Коронавирус: Кыргызстанда кафе-ресторандарга да чектөө киргизилди

Кыргызстанга коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын-алуу боюнча республикалык штаб бүгүндөн баштап 50дөн ашык орундугу бар кафе-ресторандарга да чектөө киргизди. Мындан ары кафе-ресторандарда үй-бүлөлүк жана жамааттык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынат. Чектөө азырынча 3 жумага киргизилип жатат. Бирок кафе-ресторандар телефон менен заказ алып, тамак-ашты кардарлардын үйүнө жеткирип берүү кызматын аткара берсе болот. Бул тууралу бүгүн, 17-мартта коронавируска каршы көрүлүп жаткан өкмөттүк чаралар боюнча брифингде КР өкмөтүнүн вице-премьери Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Бул деген кыргызча айтканда той-аштарды  өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу дегендик.

Булак: KyrgyzToday.kg          

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *