Коррупцияга каршы митинг. Президент кимди тандайт: элдиби же…?

5-март – Ак калпак күнүндө Кыргызстанда соттордун кесиптик майрамы да белгиленди. Президент адаттагыдай эле фемида өкүлдөрүн куттуктап, алардын чечиминин артында адам тагдыры жаткандыгын эскертип, гумандуу болууга үндөдү. Бирок бул учурда, эртең менен саат 10до алгач эски Ала-Тоо аянтындагы Жогорку соттун имаратынын алдында Р. Карасартова баштаган жарандык коомдун өкүлдөрү, карапайым эл коррупциялашкан сот системасына каршы акция өткөрүштү. Бул иш чаранын негизги максаты – президент С. Жээнбековдун 8-февралдагы Коопсуздук кеңешинде өлкөбүздөгү укук коргоо, сот, прокуратура жана башка көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча  саясый эркин колдоо болду.

Демек, биз билгенден Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эл, жарандык коом өкүлдөрү алгачкы ирет президентти колдоп саясый акцияга чыгып отурушат. Андыктан эл менен мамлекет башчы өтүшүп кеткен оорудай, керек болсо мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан коррупция менен коррупционерлерге каршы “согуш” баштады.

Алгач колдоруна “Коррупциялашкан соттор кетсин!”, “Долой коррумпированных судей!”, “Негизсиз камалгандар бошотулсун” деген ураандарды жазып, Жогорку соттун төрагасы А. Токбаева, УКМК төрагасы А. Сегизбаев, Башкы прокурор И. Жолдубаева сыяктуу жетекчилердин крест коюлган портреттерин жана Ө. Текебаев, С. Жапаров жана башкаларды бошотууну талап кылган саясый туткундардын сүрөтүн көтөргөн жүздөн ашык адамдар бир саат башкы соттун имаратынын алдында өздөрүнүн талабын айтып турушту. Акциянын катышуучулары экс-президент А. Атамбаевдин менчик судьясы катары таанылып калган Воронцова, Архарова, Эрнис Айбек уулу сыяктуу С. Жапаров, Ө. Текебаев, Д. Чотонов, А. Саляноваларды жана журналисттерди соттогон фемида өкүлдөрүн Жогорку соттун судьялыгына өткөрбөөнү президент С. Жээнбековдон талап кылышты.

Бирок бир саатка жакын өз талабын айткан акциянын катышуучуларына Жогорку соттон эч ким чыкпады. Анткен менен алардын ичкени ирим, жегени желим болуп, майрамдык маанайы бир топ эле бузулду окшойт. Белгилей кете турган жагдай, адатта ар кандай “Кетсин!” деген ураан астындагы саясый пикет, митингге катышкандар мурда акча үчүн келишсе, бул ирет аз болсо да  тээ Өзгөн, Нарын, Талас, кыскасы республикабыздын булуң-бурчунан соттордун адилетсиз чечиминен жабыр тартышкандар, ал тургай майыптар да өздөрү келишти. Ошол эле учурда Нарында да ушундай акция уюштурулуп, бир нече адамдар  ураандарды көтөрүп, облусттук бийликтин алдында көйгөйлөрүн айтышты. Ал эми ар кандай себептерден улам бул тынчтык акциясына катыша албагандар социалдык тармактар аркылуу уюштурулган онлайн берүүдөн пикирлерин билдирип, колдоп турушту.

Ошентип Жогорку соттон жооп болбогон соң, акциянын катышуучулары Ак үйдүн маңдайына жөө жүрүш жасашып, ал жерде да бир саатка чукул президент, парламент жана өкмөткө талаптарын айтышты. Бул учурда адилетсиз сот чечиминен жабыркаган карапайым адамдар гана эмес, жөн гана мамлекет башчынын коррупцияга каршы кадамын колдогондор келишип, сөз берилгендери микрофондон сүйлөп жатышты. Алардын катарын бир кезде “легендарлуу” демократ Т. Тургуналиев  толуктап, адатынча мындай жалындуу сөздөрүн айтты:  – Кыргызстан коррупциянын сормо сазына батып калган мамлекеттердин катарына кошулуп калбадыбы. Бул бизди дүйнө жүзүнө шерменде кыла турган көрүнүш. Кыргыз эли соңку 25 жылда эле үч жолу көтөрүлүп, үч ыңкылап жасадык. Кана эми, ошол ыңкылаптардын жеңиштери менен жемиштери? Ыңкылаптын жетишкендиктерин коррупционерлер жеп-жутуп алып жатышпайбы. Коррупцияга каршы күрөшкөнгө төбөсүнөн малынып, батып калгандар тоскоолдук кылып жатышат. Мына ошол коррупционерлер “мен да коррупция менен күрөшөм” деп президент Сооронбай Жээнбековду алаксытып жатышат. Коррупцияга каршы коррупционерлер күрөшчү беле? Биз жок эле дегенде коррупцияны 50%га кыскартып алсак, чоң жеңишке жетет элек. Кыргызстан бүгүнкү күндө коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинде 136-орунда экенбиз. Бул деген өлкөбүздүн баардык тармактары туташ коррупциялашып, сот, прокурор, мамлекеттик чиновниктер кекиртегинен эмес, башына чейин коррупциялашып калды дегенди билдирет. Деги эле коррупция бизде бүт денеге тарап, өтүшүп кеткен рактын метастазияга жетип калган деңгээлин элестетип турат .

Баарынан да Оштон атайын келип, соттордун акыйкатсыз чечиминен үй-жайынан ажырап, көчөдө калган бир эженин “Бизди ушундай абалга туш кылып, көчөдө калтыргандан көрө атып эле салгыла!” деген сөзү акчасы жок карапайым элдин укугу тебеленип, сот эле эмес, бүтүндөй мамлекеттен көңүлү үч көчкөн журттай калгандыгынын далили.

Бирок бул иш чараны КТРК жана мамлекеттик ММКлардан башка баардык маалымат каражаттары, социалдык тармактар түз да, кыйыр да ыкчам түрдө чагылдыргандыгына карабастан, президент, парламент жана өкмөттүн өкүлдөрүнүн бири да чыгып, кайрылуу катты алып коюшпады. Ошондуктан алар өздөрүнүн талаптары жазылган катты Ак үйдүн кат кабыл алуучу бөлүмүнө барып тапшырууга аргасыз болушту. Митингдин соңунда укук коргоо жана сот органдарындагы абалды жарандык көзөмөлгө алыш үчүн туруктуу иш алып бара турган коомдук кыймыл түзүү тууралуу сунуштар айтылып,  акциянын уюштуруучусу Р. Карасартованын:  “2010-жылы 7-апрелде ушул жерде биздин жигиттерибиз эмне үчүн окко учту эле?” деген суроону дайыма коюп келебиз. Быйыл да 7-апрелде көзү өтүп кеткен ошол балдарга куран окутуп, анан бийликтен алты жылдын ичинде эмне иштер жасалганы боюнча отчет талап кылабыз. Биз эми “мындан ары карай алты жыл ичинде иштер жасалат” дегенге макул эмеспиз. Коррупцияга каршы күрөш мына азыр башталууга тийиш. Саясий эрк болсо эле коррупцияга каршы күрөштү ыкчам жана натыйжалуу жүргүзсө болот. Биз жалпы республикалык кыймылга айланып, анан жарандык көзөмөлдү күчөтпөсөк болбой калды”, деген сөзүн угушкан соң тарап кетишти..

Андыктан президент бул аралыкта өзүнүн коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу саясый кадамын сүрөөгө алган жарандык коом менен элдин өкүлдөрүн такка отургандыгынын жүз күндүгүн шылтоолоп кабыл алып, сунуш, пикирлерин укса жана жүйөлүү, негиздүүлөрүн аткарып койсо, анда бүткүл эл тарабынан колдоого ээ болуп кетмек. Айтор азыр С. Жээнбеков элди же эски бийликтин коррупциянын символуна айланган чиновниктерин тандаган өткөөл мезгилде турат.

Эмилбек Момунов

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *