерүүлөр аңыз катары айтылып келет. Ал эми ага чейинки Өзбекстанда иштеген жылдары тууралуу кошуна жайгашкан өзбек туугандар “Биздин Исхакжан!” деп ысмын өзгөчө сыймык менен оозго алганы көп нерседен кабар берет. Анан анын Өзбек өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн маалында жасап кеткен баа жеткис эмгегин кызыгып сурагандарга ирети менен баян этишет. Анткени, анын алтынга алмашкыс жаштыгы, жигиттик курчтугу, тоскоолдуктарга моюн сунбаган өткүр жаш жетекчи курагы аталган өлкөдө өттү. Мамлекеттик пландоо комитетинде катардагы инструкторлуктан, Өзбекстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин катчылыгына чейин татыктуу болду. Өзбек элинин экономикасы, социалдык абалы, маданиятынын өсүп өнүгүшү үчүн кызмат аркалады. Эгер артта калган тагыраак далилге таяна турган болсок, анда жыйырма эки жыл өмүрү өзбекстанда өткөнүнө тарых күбө.

Чындыгын айтканда биз маалында ушундай улутубуздун улуу инсанын сыйлай албаганыбызды моюнга алганыбыз калыстык болоор. 1961 жылы май айындагы Пленум көрүнүктүү мамлекеттик, партиялык жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун тагдырына балта чапты. Ошондой жыйынга катышып олтургандардын жетик жетекчини колдоп сөз сүйлөбөгөнү да жандырмагы жок табышмак сымал ушул мезгилге чейин чечилбей келет. Бирок, Исхак Раззаков пленум соңунда жыйынтык сөз сүйлөгөндө олтургандардын баары жапырт шатырата кол чаап жибергени көп нерседен кабар берет. Экинчиден бүдөмүк ой жаратат.

Эмнегедир Исхак Раззаков Москвада жашап, мамлекеттик пландоо комитетинде бөлүм башчы болуп кызмат аркалаганы, ден соолугуна байланыштуу эс алууга чыкканы, кийинки аянычтуу тагдыр таржымалы тууралуу сөз болбой келгени да түбү жок туңгуюк сыяктанып кетет. 1961 жылдан баштап асыл адам тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында учкай кеп козголбогону да бүдөмүк. Ошондуктан ХХ кылымдын алтымышынчы жылдарынан кийин төрөлгөн уул — кыздары бул ишмер инсан жөнүндө тиешелүү деңгээлде маалымат албай калганы көңүл чөгөрөт. Көрсө маалында республиканы жетектеп, артында өчпөс өрнөктүү өмүр жолу калган жетекчини унутуп салуу ошол кездеги саясат үчүн жеңил желпи нерсе экенин ким төгүнгө чыгарат. Аны тарых барагы, өткөн күндүн көкүрөктө катылуу калган жылдары кантип эстен тансын? Эмне себептен мурунку союз кезинде өзүбүздүн Кыргызстандын тарыхы мектеп программасына киргизилип, жаш муундарга окутулган эмес. Ким буга уруксат бербеди эле?. Ага ким жолтоо болду? Ушуга акыйкат жооп берчү жетекчи табылабы?

Жарыктык киши алыста калган ата журту көзүнөн учуп, топурагы алтын, киндик каны тамган туулган жерин көп элестеп, сагынычы ансайын күчөп, куса болчу экен. Ошол саам бөлмөсүн ичтен илип алып, ичтеги жүрөгүнө тынчтык бербеген бугун көз жашы менен чыгарып алчу дешет. Жанын жай алдырбаган дартынын улам мезгил санап күчөшүнө да ушул жагдай себеп болгон чыгар. Жылына алыскы кичи мекени Лейлек районунун бийик тоолорунда өскөн кийик от, жыты моокум кандырган арча, айылынын топурагын, адырларда жайнап өскөн шыбактарын алдырып, аны кыйлага моокум кандыра жыттап, саамга болсо да туулган айылына болгон сагынычын, кусалыгын кандырып, саамга болсо да өзүн бактылуу сезип, жан дүйнөсүнө тынчтык бербеген сыйкыр күчтөн арылгандай туюп калар эле. “Туулган жериңдин топурагынын жыты кандай керемет. Таптакыр башкача. Өзгөчө алыста жашап жүргөндө өскөн айылыңдын топурагынын баасы дили менен туйган жүрөк аркылуу бааланат тура. Туз буйруп, өз жергеме барат бекенмин” деген көксөө, илгери үмүт жан дүйнөсүндөгү бугун күчөтүп, анан аргасыздан оор үшкүрүп тим болчу экен.

Көп жылдык өмүрү Кыргызстанда, тоскоолдуктарды тоотпогон өткүр жаштык курагы калган Өзбекстанга, кур дегенде баёо балалыгы калган Тажикстанга көчүп кеткиси келчү экен кыялында. Жан дүйнөсүнө тынчтык бербей, көкүрөгүндө тумар өңдүү катылып келген ыймандай сырын аталган республика жетекчилерине телефон аркылуу билдирип, эки-үч күн телефон жанында жакшы кабар күтүп кээде уктап калганын кызы Элмира эже эскергени зээн кейитет. Ошол кездеги республика жетекчилери Москваны шылтоо кылышып, салкын мамиле менен кол куушуруп койгон дешет. Атаганат, өзүнүн туулуп өскөн айылына келалбай алыста жүргөн ошондогу асыл адамдын тагдырын ойлоп, каңырыгың түтөп, жүрөгүң сыздайт. Анан ошол кездеги улутубуздун улуу инсанын капаска салган саясатка аргасыздан наалат айткың келет. Жарыктык киши жарык дүйнө менен кош айтышаарына бир жыл калганда киндик каны тамган алыскы өрүкзардын мекени Лейлекке келүүнү ниет кылып, жалгыз өзү эмес неберелерин алып барсам деп, жатса турса кудайдан тилек кылган экен. Бирок, ал максаты жүрөгүндө катылган бойдон сөөгү менен кошо орус жергесинде кала берди. Балким, ошол үмүт уялаган ниети ишке ашып, жергесине келгенде дагы узак жашайт беле ким билсин? Канткен менен кыргыздын чыгаан уулуна ушундай салкын же болбосо суз мамиле жасалганы сай сөөгүңдү сыздатып, муундарыңды бошотуп, жашап жаткан жашообуздун ырасында эле жалган дүйнө экенине аргасыздан ынандырат.

Атаганат, пенде да сөөгүм алыста, бөтөн жерде калбаса экен деп көп бушайман тартчу экен. Нымдалган жүз аарчысын өмүрлүк жарынан жашырып, балконго жайып койчу экен. Бирок, арадан жыйырма бир жыл өткөндөн кийин сөөгү менен кошо тиги дүйнөгө кеткен тилеги орундалып, табыты өзүнүн кыял катары жүзөгө ашпай келген Ала — Тоосуна алынып келип коюлду. Эми анын сөөгү жыйырма бир жылдан кийин буйруган өзүнүн кутман жеринин топурагына берилди. Көзү өткөн адамга же болбосо маркумга байланышкан кийинки муундар тарабынан жакшы иш жасалса, “арбагы ордунан козголуп алат” дешет эмеспи. Исхак Раззаковдун арбагы бир эмес бир канча ирет ордунан козголгон болуш керек. Ал бир гана жаратканга маалым.

Башыбыздан кечирип жаткан азыркы жаңы заманда көрөсөн көсөмүбүздүн: “…Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот!…” деп айткан нуска, накыл кеби доорго добулбас каккан, мен кыргызмын деген улут атуулунун жан дүйнөсүн, аң сезимин ойготкон ураан, ар бирибиздин көкүрөгүбүзгө катылган тумар болуп калса деген ниет.

Сиздердин назарыңыздарга сунуш кылган макалада көрөсөн көсөм жөнүндө тереңирээк көз караш маалымдоо албетте мүмкүн эмес. Албетте, ал ой, максат, көз караш, ниетибиз канчалык деңгээлде жүзөгө ашты, ага өзүңүздөр калыс карап, таразалап аларсыздар деген пикирдебиз. Даанышман уулубуздун келерки 2010-жылы 110 жылдыгы. Ал канчалык деңгээлде белгиленерин алдын ала айтуу кыйын. Бирок, улут лидеринин 100 жылдык мааракеси да 2010-жылга дал келип, убактылуу Өкмөт алапайын таппай турган чакта журт күткөн деңгээлде белгиленбей калганы да өкүнүчтүү. Ошентсе да республикалык Исхак Раззаков Фонду алы келген аракеттерди жүзөгө ашырып келет. Өлкө жетекчилигне ырахмат. Кеч болсо да анын эбегейсиз эмгеги эске алынып, “Кыргыз республикасынын Баатыры” наамын беришти. Чыгармачыл атуул Алим Токторов документалдуу даректүү тасма тартып, элге сунуштады. Бул чоң эмгек экенин белгилеп кетүүгө болот. Атаганат эгер ушул кино өзбек тилине которулуп, өзбек калкына көрсөтүлгөндө кандай баага татыр эле деген илгери үмүт жаралат. Анткени, өзбек журту азыркы күнгө чейин “Исхакжандын жасап кеткен иштери!” дешип сыймык менен айтып келишкенин ким четке кагат.

Кадыр Калилов, Иноват Ниматова

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *