Коронавирустун негизги белгилери жана алдын алуу жолдору

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз оору чыккан. Адистер бул оору коронавирустун жаңы түрү экенин белгилешкен. Маалым болгондой, коронавирустар – негизинен жаныбарларда оору пайда кылуучу вирустардын тобу, бирок кээ бир учурда алар адамдарга жугушу мүмкүн. Көп учурда коронавирус пайда кылган оорулар жеңил формада өтөт. Дарыгерлер коронавирустун белгилери байкалса сөзсүз түрдө ооруканага кайрылууну сунуштайт, ошондой эле гигиенаны сактоого чакырат.

Коронаривустун негизги белгилери:

• дене табынын көтөрүлүшү;

• кургак жөтөл;

• энтигүү;

• көкүрөктүн кысылуусу;

Сейрек кездешүүчү белгилери:

• баш оору;

• кан кузуу;

• ич өтүү;

• жүрөк айлануу, кузуу;

• жүрөктүн тез-тез согушу.

Оорунун күчөп кетиши:

• синусит (мурундун кошумча коңулдарынын сезгениши);

• пневмония (өпкөнүн сезгениши);

• бронхит (дем алуу органдарынын көп учураган оорусу);

• өпкө шишиги;

• йпсис (кандын бузулушу);

• Дем алуунун начарлашы.

Адистер менен дарыгерлер жугуштуу оорулар, ошондой эле коронавирустун алдын алуудагы эң башкы курал — гигиенаны туура сактоо экенин белгилешет.

Алдын алуу жолдору:

—Колду дезинфекциялоочу каражаттар же самын менен жуу;

—Бетиңизди колуңуз менен кармабоо;

—Колдонгон буюмдарды дезинфекциялоочу каражаттар менен дайыма сүртүп туруу (клавиатура, компьютер, телефондун бетин ж.б!);

—Жөтөлүү, чүчкүрүү гигиеналарын сактоо (бет аарчы колдонуу жана чүчкүргөндө, жөтөлгөндө чыканакты бүгүп, оозду жабуу зарыл);

—Эл көп жерлерден сак болуу (аэропорт, коомдук унаа);

—Жаныңызга дайыма дезинфекциялоочу каражат алып жүрүү (кандай кырдаал болбосун колдуу тазалоого);

—Балдарыңызга колду, бетти жууп туруу керектигин айтып берүү;

—Тамактануунун алдында сөзсүз түрдө колду жуу;

—Мекеменин, үйдүн ичин бат-баттан желдетип туруу.

Коронавирус кантип тарайт?

Башка респиратордук вирустар сымал эле, коронавирус дагы ооруну жуктуруп алган адамдын дем алуу жолдорунан жөтөлгөндө, чүчкүргөндө чыккан бөлүкчөлөр аба аркылуу тарайт. Сейрек учурда ал адамдар жалпы колдонгон кир буюмдарды кармаганда жугат, мисалы каалганын туткасын кармап, андан соң кир колдору менен оозун, көзүн, мурдун кармалаганда.

Коронавирусту жуктуруп албаш үчүн эмне кылуу керек?

Вирустук инфекциялардан өзүңдү коргоонун эң биринчи ыкмасы – бул колуңдун, колдонгон буюмдарыңдын жана чөйрөңдүн тазалыгын сактоо.

Үй карантинде кайсы эрежелерди сактоо керек?

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги үй карантининде кайсы эрежелерди сактоо керек экенин түшүндүрдү.

Сунуштар:

• карантин бөлмөсүнө кирген адамдардын санын кыскартуу;

• үйгө башка адамдар келбеши керек;

• бардык үй-бүлөтмүчөлөрү колун жууп турушу керек;

• ашкана, даараткана сыяктуу жерлер жакшы желдетилиши керек;

• карантин бөлмөсүнө кирип жатканда ооз жана мурунду жапкан медициналык беткап кийүү зарыл. Эгер беткап нымдашып, кирдеп калса аны жаңысына алмаштыруу керек. Ал эми беткапты чечип жатканда алдыңкы бетин кармабай, андан кийин колду жуу абзел.

• карантиндеги адам менен байланышта болсоңуз, карантин бөлмөсүнө кирсеңиз колкап колдонунуз;

• карантин бөлмөсүн күн сайын тазалап, дезинфекциялоо керек;

• карантинге алынган адамдын бардык кийимдерин өзүнчө баштыкка салып, аны кир жуучу каражаттар менен жуу керек;

• карантинге алынган адам колдонгон буюмдарды (тиш щеткасы, тамеки, идиш-аяк, сүлгү, шейшеп жана башкалар) колдонбоо керек. Идиш-аякты ага арналган каражат менен жуу зарыл.

Коронавирус акча аркылуу жугары аныкталды

Адистер көчөдө же коомдук жайларда жүргөн маалда бети-башты кармалай бербеш керектигин айтышты. Ошондой эле сырттан келгенде смартфонду антисептикалык каражаттар менен тазалап алуу сунушталат.

Коронавирус накталай акча аркылуу жугушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамаларына таянып Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) маалымдады.

«Уюмдун билдиргенине караганда, коронавирус кагазда 3-4 күн, желим буюм-тайымда тогуз күнгө чейин жашайт. Андыктан банк картасы аркылуу төлөм жүргүзгөндө пин-кодду терип жатып этият болуу керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус боюнча акыркы маалыматтарга токтолсок, дүйнө жүзүндө жуктургандардын саны 169 385 болду. Алардын ичинен 6 513 киши каза таап, 77 257 киши сакайып кетти.

Вирус менен күрөшүүгө жардам берген азыктар

Испаниянын медиктери кара моюл (черника — ред.) менен сарымсакты көбүрөөк колдонуу иммунитетти көтөрүүгө жардам берерин айтышты.

Маалыматка ылайык, бактерия, вирус менен жакшы күрөшкөн азыктардын алдыңкы сабында сарымсак турат. Е витаминине бай бадам да иммундук системаны жакшыртат. Кара моюл болсо дем алуу органдарын коргойт.

Мындан сырткары, дарыгерлер тооктун же үндүктүн шорпосун көп ичүүнү сунушташты. Таттуу картошкада (батат — ред.) бета-каротин витамини болсо, брокколи витамин, минерал, клечаткага бай.

Тизмеде козу карын, кара шоколад, цитрус, анар, киви, шпинат бар. Деңиз жана дан азыктары да витаминдүү келет.

Иммунитетти бекемдөөгө имбирь жана куркума жардам берет. Суусундуктардан кефир менен көк чай миңдин бири экени айтылды.

Коронавирус күн ысыгында жоголот деген божомол жокко чыгарылды

Күндүн жылышы менен коронавирус жоголот деген божомолдор анчалык негиздүү эмес. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине Россиянын Илимдер академиясынын кызматкери, медицина илимдеринин доктору Борис Ревич билдирди.

«Абанын температурасы канчалык көтөрүлгөн сайын коронавирус ошончолук алсызданат деген ишеним пайда болууда. Бирок бул жөн гана айрымдардын фантазиясы. Ойлоп көрсөңөр, вирус кышкысын 10 градус жылуу болгон Ухань шаарынан келди», — деди илимпоз.

Анын айтымында, азыр вирус кайдан келип чыгып, алгач кимге жукканы тууралуу маалыматтар дагы деле акырына чейин иликтенип бүтө элек. Андыктан анын кандай учурда, кантип жок болорун дагы эч ким билбейт.

Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган.

Андан бери Борбор Азиянын ичинен Казакстан менен Өзбекстанда бул вирусту жуктуруп алгандар аныкталды. Азырынча Кыргызстанда коронавирус жок.

Коронавируска каршы дары табылдыбы?

Нидерландынын «Еrasmus» медицина борбору менен Утрехт университетинин окумуштуулары коронавирус оорусуна каршы антитело табылды деп эсептеп жатышат. Бул тууралуу 14-мартта «NOS» басылмасы жазды.

Профессор Франк Гросвельдин айтымында, бул — инфекцияны токтото турган биринчи антитело. «Бул сатыкка чыгып, дары катары колдонулушу мүмкүн», – деди ал.

Макалада антителаны адамдарга колдонуп, байкап көрүү керектиги айтылат. Буга бир ай убакыт керектелет. Ошондой эле изилдөөгө башка окумуштуулар тарабынан баа бериле элек. Эгерде алар жактырышса, изилдөө иши жарыяланат.

Изилдөөнүн жетекчиси Беренд-Ян Бош (Утрехт университети); «Бул көп нерсеге сөз берген биринчи кадам. Бирок азырынча жетиштүү эффективдүүлүк тууралуу айтуу эртерээк. Изилдөө белгилүү илимий журналда каралып жатат. Макала кабыл алынгандан кийин кошумча пикирлер болушу мүмкүн», – деген.

Окумуштуу Гросвельд антитело вирустун жугушун токтото турганын айткан. Ал СОVID-19 коронавирусуна каршы дары даярдоодо колдонулушу мүмкүн. Ошол эле учурда изилдөөчүлөр фармацевтикалык компанияларды дары-дармектерди көп өлчөмдө өндүрүүгө чакырып жатышат. Алар бул каражатты бейтап кабыл алса, инфекция токтойт деген пикирде.

Сайкал Илиасова

Булак: “Мантыш”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *