Коронавирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы айтылды

Бүгүн, 20-апрелге карата өлкөдө коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 568 адамга жетти. Алардын ичинен 15 жашка чейинки балдардын саны 58 адамды түзөт. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Таажывирус илдети менен жабыркагандардын жаш курагы:

– 0 жаштан 15 жашка чейин – 58 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар);

– 16 жаштан 19 жашка чейин – 15 адам;

– 20 жаштан 35 жашка чейин – 145 адам;

– 36 жаштан 55 жашка чейин – 214 адам;

– 56 жаштан өйдө – 136 адам.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *