Коррупция жыттана түштү!

Өткөн жумада КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын Президенти Абдыганы Эркебаев өз арызын ачыкка чыгарып, кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетип жатканын жар салды. Бирок, Окумуштуулар кеңеши бул арызды жана Президенттин отчетун кароону артка жылдырып, азырынча Президент отчету жок, ордун бошотту.

Бүгүн биз Абдыганы мырзанын Академияда кандай иштерди аткарды, 2011-жылы башталган илимий мекемени реформалоо жараянын ишке ашыра алдыбы-жокпу деген суроого эмес, Академиянын чарбалык иштериндеги бүйүр кызыткан айрым фактылар тууралуу сөз кылабыз. Анткени,  редакциябызга баш баккан Академиянын мурдагы кызматкерлери өлкө  жетекчилигинен тартып, парламентке,  укук коргоо органдарына, Коопсуздук кеңешине жана коомчулукка карата кайрылууну жарыкка чыгарууну өтүнүп кетишти. А дегенде Презиенттин дарегине жолдонгон катты өзгөртүүсүз жарыя кылалы (Кат А. Эркебаев арызын жазган, бирок, кызматынан алына элек маалда жазылган):

 КРнын Президенти

А.Ш.Атамбаевге

Кайрылуу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Биз Сизге КРнын Конституциясынын кепили катары кайрылып, коррупциялык кадамдарга барып жаткан КРнын УИАсынын жетекчилери А. Эркебаев менен Ч.И, Арабаевдердин  мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз бөлүштүрүп жатканына чындап чара көрүүнү жана КРнын прокуратурасынын аракеттерине укуктук баа берүүңүздү суранабыз.

Биз  КРнын УИАсынын чарбалык-эсептик ишканаларынын: Кара-ОЙ айылындагы “Илим” балдар ден соолукту чыңдоо комплексинин, “Илимдер Академиясы” эс алуу үйүнү жана Бишкек шаарындагы транспорттук-экспедициондук ишканасынын(АТЭП)  директорлору, УИАнын мурдагы башчыларынын учурунда ишке тартылып, мекеменин 50-60-жылдары кырылган эски, абалы начар ишканаларын заманбап кылып оңдоп-түздөп, инвестиция жумшагандарбыз.

А. Эркебаевдин келиши менен биз, анын жеке суранычын аткарып, өзүбүздүн мекемелерде оңдоп-түзөө иштерин аткарып, сырттан акчалай каражаттарды тартып, жыл сайын УИАнын 500дөн  ашуун кызматкерин суткасына болгону 350 сомдон тейлеп, эс алдырып, ошондой эле 2010-жылдагы апрель окуясынын, Ош-Жалалабад окуяларынын жабырлануучуларынын 400дөн ашуун балдарын, билим берүү тармагынын өкүлдөрүн, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарын Ысык-Көлгө эс алдырып, ошол эле убакта биз келгендеги олчойгон карызы бар бул ишканаларды киреше табуучу ишканалардын катарына кошконбуз.

Бирок, биздин жеке салымдарыбыз жана аракеттерибиз менен илимий тармактагы дээрлик банкроттук ишканалар мыкты дэңгээлге чыгып иштей баштаган маалда, 2014-жылы А. Эркебаев менен Ч. Арабаев тарабынан иштелип чыккан жасалма УИАнын Президиумунун  протоколу менен, тагыраагы,  1 млн. АКШ долларынан ашуун инвестициялык каржылоолор керексиз жана пайдасыз деп табылып, бизди кызматтан мыйзамсыз четтетишти.

2013-жылдын апрелинде УИАнын жетекчси А. Эркебаев  тарабынан мыйзамсыз дирекция түзүлүп, мекеменин баардык чарбалык бөлүгүн башкаруу ошол дирекцияга берилди жана ага Бакиев Зулкайнар(Курманбек Бакиевдин жакын тууганы) дайындалды. Бул боюнча, ИИМдин Кылмыш Иликтөө Башкармалыгы тарабынан кылмыш иши ачылып, кийин, белгисиз себептер менен токтотулганы маалым. З. Бакиев болсо өзүнүн мурдагы фамилиясын өзгөртүү менен Тажибай Зулкайнар болуп чыга келди, болбосо, ал 2010-жылы 7-апрелинде Убактылуу өкмөттүн №1 Декретинин 97-А буйругу менен Бишкек ЭЭАнсынан кызматынан кеткен, бакиевдик бийликтин бакыйган өкүлү болчу.

Бирок, биз УИАнын Президиумунун жасалма протоколунун негизинде  мыйзамсыз кызматтан алуулар боюнча сотко кайрылып, жалпысынан 17 жолку сотто жеңип чыгып, өз кызматыбызга кайрадан отурууга укук алдык. Анткен менен, Академиянын башчылары А. Эркебаев менен Ч. Арабаев сот чечимдерин аткарбай, бизди жумуш ордубузга бекитпей,  улам-улам ойдон чыгарылган арыздарды укук коргоо органдарына жолдоп келишет. Азыркы учурда биздин үстүбүздөн козголгон негиссиз иштер райондук соттордо каралып, эч кандай укуктук негизи жок болсо да кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына жараша создуктурулуп келе жатат. Анткени, соттор менен прокуратурага Акдемиянын жетекчилиги тарабынан кийлигишүү болуп жатканы айдан ачык.

Албетте, бул жагымсыз процедуралар биздин мамлекеттик ишканаларга терс таасирин тийгизип, учурда өз деңгээлинде иштей турган чарбалар артка кетүүдө. Ушуга байланыштуу бул аракеттер КРнын УИАсын ишканаларын  атайылап жасалма банкротко учуратууга баратабы деген ой айласыздан пайда болууда.

Айталы, биз мыйзамсыз кызматтан алынгандан бери “Илим” балдар эс алуу борбору кайрадан артка кетип, мамлекеттин алдында карызы 1 млн. сомго жетсе, а “Илимдер академиясы”  эс алуу үйүнүн карыздары 500 000 сомдон ашканы маалым. Мындан тышкары, Академия жетекчилигин сот чечимдерин аткарбай, бизди кызматыбызга кайрадан бекитпей жаткан мыйзамсыз аракеттерине үч жылдан ашуун убакыт өтүүдө. Биз бир канча жолу ооз эки жана жазуу түрүндө Академиянын жетекчилигине, Чолпон-Ата шаарынын ШИИБси менен прокуратурасына кайрылып, бизден кийинки ишкана жетекчилеринин пансионаттардын мүлкүн талап-тоноп, менчиктеп жатканы боюнча фото-видеолор менен коштолгон конкреттүү фактыларды  көрсөттүк, тилекке каршы эч кандай жоопторду албадык, аракеттерди жасаганын көрө албадык.

Тескерисинче, акыркы үч жылдын ичинде Академиянын айланасында жүрүп жаткан иштер биздин жетекчиликтин коррупциялык иштер менен алектенип жаткандыгы тууралуу шегибизди ого бетер бышыктап, чындап эле бүгүн эл ишенген, калк ичинде кадыры бар, окумуштуулар өтө ыплас схеманы ишке салып жатабы деген чоң суроону пайда кылууда.

-Бирнчиден, биздеги маалыматтарга ылайык,  Бишкек шаарынын Медеров 100 дарегинде жайгашкан Академиянын автотранспорттук-экспедициондук ишканасын(АТЭП) А. Эркебаев менен Ч. Арабаев жоюп, менчиктештирүүгө аракет кылышууда. (КРнын УИА тууралуу мыйзамынын 18-беренесине каршы келет). Анткени, кызык жери, бул мекеменин мыйзамдык ээлик кылуучу документтери  алиги учурга чейин жок. Биздин жазуу түрүндөгү сурообузга  Мам.каттоо кызматы маалымкат түрүндө жооп кылып, анда,  1998-жылы бул даректеги жер үлүшү “Фунг-Сой” ЖЧКсына катталгандыгын, ага ал кездеги Адилет министри, азыркы А. Эркебаевдин орун басары Ч. Арабаевдин колу коюлгандыгын билдиришти.  Ал эми биздин жеке иликтөөбүзгө ылайык “Фунг-Сой” ишканасы учурда аты-жыты жок, көрсөтүлгөн дарегинде да да эч катталбаганы анык болду. Демек, ушунча жылдан бери Академия өзүнө таандык ишкананын жер үлүшүн мыйзамдуу түрдө өзүнө каттатууга кызыкдар болбогону, каттатууга аракет кылган күндөн тартып, бизди кызматтан алып, куугунтуктоонун арты шек жаратууда. Анткени, логикага таянсак, мындан бир канча жыл мурун кайсы бир жеке ишканага Академияга таандык жер үлүшүн каттап берген Ч. Арабаевдин бүгүн Академияда экинин бири болуп отурушу жана биздин куугунтукка алышы жөн эле дал келүүчүлүк эместей…

Экинчиден, биз бир канча жолу ардактуу А. Эркебаевге кайрылып, “Илимдер Академиясы”  эс алуу үйүнүн  аймагындагы 3 гектар жерди жеке тарап же Мырзакан Акымбеков аттуу жаран ээлеп алууга аракет кылып жатканын билдиргенбиз. Бирок, Академия президентинин аракет көрбөгөнүнөн улам, райондук соттун чечими менен 3 гектар жерди менчиктештирип алганы учурда маалым болду.  Бул жерде да өкүнүчтүүсү,  А. Эркебаевдин суранычы менен биз эс алуу үйүнүн аймагына сырттан инвестиция тартып, жалпысынан 950 000 АКШ долларына  10 даана заманбап үйдөн турган шаарчасын  курган соң,  20 гектарга чукул жердин ичинен, дал ошол заманбап эс алуу үйлөрү салынган жерди М. Акымбековдун колунда бир барак картасы, мыйзамдуу бекитилген чиймеси жок туруп, талашып жаткандыгы чындап эле Академия жетекчилиги менен анын ортосунда “жашыруун макулдашуу” бардыгын айтып турган жокпу?

Ушул акыйкатсыздык жана мыйзамсыздык менен коштолгон фактылардан улам биз Сизден Улуттук Илимдер Академиясынын жетекчилери Абдыганы Эркебаев менен Чолпонкул Арабаев жана башка тийиштүү кызмат адамдарына мыйзам чегинде чара көрүүнү, мамлекеттин мүлкүн коргоп калууну Суранабыз.

Урматтоо менен,  . Ш. Турсунбаев, М.К. Касымалиев, Н. Ш. Турсунбаев.

Кыстырма!

Кайрылунууну аягында биз болгону эки орчундуу маселени гана эске салып койсок туура болгудай.

Биринчиден, аз убакыттын ичинде өз демилгелери менен сырттан каражат тартып, инвестиция тартуудан сырткары 10 млн. сомго чейин каражат салып, эски, жерпайы, сөлөкөтүнөн башка сүлдөрү калбаган Илимдер Академиясынын эс алуучу жайларын заманбап пансионаттарга айлантып, карыздарын жаап, киреше түшүргөн мекенчил жигиттер эмне үчүн мыйзамсыз куугунтукка кабылып, адилетсиздикке тушугушу керек? Ички инвесторлорго ушинтип, акыл-эстүү деген, аксакал аты бар адамдар терс мамиле жасап жатса, калганы кайда барат?

Экинчиси, эгер кайрылуудагы фактылардын чындыгы аныкталса, Бишкектин борборундагы баасы 2 млн.  долларга чапчыган 80 сотых жер менен Көл боюндагы курулушуна эле 1 млн. долларга чукул каражат кеткен керемет коттедж шаарчаны ууруларга алдырбай, сактап калуубуз керек го? Же, мамлекетти эбин тапкандар ушинтип эле көз көрүнөө тоной берсе мейлиби?!

Даярдаган Тынчтык Алтымышев

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *