Коррупциядан которулган миллиондор

Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар топтолчу атайын эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган болчу. Буга чейин атайын кызматтар миллиондогон акчалар ар кандай коррупциялык иштерден улам атайын эсепке которулуп жатканын айтышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да Каржы министрлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине 11 млн. сом которгонун айтышты. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган комитеттин коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 283 млн. 535 миң 391 сомду түзгөн.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *