Коррупция тууралуу билдирсең, ошол акчанын 30%ы сеники болот

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети коррупциялык кылмыш тууралуу билдирген адамдарды сыйлоого жана укугун коргоого багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул мыйзамдын демилгечиси ЖК депутаты Аида Салянованын айтымында, эгерде жаран кандайдыр бир коррупциялык иш тууралуу укук коргоо органдарына маалымат берсе, дал ошол кеп болуп жаткан сумманын 30%ы маалымат билдирген адамга сыйлык катары берилет. Аны менен катар ал адам 3 жылга чейин жумушунан бошотулбайт.
“Бул мыйзам долбоору мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик үлүшү бар ишканалар менен уюмдардын ичиндеги мыйзамсыз иши жөнүндөгү маалыматты билдирген адамдарды коргоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Анын башкы милдети жарандарды коррупциялык укук бузуулардын бетин ачууга, коррупцияга каршы аракеттерге жигердүү катышууга шыктандыруу, мыйзам чегиндеги жүрүм-турумду калыптандыруу болуп саналат”, – дейт депутат.

Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

Рыскелди МОМБЕКОВ, ЖК депутаты: “Коррупция менен күрөшүүдө саясий эрк күчтүү, талап катуу болушу керек”
–Эгерде коррупция менен күрөшүү боюнча ушул демилгеден жыйынтык чыгара турган болсо, мен коррупция менен күрөшүү боюнча кабыл алынып жаткан мыйзамдардын барын колдойм. Тилекке каршы, ал мыйзамдар иштебей атпайбы. Мисалы, коррупция менен күрөш жүргүзгөн башкы прокуратуранын эң башкы тергөө бөлүмүнүн башкармасы 200 миң доллар менен колго түшүп атса. Бул коррупция боюнча күрөштүн токтоп калганынан же алар бир чоң тоскоолдукка дуушар болгонунан кабар берет. Экинчиден, сот реформасы боюнча сот иштерин жүргүзгөн киши бүгүн өзү сотто акыйкат издеп отурат. Сот адилеттүүлүгү, коррупция боюнча күрөштү өркүндөтүүгө канча деген мыйзамдарды кабыл алганыбыз менен алар өзүнүн натыйжасын бербей жатпайбы. Ошондуктан бул мыйзам да коррупция менен күрөшүүгө жардам берерине көп ишене бербейм. Коррупция менен күрөшүүдө саясий эрк күчтүү, талап катуу болушу керек. Коррупция менен күрөшкөн адамдардын кызматында тактыгы, жүрөгүнүн актыгы керек. Ошого жеткенде гана коррупция менен чыныгы күрөш башталат. А мыйзамдарды кабыл алып эле келатабыз. Тилекке каршы, коррупциядан жеңилүүгө эле дуушар болуп жатабыз.

Мирлан БАКИРОВ, ЖК депутаты: “Коомчулук коррупция менен күрөшүүгө жардам берсе, бул жакшы көрүнүш”

–Биринчиден, Аида Жеңишбековна өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын пайдаланып мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал киши убагында Башкы прокурор болуп иштеген. Ал жерде кандай коррупциялык схемалар, элементтер  тууралуу маалыматы кенен болуш керек. Бул мыйзамдын чыгышына ошол түрткү болду го. Дегеле мыйзамдын максаты колдоого алаарлык. Эгерде тигил же бул жаран коррупциялык иштер боюнча кандайдыр бир маалымат берип, ошол маалыматтын негизинде коррупциялык иштер далилденген болсо, бул мыйзам иштейт деп ойлойм. Жок, кандайдыр бир имиш, көрө албастыктын айынан кимдир бирөөнү каралоо болсо, албетте, бул жакшы көрүнүш эмес. Мындай учурда маалымат берген тарап да кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик тартышы керек. Мыйзамдардын оң жана терс жактары болушу мүмкүн. Ошондуктан бул долбоорду талкуулап, механизмин жакшылап иштеп чыккандан кийин гана бир чечимге келебиз деп ойлойм. Коомчулук коррупциялык маселелер менен күрөшүүгө жардам берсе, албетте, бул жакшы көрүнүш.

Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу: “Мыйзам долбоорунун идеясы өтө жакшы”
— Биринчиден, бул мыйзам коррупциялык схемадагы аракеттенүүнү ооздуктайт. Бүгүн Кыргызстанда коррупционерлердин бары жардамчысы, кеңешчиси же шоопуру аркылуу иш алып барууда. Эгер чиновник коррупциялык иштерге шектелсе, анда анын жардамчысын же шоопурун ага каршы көрсөтмө бердирип алса, ал схеманын барын ачып берет. Ошону менен жардамчы эмес, министр камалып кетиши мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда, бул мыйзам менен саясий оппоненттерди да жаманатты кылып коюуга мүмкүн. Андыктан мыйзамды өтө кылдат жазыш керек. Бул мыйзам бийликтеги партияга ыңгайлуу позицияны камсыз кылат. Башка партиялардан дайындалган министрлерди, чиновниктерди мыйзамдын жардамы менен жаманатты кылууга аракеттер болушу мүмкүн. Бирок мыйзам долбоорунун идеясы өтө жакшы. Муну кабыл алыш керек деп ойлойм.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, ЖК депутаты: “Аты жакшы болгону менен заты популисттик мыйзам болуп калышы мүмкүн”
–Бул мыйзамдын иштеп кетишине шегим бар. Анткени коррупциялык махинациялардын бетин ачуу күч органдары тарабынан корголот да. Биринчиден, коррупциялык иштер боюнча айтсак, куугунтукка кабылып калышыбыз ыктымал деп айтышпайт. Экинчиден, акчаны ким берет? Мыйзам долбоорунда коррупциянын бети ачылып, андан түшкөн каражаттан берилет деп айтылып атат. Мунун аты жакшы болгону менен, заты популисттик мыйзам болуп калышы мүмкүн. Мисалы, бирөөнүн жазган арызынын негизинде иш козголбой калса эмне болот? Мындай учурда элде да нааразычылыктар пайда болот да.

Надира НАРМАТОВА, экс-депутат: “Шантаж кыла башташат”
–Мындай мыйзамдын кереги жок. Анда коррупционер менен укук коргоо адамдарынын ортосунда конкуренция болуп, ортодо жүргөн адамдар түрдүү шантаждарды уюштурушу мүмкүн. Ортомчу жалдабай эле андай иштерди укук коргоо органдары өздөрү эле ачса болот. Республикалык бюджеттин эсебинен айлык алган ишканалардын дээрлик бардыгында коррупция бар. Кызматкерлер кантип пайда таап, кошумча каражатты кайдан алсам экен деп ойлонушат же жалганбы? Коррупцияны текшерген адамдар өздөрү акча алып, коррупциялык ишти жашырып-жаап жатса эмне дейбиз? Андыктан муну жөн гана популисттик деңгээлде сунуш кылынган мыйзам катары эсептеймин.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Булак: ПолитКлиника

1 ой-пикир

  • Абдыкерим says:

    Жымсалдабай эле кезектеги кондойлук десе болот. Шайлоо комиссиясында иштеген адам алты ай кызматынан алынбайт экенин угуп кезинде бир тан калган элем. Жок дегенде чектесенер боло, Эмгек Кодексинин балан статьясынын балан, тукун пункту негиз болуп жумуштан алынбайт деп. Анткен менен ал кодексте оз арызы менен бошогондон, кыскартуудан башкасы баары олуттуу кемчиликтер же кылмыш орун алган шарттар каралган. Кылмышка же олуттуу кемчиликке коз жума албайбыз. Ошондо уч жылга чейин оз арызы менен бошой албайт же банкрот болмоктон балээ болсо да ишкана жумуш ордун кыскартпайт деп коёсунарбы? Арпачиев же Нарымбаев сыяктуу 100 мин $ пара сураган билдирууну берген жаранга 30 мин $ мамлекет толоп береби? Анан калса маалыматтын баалуулугун кантебиз? Учкай маалыматты бироо берсе, тергоочу аны далилдоого жыл короткон эмгек менен жетишсе, ал кимдин эмгеги болуп калат?

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *