Коронавируска чалдыккан 1216 адам өлкөнүн кайсы аймактарында катталгандары айтылды

Бүгүн, 18-майга карата Кыргызстанда дагы 78 адамдан коронавирус табылды. Ошентип, Кыргызстанда жалпысынан 1216 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталган. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб ооруга чалдыккан бейтаптар кайсы региондо катталгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу боюнча жалпысынан 528 адам илдетке чалдыккан:

Бишкек шаары – 310,

Москва району – 12,

Аламүдүн району – 37,

Сокулук району – 32,

Токмок шаары – 3,

Чүй району – 2,

Жайыл району – 4,

Кемин району – 7,

Ысык-Ата району – 6,

Панфилов району – 1,

Соль-Илецкиден келгендер – 101,

Санк-Петербургдан келгендер – 13.

Жалал-Абад облусу жалпысынан 154 адам:

Жалал-Абад шаары – 9,

Сузак району – 86,

Ала-Бука району – 15,

Аксы району – 2,

Кара-Көл шаары – 1,

Майлуу-Суу – 2,

Тогуз-Торо району – 4,

Чаткал району – 35.

Ош облусунан жалпы 313 адам:

Ош шаары – 124,

Өзгөн району – 22,

Кара-Суу району – 44,

Ноокат району – 117,

Чоң-Алай району –5,

Алай району – 1.

Ысык-Көл облусунан 13 адам:

Каракол шаары – 7,

Түп району – 2,

Ак-Суу району – 1,

Балыкчы шаары – 1,

Жети-Өгүз району – 2.

Баткен облусунан 25 адам:

Баткен району – 4,

Кызыл-Кыя шаары – 7,

Кадамжай району – 8,

Лейлек району – 6.

Нарын облусунда жалпысынан 183 адам:

Нарын шаары – 75,

Нарын району – 4,

Ат-Башы району – 77,

Кочкор району – 3,

Жумгал району – 14,

Ак-Талаа – 10.

Ал эми Талас облусунда коронавирустун бир дагы учуру катталган эмес.

Катталган 1216 учурдун ичинен 827 адам оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми 14 бейтап оорудан улам каза болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *